Word 2016 Негиздери: Текст кутучалары (Text Boxes)

Lesson 20: Текст кутучалары (Text Boxes)

/en/tr_ky-word-2016/-shapes/content/

Текст кутучалары

Текст кутучалары белгилүү текстке көңүл буруу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Ошондой эле тексти документтиңиздин айланасында жылдырууда керек болгондо пайдалуу болушу мүмкүн. Word текст кутучаларын менен тексттерди ар кандай стилдерде жана кубулуштарда форматтоого мүмкүндүк берет.

Кошумча: Биздин практикалык документти жүктөп алыңыз.

Word дө текст кутучалары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Текст кутучасын кыстаруу үчүн:

  1. Кыстаруу өтмөгүн тандап, андан кийин Текст тобунун Текст кутуча буйругун чыкылдатуу.
    Текст кутуча буйрукка чыкылдатуу
  2. Жайылма меню пайда болот. Текст Кутучасын Сүйрөөнү тандоо
    Текст кутучасы Сүйрөө чыкылдатуу
  3. Текст кутучасын түзүү үчүн документтин үстүнөн каалаган жагына сүйрөп чыкылдатыңыз.
    Текст кутучасын сүйрөө
  4. Текст кутучасынын ичинде кыстаруу чекити пайда болот. Текст кутучасынын ичине текстти түзүүгө терип жаза аласыз.
     Текст түзүү
  5. Эгер кааласаңыз, текстти тандап, андан кийин арипти, түсүн жана өлчөмүн Башкы бет өтмөктөрдөн жана Формат буйруктарды колдонуу менен өлчөмүн өзгөртө аласыз. Бул форматтоо буйруктарды колдонуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, биздин Текст форматтоо сабагын көрүңүз.
    Форматталган текст
  6. Сиздин документке кайтып келүү үчүн текст кутучасынан тышкары каалаган жерге чыкылдатыңыз.

Сиз ошондой эле алдын ала коюлган түстөрдү, тамгаларды, орундарын, ошондой эле алардын өлчөмдөрү камтылган текст кутучалардын бирин тандап аласыз. Эгер муну тандасаңыз, анда текст кутусу автоматтык түрдө пайда болот, ошондуктан, аны сүйрөөнүн кереги жок болот.

Кыналган текст кутусу

Текст кутучасын жылдырыш үчүн:

  1. Сиз жылдырууну каалаган текст кутучасын чыкылдатыңыз.
  2. Текст кутучасынын четтеринин биринин үстүнө курсорду алып келиңиз. Чычкан жебелер менен кайчылаштырууну өзгөртөт.
  3. Чыкылдатыңыз жана керектүү жерге текст кутучасын сүйрөңүз.
    Текст кутучасын жылдыруу

Текст кутучасынын өлчөмүн өзгөртүү:

  1. Сиз өлчөмүн үзгөртүүнү каалаган текст кутучасын чыкылдатыңыз.
  2. Чыкылдытыңыз жана керектүү өлчөмгө чейин текст кутучасынын бурчуна же капталдарына өлчөм туткаларын сүйрөңүз.
    Текст кутучасын өлчөмүн өзгөртүү

Текст кутучаларын өзгөртүү

Word текст кутучалары сиздин документте пайда болгудай кылып өзгөртүү үчүн бир нече ыкмаларды сунуш кылат. Сиз текст кутучаларына ар кандай кубулуштарды кошо аласыз же, формасын, стилин жана түсүн өзгөртө аласыз.

Форма стилди өзгөртүү үчүн:

Форма стилин тандоодо жана текст кутучасынын көрүнүшүн өзгөртүүдө алдын ала түстөрдү жана кубулуштарды тез өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.

  1. Өзгөртүүнү каалаган текст кутучасын тандаңыз.
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма стилдери тобундагы Көбүрөөк жайылма жебеге чыкылдатуу.
    Көбүрөөк жайылма Жебеге чыкылдатуу
  3. Стилдердин бир жайылма менюсу пайда болот. Сиз пайдаланууну каалаган стилди тандаңыз.
    Текст кутучасы стилин өзгөртүү
  4. Текст кутусу тандалган стилде пайда болот.
    Жаңы стили

Эгер сиз текст форматтоону көбүрөөк көзөмөлдөгүңүз келсе, анда, мисалы, Форма толтуруу жана Форма Схемасы аркылуу каалаган форматтоо параметрлерин колдоно аласыз. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин Формалар сабагын көрүңүз.

Текст кутучасынын формасын өзгөртүү үчүн:

Текст кутучасынын формасын өзгөртүү документте кызыктуу көрүнүш түзүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

  1. Өзгөртүү үчүн каалаган текст кутучасын тандаңыз. Формат өтмөгү пайда болот.
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма Кошуу буйругун чыкылдатуу.
    Форма Кошуу буйрукка чыкылдатуу
  3. Форманы Өзгөртүүнүн үстүнө курсорду алып келип, андан кийин пайда болгон менюдан каалаган форманы тандаңыз.
    Форманы тандоо
  4. Текст кутусу форма катары форматталып пайда болот.
    Текст кутусу форма катары форматталат

Чакырык!

  1. Биздин практикалык документти ачыңыз.
  2. Жөнөкөй Текст Кутучасын Кыстаруу.
  3. Текст кутучасына, кошумча 25%, алыңыз деп терип жазыңыз.
  4. Gadugi, 20-PT, Борбор тегиздөө, арип өзгөртүү.
  5. Жылдыздар жана Баннерлер тобунан Кош Толкун текст кутучасына форманы өзгөртүү.
  6. Күчөтүлгөн Эффект катары кайсы бир стилди тандап текст кутусунун стилин өзгөртүү.
  7. Азыр төмөндө келтирилген 1-орун үчүн текст кутучасын сүйрөп, 1 Акысыз + жана Форма кийүүнү алуу.
  8. Бүткөндөн кийин, сиздин документ ушул сыяктуу болушу керек:
    Тексткутусу Чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-aligning-objects/content/