Word 2016 Негиздери: Объектилерди тегиздөө, багыттоо, топтоо. (Aligning Objects)

Lesson 21: Объектилерди тегиздөө, багыттоо, топтоо. (Aligning Objects)

/en/tr_ky-word-2016/-text-boxes/content/

Объектилерди тегиздөө, багыттоо, топтоо.

Сиздин документтер, мисалы, сүрөттөр, формалар, жана текст кутучалары сыяктуу бир нече объектилерден турган учурлар болушу мүмкүн. Объектилерди каалагандай жол аркылуу уюштурсаңыз болот, мисалы, тегиздөө, топтоо, багыттоо, жана ар кандай жолдор менен айландыра аласыз.

Кошумча: Биздин практикалык документти жүктөп алыңыз.

Word дө объектилерди уюштуруу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Эки же андан көп объектилерин тегиздөө үчүн:

  1. Shift кармап (же Ctrl) баскычын басып, тегиздегиңиз келген объекттерди чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз оң жактан төрт форманы тандап алабыз.
    бир нече объектилерди тандоо
  2. Фрпмат өтмөгүнөн, тегиздөө буйрукту чыкылдатып андан кийин тегиздөө параметрлеринин бирин тандап алыңыз. Биздин мисалда, биз Оңго Тегиздөөнү тандап алабыз.
    оңго тегиздөө буйругун тандоо
  3. Объекттер тандалган параметр боюнча тегизделген болот. Биздин мисалда, формалар, азыр бири-бири менен тегизделген болот.
    тегизделген объектилер

Тегиздөө Тандалган объектилери орнотуусун барактын башка бөлүктөрүнө жылдырбай туруп объекттерди тегиздөөгө мүмкүндүк берет. Бирок, эгер сиз объектилерин беттин жогорку же төмөнкү жактарына жылдыргыңыз келсе, тегиздөө параметрин тандаардан мурун Баракты Тегиздөө же Барак Четин тегиздөө тандаңыз.

Объектилерди бир калыпта бөлүштүрүү:

Эгер сиз объектилерди катарда же тилкеде тегиздеген болсоңуз, анда аларды так көрүнүшү үчүн бири-биринен бирдей аралыкта болушу керек. Сиз туурасынан же тигинен обьекттерди таратуу менен кыла аласыз.

  1. Shift кармап (же Ctrl) баскычын басып, тараткыңыз келген объекттерди чыкылдатыңыз.
  2. Формат өтмөгүнөн, Тегиздөө буйрукту чыкылдатып, андан кийин Туурасынан Таратуу же Тигинен Таратуу тандайсыз.
    Тигинен Таратуу буйрук тандоо
  3. Объекттер бири-биринен бирдей аралык менен болот.
    тигинен бөлүштүрүү колдонуудан кийин объектилер

Объектилерин топтоо

Кээде бир нече объектилерди бир объектке топтогуңуз келет, алар чогуу калыш үчүн. Бул, адатта, өз-өзүнчө тандоого караганда оңой болот, жана ошол эле учурда бардык объектилердин өлчөмүн өзгөртүүгө жана жылдырууга түрткү берет.

Объектилерди топтоо үчүн :

  1. Shift кармап (же Ctrl) баскычын басып, топтоону каалаган объекттерди чыкылдатуу.
  2. Формат өтмөгүнөн Топтоо буйругун чыкылдатыңыз, андан кийин Топтоо тандаңыз.
    Топтоо буйрукту тандоо
  3. Тандалган объектилерди азыр топтоштурууга болот. Ошол эле учурда бардык объектилерди өлчөмүн өзгөртүү же жылдыруу үчүн бүткүл тобтун айланасында өлчөө туткалары менен бир куту болот.
    топтоштурулган объектилер

Объектилерди Топтобоо үчүн:

  1. Топтоштурулган объектти тандаңыз. Формат өтмөгүнөн, Топтоо буйрукка чыкылдатып жана Топтобону тандаңыз.
    Топтобо буйругун тандоо
  2. Объекттер топтолбогон болот.
    топтолбогон объектилер

Объекттерди буйрутмалоо

Объекттерди ылайыкташтыруудан тышкары, Word, силерге белгилүү бир тартипте объекттерди уюштурууга мүмкүндүк берет. Эки же андан көп объектилер кабатталып калса, объектилер алдында же артында турган аныктайт, ушул учурда буйрутма маанилүү.

Денгээлдерди түшүнүү үчүн

Объектилер ар түрдүү деңгээлдер ​​боюнча документке киргизилген тартип боюнча жайгаштырылат. Төмөндө көрсөтүлгөндөй, документтин башталышына толкундардын сүрөттүн жылдырсак, анда алар бир нече текст кутучаларын жаап калат. Сүрөт бийигирээк, же жогорку денгээлде болгону үчүн. Бирок, биз башка объекттерди артына коюп, анын деңгээлин өзгөртө алабыз.

беттеги башка объектилерин жаап калган объект

Объектинин деңгээлин өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз жылдырууну каалаган объектини тандаңыз. Биздин мисалда, биз толкундардын сүрөттүн тандап алабыз.
  2. Формат өтмөгүнөн, Алдыга түрүү, же Артка түрүү буйругун объектилердин иретин бир деңгээлде өзгөртүү үчүн чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз Артка түрүүнү тандап алабыз.
     Артка жөнөтүү тандоо
  3. Объекттерге алдын ала буйрук берилген. Биздин мисалда, сүрөт азыр сол жактагы текстин артында , бирок, ал дагы эле оң жактагы формаларды жаап жатат.
    кайра-буйрук объектиси
  4. Эгер сиз объектини бир нече объектилердин артына же алдына жылдыргыңыз келсе, адатта, башка буйрутма буйрукка бир нече жолу басып отуруунун ордуна Алдыгы Алып келүүнү же Артка Жиберүүнү колдонуу тезирээк болот.
     кайра Артка жөнөтүү тандоо
  5. Биздин мисалда, сүрөт-беттеги бардык нерсенин артына жылдырылып келет, ошондуктан, бардык башка текст жана формалар көрүнүп турат.
    объект артына жылдырылган

Эгер бири-биринин үстүнө жайгаштырылган бир нече объектилер бар болсо, анда өз алдынча объектти тандоо кыйын болушу мүмкүн. Тандоо панели, объектини ар кандай деңгээлдерге оңой сүйрөөгө мүмкүнчүлүк берет. Тандоо панелин көрүү үчүн, Формат өтмөгүндөгү Тандоо панелин чыкылдатыңыз.

Тандоо панелин ачуу

Объектти айландыруу же оодаруу үчүн:

Эгер объекти башка бир багытты карагандай кылып бир нерсеге буруу, зарыл болсо, солго же оңго айландыра аласыз, же туурасынан же тигинен аны оодарсаңыз болот.

  1. Объект каалагандай тандалып, Формат өтмөгүнөн Айландыруу буйрукка чыкылдатыңыз, андан кийин каалаган айландыруу параметрин тандаңыз. Биздин мисалда, биз Туурасынан Оодаруу тандап алабыз.
     объектини туурасынан оодаруу
  2. Объект айландырылып турат. Биздин мисалда, биз азыр мурда текст кутучаларынын артында жашырылган көбүктөрдү сол жактан көрө алабыз.
    оодарылган объект

Чакырык!

  1. Биздин практика лыкдокументти ачыңыз.
  2. 2-бетке чейин жылдырып жана беттин жогору жагындагы толкундардын сүрөттүн тандаңыз.
  3. Толкундарды тигинен оодарыңыз, Айландыруу буйругун колдонуп.
  4. Мартиника текст кутучасынын артындагы толкундарды жылдыруу үчүн, Артка буйругун жөнөтүүнү колдонуңуз.
  5. Бул толкундар сүрөтүн түбүнө жакын, ошондуктан Мартиника текст кутучасын жылдырыңыз.
  6. Толкундар сүрөт жана Мартиника текст кутусу мындан ары тандалып алынбашына ынанышыңыз керек. Shift баскычын басып кармап, андан кийин Тазалоо, Оңдоо, Тейлөө жана Калыбына келтирүүнү камтыган текст кутучаларды тандайбыз.
  7. Тегиздөө буйругун чыкылдатып жана Тегиздөө Тандалган объектилери параметрлерин тандоо керек.Оңго Тегиздөө жана Тигинен Таратууну тандоо
  8. Тандалган текст кутучалары менен топтоо керек топ.
  9. Бүткөндөн кийин, сиздин бет ушул сыяктуу болушу керек: Тегиздөө Буйрук Топтоо Чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-tables/content/