Word 2016 Негиздери: Тизмелер (Lists)

Lesson 9: Тизмелер (Lists)

/en/tr_ky-word-2016/-line-paragraph-spacing/content/

Тизмелер

Белгиленген жана саналган тизмелер документтерди уюштуруу, кээ бир нерселерди баса белгилөө үчүн жооп берет. Бул сабакта сиз, учурдагы белгилерди кантип өзгөртсө болоорун, жаңы белгиленген жана сандар жайгашкан тизмелерди түзүүнү, символдор белгилерин тандоону жана көп деңгээлдүү тизмелерди форматтоо болуп саналат.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Word'догу тизмелер жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Белгиленген тизме түзүү үчүн:

  1. Сиз тизме кылып форматтоочу текстти тандаңыз.
    Форматтоо үчүн текстти тандоо
  2. Башкы өтмөктөн, жайылма жебедеги Белгилер (октор) буйругун чыкылдатыңыз. Ок стилердинин менюсу пайда болот.
    Октор жебесин чыкылдатуу
  3. Ар кандай ок стилдерин чычкан менен жылдырып көрүңүз. Ок стилдери документте пайда болот. Сиз колдонууну каалаган ок стилин тандаңыз.
    ок менюсунан стилди тандоо
  4. Текст ок стилдери менен форматталат.
    Тандалган текст азыр белги коюлган тизме

Тизмеси менен иштөө параметрлери

  • Тизмеден сандарды же окторду алып салуу үчүн, тизмени тандап, белги же сандуу тизме буйругун чыкылдатыңыз.
  • Сиз тизмени түзөтүп жатсаңыз, Enter басып жаңы сап баштасаңыз болот, жаңы сап эми автоматтык түрдө белгиленет. Тизменин аягына жеткенде, Enter кош басып, жөнөкөй форматтоого өтүңүз.
  • Сызгычтагы араылкатрын жылдырып, тизмени жана аралыкты түзөтсөңүз болот.
    сап аралыгын жөндөө

Сандар менен тизмени түзүү үчүн:

Эгер текстти сандар менен тизмеге киргизейин деп жжатсаңар Word'до мындай параметр бар. Сиз тизмени сан, тамга, рим сандары менен жөндөсөңүз болот.

  1. Тизме катары түзүүнү каалаган текстти тандаңыз.
    Форматтоо үчүн текстти тандоо
  2. Башкы өтмөктөн жайылган жебени чыкылдатыңыз. Сандары бар меню чыгат.
    Сан буйругу
  3. Ар кандай сандар стилдерин чабыттаңыз. Документте да чыгып турат. Сиз колдонууну каалаган номерлөө стилин тандаңыз.
    Алдын ала көрүүнү кароо
  4. Текст сандуу тизме катары форматталат.
    форматталган тизме

Сандуу тизмени кайра кайталоо үчүн:

Эгер сиз тизменин санын кайталаганы жатсаңыз, Word'до 1 де Кайталоо (Restart at 1) параметри бар. Бул сан жана тамгалар тизмелерге колдонулушу мүмкүн.

  1. Тизмени оң чыкылдатып, чыккан менюдан "1 ден кайталоо"тандайбыз.
    Тизмени кайталоо
  2. тизмени саноо өчүп күйөт.
    Кайрадан башталган тизме

Ошондой эле мурунку тизменин саны башка тизмеге улантып койсо да болот. Бул үчүн, оң-чыкылдатып,сандарды улантууну тандаңыз.

Уланган тизме

Белгилерди (окторду) жекелештирүү

Тизмеңиздеги окторду жекелештирүү аркылуу кээ бир нерселерди бөлүп көрсөтө аласыз. Word окторду ар кандай жол менен форматтоого жол берет. Сиз символдорду, ар кандай түстөрдү, керек болсо сүрөт жүктөсөңөр да болот.ө

Символду ок сыяктуу колдонуу үчүн:

  1. Сиз форматтагыңыз келген тизмени тандаңыз.
    Учурдагы тизмени тандоо
  2. Башкы өтмөктөн жебени басыңыз. Жаңы Белгини Аныктоону менюдан тандаңыз.
    Жаңы окту аныктоо
  3. Жаңы Белгини Аныктоо диалог кутучасы пайда болот. Символ баскычын басыңыз.
    Символ баскычын басуу
  4. Символ диалог кутучасы пайда болот.
  5. Арип жайылма кутучасын чыкылдатып, арип тандаңыз. Wingdings жана Symbol ариптери жакшы тандоо болот, анткени ал жакта пайдалуу символдор көп.
  6. Керектүү белгини тандап, анан ОК басыңыз.
    Символду тандоо
  7. Символ белгиси алдын ала көрүүдө пайда болот. ОК деп чыкылдатыңыз.
    Символду алдын ала карап чыгуу
  8. Символдор тизмеде пайда болот.
    форматталган тизме

Ок түсүн өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз форматтоону каалган тизмени тандаңыз.
    тизмени тандоо
  2. Башкы өтмөктөн жебени чыкылдатыңыз. Ачылуучу менюдан Жаңы Окту Аныктоону тандаңыз.
    Жаңы Окту Аныктоону тандоо
  3. Жаңы Окту Аныктоо диалог кутучасы пайда болот. Арип баскычын чыкылдатыңыз.
    Арип баскычын басуу
  4. Арип диалог кутучасы пайда болот. Арип түсү жайылма кутучаны чыкылдатыңыз Арип түстөрдүн менюсу пайда болот.
  5. Каалаган түстү тандап, анан ОК басыңыз.
    ок түсүн өзгөртүү
  6. Ок түсү алдын ала бөлүмүндө пайда болот. ОК чыкылдатыңыз.
    OK чыкылдатуу
  7. Ок түсү тизмеде өзгөрөт.
    жаңы ок түсү

Көп деңгээлдүү тизмелер

Көп деңгээлдүү тизмелер сизге көп деңгээлдүү план түзүп берет. Ар кандай белгиленген же сан менен белгиленген тизме көп деңгээлдүү тизмеге Tab ачкычы аркылуу айлана алат.

Көп деңгээлдүү тизме

Көп деңгээлдүү тизмени түзүү үчүн:

  1. Сиз каалаган саптын башына кыстаруу чекитин коюңуз.
    Кыстаруу чекитин жайгаштыруу
  2. Tab баскычын басыңыз. Сап оң жакка жылат.
    Сап аралыгын жогорулатуу

Сап аралыгын чоңойтуу же кичирейтүү үчүн

Сиз тизмеде сап аралыгын чоңойто же кичирейте аласыз. Ал аралыкыт өзгөртүүнүн бир нече жолдору бар.

  • Бирден ашык деңгээлге жогорулатуу үчүн,саптын башына курсорду коюңуз, андан кийин каалаган деңгээлге жеткенге чейин Tab баскычын басыңыз.
    Бир нече жолу сапа аралыгын жогорулатуу
  • Сап аралыгын кемитүү үчүн сап башына курсорду коюп, Shift баскычын кармап, Tab баскычын басыңыз.
    Сап аралыгын азайтуу
  • Ошондой эле өзгөртүү кылуу үчүн башкы бетте жайгашкан жерден буйруктарды колдонуңуз.
    Сап аралыгын азайтуу жана жогорулатуу буйруктары

Көп деңгээлдүү тизмени форматтаганда Word демейки белги стилин колдонот. Көп деңгээлдүү тизменин стилин өзгөртүү үчүн, тизмени тандап, андан кийин Башкы өтмөктөн көп деңгээлдүү тизме буйругун чыкылдатыңыз.

Көп деңгээлдүү тизмени форматтоо

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. 3 бетке жылдырыңыз.
  3. Carolyn тексти менен башталып, Co-Treasurer менен бүткөн жерге чейин текстти тандаңыз, жана аны белгиленген тизме кылып форматтагыла.
  4. Тандалган тексттин белгисин жашыл жылдызча кылгыла. Жардам: Сиз Wingdings ариптерден жылдызчаны таба аласыз.
  5. Social Media Marketing, Fundraising, жана Co-Treasurer тексттеринин аралыгын 1 -деңгээлге чоңойтуңуз.
  6. Primarily Europe сабын 2-деңгээлге чоңойтуңуз.
  7. Treasurer's Report list сабын 1-деңгээлге чоңойтуңуз.
  8. Communications Report list сабынын нумерациясын 1-санын баштаңыз.
  9. Бүткөндөн кийин, сиздин бет ушул сыяктуу болушу керек:
    Тизмелер чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-hyperlinks/content/