Word 2016 Негиздери: Сызык жана абзац сап аралыктары (Line & Paragraph Spacing)

Lesson 8: Сызык жана абзац сап аралыктары (Line & Paragraph Spacing)

/en/tr_ky-word-2016/-indents-tabs/content/

Сызык жана абзац сап аралыктары

Сиз документти жасап, жана форматтоону чечсеңиз, сиз сызык жана сап аралыктарын да эстен чыгарбашыңыз керек. Сиз тексттин окумдуулугун жогорулатуу үчүн сап аралыктар түзөтө аласыз жана текст көлөмүн азайтып, аны бир бетке баткандай кылсаңыз болот.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Сызык жана абзац сап аралыктары тууралуу үйрөнүү үчүн төмөндөгү видеону көрүңүз.

Сап аралыгы жөнүндө

Сап аралыгы - бул параграфтар ортосундагы бош орун. Word сизге сап аралыгын өзгөчөлөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, мисалы бир сап аралыгы, эки сап аралыгы же мынан да көп сиз каалган саптардын саны. Word'до демейки сап аралыгы 1,08 дюйм, ал бир сап аралыгынан бираз эле узунураак.

Төмөнкү сүрөттөрдөн сиз ар кандай саптардын аралыгын салыштырсаңыз болот. Солдон оңго бул сүрөттөр демейки, бир сап, эки сап аралыктарын көрсөтөт.

Сап аралыгы, ошондой эле leading катары белгилүү.

Cап аралыгын форматтоо үчүн

  1. Сиз форматтоону каалаган текстти тандаңыз.
  2. Башкы өтмөктөн Сызык жана Сап аралык буйругун чыкылдатыңыз, андан соң каалаган сызык аралыгын тандап алыңыз.
  3. Сап аралыгы документте өзгөрөт.

Сап аралыктары параметрлери

Сиздин сап аралыктарыңыз менюдагылар менен гана чектелип калбайт. Көбүрөөк тактык менен аралыктарды жөндөө үчүн, менюдан Сап Аралыктары Параметрлерин тандаңыз, ошондо Параграф диалог кутусу пайда болот. Сизде ошондо кошумча параметрлер пайда болот.

  • Дал өзү: Бул параметрди тандасаңыз анда аралыктар ариптин өлчөмү сыяктуу пункттар менен эмептелет. Мисалы, 12-пункту колдонуп жатсаңыз, сиз анда 15-пункт аралыкты колдоно аласыз.
  • Жок дегенде: Дал өзү параметрине окшоп бул саптар аралыгын пункттар менен эсептейт. Бирок, ошол эле сапта тексттин ар кандай өлчөмдөрү бар болсо, анда сап аралыгы чоң текстке карап араылыкты жасайт.
  • Бир нече: Бул параметр сиз каалаган аралык саптарынын санын терет. Мисалы, Бир нечени тандап жана аралыкты 1,2 дюмга алмаштырганда тексттин аралыгы бираз аралыгы кенен болот. Эгер сызыктарды жакыныраак болсун десеңиз, сиз кичинерээк маани тандай аласыз, мисалы 0.9.

Параграф аралыгынын параметрлери

Сиз документ ортосундагы саптарда аралыгын форматтай алгандай эле параграф орсолорун да жөндөсө болот. Бул параграфтардын саптардын аралыктарын бөлгөнгө пайдалуу.

Параграф аралыгын форматтоо үчүн

Биздин мисалда, биз ар бир параграфтын астында бош орунду кичирейтебиз. Мунун жардамы менен бир аз аны окуганга жеңил болот.

  1. Сиз форматтоону каалаган парграфтарды тандаңыз.
  2. Башкы өтмөктө Сызык жана Параграф сап аралыгы буйругун чыкылдатыңыз. Параграфтын астында бош орун кошуңуз. Биздин мисалда, биз параграфтын астында орун кошууну тандап алабыз.
  3. Документте параграф аралыгы өзгөрөт.

Калкып түшмө менюсунан Сызык аралык параметрлерин тандап, Параграф диалог кутучасын ачабыз. Бул жерден, сиз ар бир параграфтын астында жана кийин канча орун бар экенин көзөмөлдөй аласыз.

Сиз Word'дун Демейки функция деп орнотуу функциясын колдонуңуз, ошондо сиз жасаган өзгөртүүлөр автоматтык түрдө жаңы документтерге колдонулат. Муну кантип жасоону билиш үчүн, биздин Word'до демейки орнотууларды өзгөртүү макалабызды окуңуз.

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. Дата жана даректи тандагыла Бул 13-апрель 2016 башталат, жана Трентон NJ 08601 менен аяктайт.
  3. 12-параграфтын астына аралыкты кошуңуз. Ал 12 пункт болсун жана 30 PT параграфтан кийин болсун.
  4. Каттын мазмунун тандаңыз. Бул I am exceedingly тексти менен башталып, your consideration тексти менен бүтөт.
  5. Сап аралыгын 1.15 кылып өзгөртүңүз
  6. Бүткөндөн кийин, сиздин бет ушул сыяктуу болушу керек:
    Сап аралыктары чакырыктары

/en/tr_ky-word-2016/-lists/content/