PowerPoint 2016 Негиздери: Текст негиздери (Text Basics)

Lesson 5: Текст негиздери (Text Basics)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-slide-basics/content/

Текст негиздери

Сиз PowerPoint ту жаңы колдонуп жатсаңыз, анда текст менен иштөөнүн негиздерин билишиңиз керек. Бул сабакта сиз кантип кесип, көчүрүп, чаптап жана текст форматтоону үйрөнөсүз.

Кошумча: Биздин практикалык презентацияны жүктөп алыңыз.

PowerPoint та текст менен иштөөнүн негиздери тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.


Текстти тандоо үчүн:

Текстти жылдырып же уюштуруудан мурда, аны тандап алуу керек.

  • Сиз тандап алууну каалаган тексттин үстүнө чычканды сүйрөп келиңиз андан кийин чычкан бошотуңуз. Текст тандалып алынат.

Тексти көчүрүү жана жылдыруу

PowerPoint слайдта турган тексти көчүрүп жана аны башка бир жерге коюуга мүмкүндүк берүү менен убактыңызды үнөмдөйт. Эгер сиз тексти жылдыргыңыз келсе, тексти кесип жана орното аласыз же сүйрөп жана тексти түшүрө аласыз.

Тексти көчүрүү жана коюу :

  1. Сиз көчүргүңүз келген текстти тандаңыз, анан Көчүрмө буйругун Башкы бет өтмөгүнөн чыкылдатыңыз.
  2. Кыстаруу чекитин, текст сиз каалаган жерден чыккыдай кылып коюуңуз.
  3. Башкы бет өтмөгүнөн Коюу буйругун чыкылдатыңыз.
  4. Көчүрүлгөн текст пайда болот.

Тексти кесип жана коюу:

  1. Сиз жылдырууну каалаган текстти тандап, андан кийин Кесүү буйругун чыкылдатыңыз.
  2. Кыстаруу чекитин текст сиз каалаган жерден чыккыдай кылып коюуңуз, андан кийин Коюу буйругун чыкылдатыңыз.
  3. Текст жаңы жерде пайда болот.

Сиз кесүү, көчүрүү жана коюу буйруктарына тез баскычтарды колдонуу аркылуу мүмкүнчүлүк ала аласыз. Ctrl + X кесиш үчүн, Ctrl + C көчүрүү үчүн, Ctrl + V коюу үчүн.

Тексти сүйрөп барып жайгаштыруу:

  1. Сиз жылдырууну каалаган текстти тандап, андан кийин чыкылдатып, каалаган жерге текст жайгаштырыңыз.
  2. Текст жаңы жерде пайда болот.

Тексти форматтоо жана тегиздөө

Текстти форматтоо аудиториянын көнүлүн презентациянын өзгөчө бөлүктөрүнө бурат жана маалыматтын маанилүү экенин баса белгилейт. PowerPoint та текстти тууралоо, анын ичинде өлчөмдү жана түстү өзгөртүүлөрдүн бир нече жолу бар. Ошондой эле, текстин тегиздигин тууралап, слайдда өзгөртүүнү кантип көрсөтөт .

Бул жерде Арип жана Абзац топтордун ар кандай буйруктары.

  • Арип: Ылдый түшүүчү менюну колдонуп, тандалган тексттеги арипти өзгөртүңүз.
  • Арип өлчөмү: ылдый түшүүчү менюдан тандалган тексттеги Арип көлөмүн тандоо, же көлөмдү азайтуу же көбөйтүү үчүн Арип өлчөмүн көбөйтүү жана Арип өлчөмүн төмөндөтүү буйруктарын колдонуу.
  • Белги коюлган жана Номерленген тизмелердин стилдери: кээ бир орун толтургучтар белги коюлган, демейдеги формат текст тизмесинде болот. Жаңы тизме түзүү үчүн Белги коюлган же Номерленген тизме буйруктарын чыкылдатыңыз же ылдый түшүүчү жебелерин чыкылдатуу менен стиль тизмесин тандаңыз.
  • Текст багыты: Бул буйрук текстин багытын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
  • Арип стили: арип стил буйруктарын кара шрифт, курсив, алдын сызуу, көлөкө, же тандалган тексти сызуу үчүн колдонуңуз.
  • Символдор боштугу: Бул жерде, символдордун ортосундагы боштук аралыгын тууралай аласыз.
  • Өзгөртүү кутучасы: Бул жерден, тандалган тексттин кутучасын тез эле өзгөртө аласыз.
  • Арип Түсү: Текст түсүн өзгөртүү үчүн бул буйрукту колдоно аласыз.
  • Горизонталдык Текст Тегиздиги: Бул буйруктарды текст кутучасын солго, борборго, же толтургучтун оң жагына же текст кутучасын тегиздөө үчүн колдоно аласыз.
  • Текст Тегиздиги : Бул буйруктарды эң башына, ортосуна, же толтургучтун түбүнө же текст кутучасына текстти тегиздөө үчүн колдоно аласыз.


Чакырык!


  1. Биздин практика презентациябызды ачыңыз .
  2. 4- слайдты тандаңыз
  3. Кесүүнү жана коюуну же сүйрөп барып таштоону, Шериктештик жана социалдык мүмкүнчүлүктөрдүн ортосунда Төмөнкү кан басымына жылдыруу үчүн колдонуу .
  4. Артыкчылыктардын тизмесин тандап жана курсивке кошуу.
  5. Билесизби деген тексти тандаңыз ? кара шрифти алып салыңыз, жана көлөмүн 36pt өзгөртүңүз.
  6. Сиз бүткөндөн кийин, слайд ушул сыяктуу болушу керек:
    Текст негиздеринин чакырыктары

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-applying-themes/content/