PowerPoint 2016 Негиздери: Слайд негиздери (Slide Basics)

Lesson 4: Слайд негиздери (Slide Basics)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-saving/content/

Слайд негиздери

Ар бир PowerPoint презентациясы бир катар слайддардан турат. Слайд көрсөтүүлөрүн түзүүнү баштоо үчүн, слайддар менен иштөөнүн негиздерин билүү керек. Сиз, мисалы, жаңы слайд киргизүү, бир слайддын үлгүсүн өзгөртүү, иштеп жаткан слайддарды ыңгайлаштыруу, слайд түзүлүшүн өзгөртүү жана слайдга эскертмелерди кошуу сыяктуу маселелер менен ыңгайлуу сезишиңиз керек.

Кошумча: Жүктөп алыңыз практика сунуштоо .

PowerPoint боюнча слайд негиздери жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Слайддарды жана слайд түзүлүштөрүн түшүнүү

Сиз жаңы слайдды киргизип жатканыңызда, ал, адатта, мазмуну кайда коюларын көрсөткөн толтургучтары болот. Слайддарда толтургучтар үчүн сиз кошууну каалаган маалыматтын түрүнө жараша ар түрдүү түзүлүштөр болот. Сиз жаңы слайдды түзүп жатканыңызда, анда сиздин мазмунга туура келген слайд түзүлүшүн тандоо керек.

Ар түрдүү слайд калыптары

Толтургучтар ар кандай мазмундун түрлөрүн камтышы мүмкүн анын ичинде текст, сүрөт жана видеолор. Көп орун толтургучтар эскиз сүрөтчөлөрдөн турат, мазмундун белгилүү бир түрлөрүн кошуу үчүн чыкылдата аласыз. Төмөндө көрсөтүлгөндөй, слайддын аталышы жана мазмуну үчүн толтургучтардан турат.

Бош орун толтургучтары бар слайд

Жаңы слайд киргизүү үчүн:

Сиз жаңы презентацияны баштаган болсоңуз, ал бир слайдда Слайд Аталыш Түзүлүшүн камтыйт. Сизге керек болгон ар түрдүү түзүлүштөгү көп слайддарды киргизе аласыз.

  1. Башкы бет өтмөгүнөн тартып, Жаңы Слайд буйругунун төмөнкү жарымын чыкылдатуу.
    Жаңы Слайд буйругунун төмөнкү жарымына чыкылдатуу
  2. Пайда болгон менюдан керектүү слайд түзүлүшүн тандоо.
    Слайд калыбын тандоо
  3. Жаңы слайд пайда болот. Ар кандай толтургучтарды басыңыз жана текстке кошуу үчүн тере баштаңыз. Ошондой эле, мисалы, бир сүрөткө же диаграммага мазмундун башка түрлөрүн, кошуу үчүн сүрөттү баса аласыз.
    Жаңы слайд

Учурдагы слайддан схемаларды өзгөртүү үчүн, Жайгашуу буйрукту чыкылдатып, анан каалаган түзүлүштү тандайсыз.

Учурдагы слайдга жаңы калыпты колдонуу

Ошол эле түзүлүштү колдонгон слайдга тез кошуу үчүн, Жаңы Слайд буйруктун жогорку жарымын чыкылдатуу.

Ошол эле калып менен жаңы слайд киргизүү

Слайддарды уюштуруу

PowerPoint презентациялары сизге керек болгон слайддардын көбүн камтышы мүмкүн. Экрандын сол жагындагы Слайд Багыттоо тактасы слайддарды уюштурууну жеңилдетет. Ал жактан, презентацияңыздагы слайддардын көчүрмөсүн жасайсыз, иреттештире аласыз, жана слайддарды алып сала аласыз.

Слайд Багыттоо тактасы

Слайддар менен иштөө

  • Слайддардын көчүрмөсүн жасоо: Эгер сиз слайдды тез көчүрүп анан коюуну кааласаңыз, анда көчүрмөсүн жасай аласыз. Слайддарды көчүрүү үчүн, сиз каалаган слайдды тандап көчүрүңүз, чычкандын оң баскычы менен чыкылдатып, пайда болгон менюдан Көчүрүү Слайдды тандаңыз. Ошондой эле сиз бир нече слайддарды, дароо эле биринчи тандоо аркылуу көчүрмөсүн жасай аласыз.
    Бири-бирин кайталоо слайддары
  • Слайддарды жылдыруу: Слайддарыңызды тартиби менен өзгөртүү оңой. Жөн гана чыкылдатып, каалаган слайдды Слайд Багыттоонун тактасында сүйрөп келип каалаган жерге жайгаштыруу.
    Слайд жылдыруу
  • Слайддарды алып таштоо: Эгер сиз презентациядан слайды чыгарып салгыңыз келсе, аны алып сала аласыз. Болгону, алып салгыңыз келген слайдды тандап, андан кийин жок кылуу же артынан өчүрүү баскычын баскычтоптон басыңыз.

Слайддарды көчүрүп жана коюу үчүн:

Эгер сиз бир нече слайддарды ошол эле үлгүдө түзгүңүз келсе, бош слайддан баштоонун ордуна, буга чейин түзүп койгон слайдды көчүрүп жана коюу оңойураак боло турганын табасыз.

  1. Сиз каалаган слайдды тандап, Слайд Багыттоо тактасына көчүрүңүз, анан Көчүрүү буйругун Башкы бет өтмөгүнөн чыкылдатыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + C баса аласыз.
    Слайд тандоо жана көчүрүү буйругун чыкылдатуу
  2. Слайд Багыттоо тактасынан жайгашууну коюуну тандоо үчүн Слайддын (же эки слайддын ортосунда) төмөн жагын чыкылдатыңыз. Горизонталдуу жарнамаларды кыстаруу чекити пайда болот.
    Жайгашуу ордун тандоо
  3. Башкы бет өтмөгүнөн Коюу (Paste) буйругун чыкылдатыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + V баса аласыз.
    Коюу буйругун чыкылдатуу
  4. Слайд тандалган жерден пайда болот.
    Коюлган слайд

Слайддардын ордун ыңгайлаштыруу

Кээде Слайд калыбы(үлгүсү) сиздин муктаждыктарыңызга ылайык келбейт деп табылышы мүмкүн. Мисалы, калып (үлгү) өтө көп же өтө аз толтургучтардан болушу мүмкүн. Ошондой эле толтургучтар кантип слайдда уюштуруларын өзгөрткүңүз келиши мүмкүн. Бактыга жараша, PowerPoint слайд калыптарын керек болгондой тууралоого жеңилдик берет.

Толтургучтарды тууралоо

  • Толтургучтарды тандоо: Толтургучтардын четине, чычканды үстүнөн алып келип жана чыкылдатыңыз (Рамканы көрүш үчүн биринчиден толтургучтагы текстти басышыңыз керек болот). Тандалган толтургучтарда чекиттүү сызыктын ордуна ичке сызыгы бар болот.
    Толтургучту тандоо
  • Толтургучту жылдыруу: Толтургучту тандаңыз, андан кийин чыкылдатып, каалаган жерге сүйрөп келиңиз.
    Толтургучту жылдыруу
  • Толтургучтун өлчөмүн өзгөртүү: Өлчөмүн өзгөрткүңүз келген толтургучту тандаңыз. Өзгөртүү туткасы пайда болот. Өзгөртүү туткасын чыкылдатып жана толтургучтун керектүү көлөмүнө чейин сүйрөңүз. Толтургучтун бир эле убакта бийиктигин жана туурасын өзгөртүү үчүн бурч өзгөртүү туткаларын колдоно аласыз.
    Толтургучтун өлчөмүн өзгөртүү
  • Толтургучту алып салуу үчүн: Сиз алып салууну каалаган толтургучту тандаңыз, андан кийин баскычтоптон Алып салуу(Delete) же артка өчүрүү (Backspace) баскычын басыңыз.

Текст кутучасын толуктоо:

Текст толтургучтардын экөөнө жана текст кутучаларына киргизилиши мүмкүн. Текст кутучаларды киргизүү слайд үлгүсүн кошууга жол берет. Толтургучтардан айырмаланып, текст кутучалар дайыма ошол эле жерде калат, ал тургай теманы өзгөртсөңүз дагы.

  1. Киргизүү өтмөктөн Текст кутуча буйругун тандаңыз.
    Текст кутуча буйругун чыкылдатуу
  2. Чыкылдатыңыз жана текст кутучаны слайддын үстүнө сүйрөп алып келиңиз.
    Текст кутучасын чийүү
  3. Текст кутучасы пайда болот. Текстти кошуу үчүн, жөн гана текст кутучасын чыкылдатып жана терип жаза баштаңыз.
    Жаңы текст кутучасы

Бош слайддарды колдонуу

Эгер мазмундун үстүнөн көбүрөөк көзөмөлдөгүңүз келсе, анда эч кандай толтургучтарды камтыбаган бош слайдды колдонууну каалашыңыз мүмкүн. Бош слайддар өз текст кутучаларын, сүрөттөрдү, диаграммаларды жана дагы башкаларды кошууга ылайыкташтырылган болушу мүмкүн.

  • Бош слайдды киргизүү үчүн, Жаңы Слайд буйругунун төмөнкү жарымын чыкылдатыңыз, андан кийин пайда болгон менюдан Бош слайдды тандаңыз.
    Бош слайд киргизүү

Бош слайддар ийкемдүүрөөк болуп жатканда, алдын ала жасалган калыптарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк ала албастыгыңызды эстен чыгарбашыңыз керек.

Презентацияны ойнотуу үчүн:

Слайддарды иреттештирип алгандан кийин, презентацияңызды ойноткуңуз келиши мүмкүн. Бул сиз кантип аудиторияга слайд-шоуңузду тартууласаңыз болот.

  1. Презентацияңызды көрүү үчүн Тез Табуу Куралдар тилкесинен Башынан баштоо буйругун басыңыз.
    Башта  баштоо буйругун чыкылдатуу
  2. Презентация толук экран режиминде көрүнөт.
  3. Сиз чычканды баскылоо менен же баскычтоптон боштук баскыч аркылуу кийинки слайдка, алдыга жылдырсаңыз болот. Ошондой эле баскычтоп аркылуу презентацияңызды алдыга же артка жылдыруу үчүн жебе баскычтарын колдоно аласыз.
  4. Презентация режиминен чыгуу үчүн Esc баскычын басыңыз.

Ошондой эле презентацияны баштоо үчүн баскычтоптун жогору жагындагы F5 баскычын басаңыз болот.

Слайддарды ыңгайлаштыруу

Слайд өлчөмүн өзгөртүү үчүн:

Дегинкиси, PowerPoint 2013 бардык слайддары 16-менен-9, же жазы экранда, тараптардын катнашын колдонушат. Сиз билет болушуңуз керек жазы экран сыналгылар дагы 16-менен-9 тараптардын катнашын колдонушат. Жазы экран слайддар, кенен мониторингдор жана проекторлор менен эң жакшы иштейт. Бирок, 4-менен-3 экранга презентацияңызды чакташ керек болсо, анда ал слайд өлчөмүн өзгөртүү оңой болот.

  • Слайд өлчөмүн өзгөртүү үчүн, жасалгалоо өтмөгүн тандап, андан кийин Слайд өлчөм буйругун чыкылдатыңыз. Пайда болгон менюдан керектүү слайд өлчөмүн тандаңыз, же көбүрөөк параметрлерди алыш үчүн Ыңгайлаштырылган Слайд Өлчөмүн чыкылдатыңыз.
    Слайд өлчөмүн тандоо

Слайд фонун форматтоо:

Демейде, презентацияңыздагы бардык слайддар ак фонду колдонушат. Фондун стилин бир нече же бардык слайддарыңызда өзгөртүү оңой. Фондор таза, градиент, графикалык же сүрөт толтуруу болушу мүмкүн.

  1. Дизайн өтмөктү тандоо, андан кийин Фонду форматтоо буйругун чыкылдатуу.
    Фонду форматтоо буйрукка чыкылдатуу
  2. Оң жакта Фонду форматтоо тактасы пайда болот. Керектүү толтуруу параметрлерин тандоо. Биздин мисалда, биз жарык алтын түсү менен Таза толтурууну колдонобуз.
    Фонду толтуруу параметрлерин тандоо
  3. Бөлүнүп алынган слайддан фондун стилин жаңыртууга болот.
  4. Сиз кааласаңыз, Колдонмолор бардыгына баскылап окшош фон стилди колдонууну презентацияңыздын бардык слайддары үчүн колдоно аласыз.
     Бардыгы үчүн колдон чыкылдатуу

Теманы колдонуу үчүн:

Тема көз карашты тез өзгөрткөн жана бүтүндөй слайддарды сездирген, алдын ала аныкталган түстөрдүн, тамгалардын, жана үн эффектилеринин жыйындысы болуп саналат. Ар кандай темалар ар кандай слайд жайгашууларын, учурдагы толтургучтардын уюштурулушун өзгөртүүгө колдонушат. Биз кийин сабакта темалар тууралуу дагы сүйлөшөбүз колдонуу Тематикалар

  1. Тасмадагы Жасалгалоо өтмөгүн тандап, андан кийин болгон темалардын баарын көрүү үчүн көбүрөөк ылдый түшүүчү жебени чыкылдатыңыз.
    Ылдый түшүү жебесин чыкылдатуу
  2. Каалаган теманы тандоо.
    Теманы тандоо
  3. Тема бардык презентацияңыз үчүн колдонулат.
    Колдонулган тема

Презентацияңыз үчүн бир нече ар кандай темаларды колдонуп көрүңүз. Кээ бир темалар мазмунуна жараша, башкаларга караганда жакшыраак иштейт.

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз.
  2. Презентациянын темасын алмаштыруу.
  3. Слайд 7 алып салыңыз. Бул слайд бош болушу керек.
  4. Презентациянын аягына Аталыш жана Мазмун калыбы менен жаңы слайд кошуңуз.
  5. Аталыш толтургучка, кабыл алынган иш-чара күндөрүн жазыңыз.
  6. Мазмун толтургучту тандап жана аны алып салыңыз.
  7. Текст кутучасын киргизиңиз жана анын ичине 17-июль, 2017, жазыңыз.
  8. Слайд өлчөмүн стандарт (4: 3) өзгөртүңүз. Диалог кутусу пайда болуп сизден чоңойтуну же туура экенин камсыз кылуу керек болсо сурап чыгат. Татыктуу камсыз кылууну тандоо.
  9. Сиз бүткөндөн кийин, сиздин презентацияңыз ушул сыяктуу болушу керек:
     Негизги чакырык слайдды

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-text-basics/content/