Компьютерде иштөө негиздери: PDF файлы деген эмне?

Lesson 8: PDF файлы деген эмне?

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-opensource/content/

PDF файл деген эмне?

Adobe PDF файлдары- көчмө документ формат файлдары деп чечмеленет. Алар бүгүнкү күндө абдан көп колдонулган файлдын түрлөрүнүн бири болуп саналат. Эгер интернеттен документти жүктөгөн болсоңуз, анда ал PDF файл болуусу мүмкүн. Сиз .pdf менен аяктаган файл көрсөңүз, демек ал PDF файлы.

Эмне үчүн PDF файлдарды колдонобуз?

Сиз Microsoft Word аркылуу маалымат бюлеттенин түзүп, docx файлы (Бул демейки формат) катары бөлүштүңүз дейли. Сиз бөлүшкөн ар бир адам Microsoft Word программасын орноткон эмес болсо, алар бул файлды көрө алат деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми Word документтерин түзөтүүгө мүмкүн болгондон кийин документиңиздин ичиндеги кээ бир тексттер түзөтүлүп калышы мүмкүн.

PDF файлдары түзөтүү үчүн эмес, көрүү үчүн арналган. Алардын абдан популярдуу болгон себеби PDF документти форматтоодон сактайт жана бөлүшүүгө ыңгайлуу кылат. Ошондой эле алар ар бир түзмөктө бирдей көрүнөт. Маалымат бюлеттенин PDF файлы катары бөлүшүү - ар бир адам файлды сиз каалагандай көргөнгө шарт түзүп берет.

PDF документти ачуу

PDF файлын ачуу жана көрүү абдан жөнөкөй. Бүгүнкү күндөгү браузерлер PDF материалдары компьютериңизге жүктөбөстөн түздөн-түз браузер терезесинде көрсөтөт. Браузер үчүн бул мүмкүн эмес болсо, бул файлды жүктөп алууңузду сунушташы мүмкүн. Бул шилтемени басып, компьютериңизде кандай иштээрин көрүңүз.

PDF файлын бир гана жолу көрүү үчүн ачсаңыз, аны браузериңиз аркылуу ачкан эң оңой болот. Сиз PDF файлын кийин кайра ачам десеңиз, компьютериңизге көчүрмөсүн сактасаңыз туура болот. Бул процесс сиздин браузерге жараша ар кандай болот, бирок төмөнкү мисалда көрсөтүлгөндөй PDF файлын сактоо баскычы жогорку-оң бурчунда табылышы мүмкүн.

браузердин терезесинен PDF көрүү

PDF файлы компьютериңизде жайгашкан болсо, аны эки жолу басып, демейки PDF ачуу колдонмосу менен асчаңыз болот.

Компьютерде сакталган PDF ачуу

Сиздин компьютер Windows 7 же андан мурунку версиясын колдонуп жатса, PDF файлды көрүү үчүн акысыз PDF көрүүчү программаны (мисалы Adobe Reader көчүрүп алыңыз.

Adobe Reader'ди жүктөп алуу

PDF файлдарын түзөтүү

Жогоруда айтылгандай, PDF түзөтүү үчүн эмес, негизинен көрүү үчүн жасалган. Бирок, кээ бир учурларда кандайдыр бир маалыматты киргизүүгө PDF уруксат бериши мүмкүн, мисалы аты-жөнүңүздү жана дарегиңизди жазыш үчүн. Бул PDF файлдары форма талаалары деп аталган функцияны колдонот, ал функция сизге документке жаңы маалыматты киргизүүгө жана түзөтүүлөрдү сактоого мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, бул PDF атыңыз, дарегиңиз, жана башка маалыматтарды киргизүү үчүн бир нече талааларды камтыйт.

PDF файлындагы талааларды түзөтүү

Бул өзгөчөлүк бардык интернет браузерлерде колдоого алынган жок, ошондуктан бул формага маалымат кошуу үчүн алгач PDF файлын жүктөп алууңуз керек.

PDF файлдарга кичине түзөтүүлөрдү киргизүүнү каалаган учурларыңыз, мисалы комментарий кошуу же текстти белгилөө болушу мүмкүн. PDF файлдарын түзөтүү жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, биздин PDF файлдарын түзөтүү жана бириктирүү сабагыбызды карап көрүңүз.

PDF документин түзүү

PDF документин түзүү үчүн бир нече жолдору бар, бирок керектүү ыкма негизинен сиз колдонуп жаткан түзмөктөн көз каранды болот. Мисалы, Windows 10 колдонуп жаткан болсоңуз, Басып чыгаруу диалог кутусунда барып, андан кийин жогору жагындагы Принтерлер тизмесинен PDF тандап алыңыз. Бул документтерди, электрондук почталарды жана Веб баракчаларды, же сиз каалаган принтерден чыгартып алган нерсеңизди PDF кылсаңыз болот.

Басып чыгаруу диалог кутучасы аркылуу PDF файлын түзүү

Эгер Мак колдонсоңуз, Басып чыгаруу диалог кутучасында PDF катары сактап калуу менюсу бар.

Сиздин компьютер Windows 8, же андан мурдагы версиясы болсо, сиздин бир нече жолуңуз бар. Эң жөнөкөй ыкма,PDF экспортун колдогон программаны колдонуу, мисалы, Microsoft Office же Google Chrome.

Microsoft Word документинен PDF'ти экспорттоо.

Дагы бир жолу бул PDF конверттөө программасын колдонуу, мисалы Smallpdf ал сиздин браузерде иштеген акысыз колдонмо болуп саналат. Smallpdf көптөгөн файлдардын түрүн PDF кылып конверттей алат, мисалы Microsoft Office документтерин дагы.

SmallPDF.com сайты

/en/tr_ky-basic-computer-skills/wifi-/content/