Компьютерде иштөө негиздери: Ачык булактуу крш. Жабык булактуу програмдык камсыздоо (Open-Source)

Lesson 7: Ачык булактуу крш. Жабык булактуу програмдык камсыздоо (Open-Source)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-free-software/content/

Ачык булактуу крш. Жабык булактуу програмдык камсыздоо

Дээрлик компьютер программалардын ар бири баштапкы кодду пайдалануу менен түзүлөт. Ал код программага кандай иштөөсү тууралуу айтып берет. Иштеп чыгуучулар коомчулукка даяр өнүмүн алып чыкканда, анын кодун ачык булак же жабык булак кылабы, чечиши керек.

Ачык жана жабык булактуу програмдык камсыздоо жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.


Ачык жана жабык булагы деген эмне?

Коомчулук үчүн жабык программалык камсыздоонун (ошондой эле менчик программа катары белгилүү) кодуна мүмкүнчүлүк берилбейт, ошондуктан, коомчулук кандайдыр бир жол менен кодду көрүп же өзгөртө албайт.

Ал эми ачык булактуу програмдык камсыздоонун коду коомчулукка жеткиликтүү, каалаган адам жана программисттер кодду окуп же өзгөртө алышат. Ал ачык кызматты колдонуу үчүн сөзсүз эле анын кодун окуунун же кодду өзгөртүүнүн кажети жок.

Кайсы түрү көбүрөөк кездешет?

Колдонмолордун, оюндардын, жана башка таанымал программалардын басымдуу көпчүлүгү - жабык булактуу болуп саналат. Бирок, программалардын көптөгөн түрлөрү үчүн ачык булагтуу версиялары бар. Сиз Microsoft Office программасына альтернатива катары ачык булактуу программа издесеңиз сиз LibreOffice менен иштешиңиз мүмкүн. Windows'ту колдонгондун ордуна ачык булактуу Linux операциялык тутумун колодонушуңуз мүмкүн. Башка жалпы ачык булактуу кызматтарга: Firefox интернет браузери жана WordPress блог аянтчасы кирет.

Артыкчылык жана кемчиликтери кандай?

Ачык булактуу программалардын башкы артыкчылыктарынын бири, алар - акысыз, бирок кээ бир өзгөчөлүктөрү жана техникалык колдоосу кошумча чыгымдарды талап кылышы мүмкүн. Ошондой эле, коду ачык болгондуктан коомдук өз ара аракеттенүү аркылуу мүчүлүштүктөрдү тез жоюшат жана кыска убакыттын ичинде кызматтын натыйжалуулугун жогорулатышат.

Бирок, ачык булак программалары кынтыксыз эмес. Алар жабык булактуу программалардай колдонуучуга ыңгайлаштырылган болбой калышы мүмкүн. Эгер кыйынчылыкка дуушар болсоңуз техникалык колдоо табуу кыйын болушу мүмкүн, өзгөчө аз адам колдонгон программаларда.

Жабык коддуу программалар адатта туруктуу, багытталган болушу мүмкүн, ал эми сиз үчүн кардар катары тейлөө кызматынан колдоо алуу кыйын болбойт. Ошентсе да, жабык булактуу программалары акчага турат, жана ар кандай мүчүлүштүктөр пайда болсо, же сизге керектүү функциялары жок болсо, ал көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштеп чыгуучулардан жооп күтүш керек болот.

Ал эми азыр, сиз ачык жана жабык булактуу программалардын айырмасын түшүнүп калганыңыздан кийин, сиздин керектөөлөрүңүзгө жараша алардын түрү менен колдоно аласыз.

/en/tr_ky-basic-computer-skills/pdf-/content/