Компьютерде иштөө негиздери: Компьютериңизди тездетүү үчүн кеңештер (Speeding)

Lesson 17: Компьютериңизди тездетүү үчүн кеңештер (Speeding)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-old-computer/content/

Компьютериңизди тездетүү үчүн кеңештер

Жай иштеген компьютер ыңгайсыз жана көңүл калтырышы мүмкүн. Эски компьютериңиз иштебей жатабы, же андан жаңыраак компьютер тезирээк иштешин каалайсызбы, бул жерде ылдамдыкатрын жогорулатуу үчүн бир нече ыкмалар жана каражаттар бар.

Дискти бошотуу

Кээ бир учурларда сиздин дискиңизде бош орун аз калган болсо компьютериңиз жай иштеп калышы мүмкүн. Бул жерде тез орун бошотуунун бир нече жолдору бар:

  • Кереги жок же пайдаланылбаган программаларды чыгарып салыңыз; көп компьютерлер сиз колдонбогон программалар менен келет.
  • Кереги жок файлдарды өчүрүңүз.
  • Көлөмү чоң файл жана медиа каражаттары үчүн тышкы сактагычты колдонуңуз.

Атүгүл андан да көбүрөөк орун бошотуу үчүн кээ бир камтылган куралдар да бар. Windows компьютерде Дискти Тазалоо программасы бар, анын жардамы менен убактылуу жана керексиз файлдарды жок кылсаңыз болот. Кантип колдонууну Компьютер үмүтү макалабыздан үйрөнө аласыз. Эгерде MacOS Сиерра же кийинчерээк версияларын колдонсоңуз, биздин Apple колдоо макаласында көрсөтүлгөн "Бул Mac тууралуу" диалог кутусу аркылуу орунду бошото аласыз.

Дискиңизди дефрагментациялаңыз

Сиздин дискти кээде дефрагментациялоо аркылуу компьютериңизди тездетип аласыз. Убакыттын өтүшү менен, сиздин катуу дисктеги маалыматыңыз майдаланып кетет. Сиздин компьютер керектүү дайындарды табуусу кыйын болуп калат. Маалыматты дефрагментация кылганда дайындарыңыз иретке келет, компьютериңиз аларды тез табат.

Көбүрөөк RAM эстутумун кошуу

Сиздин компьютер жай иштеп жатканынын дагы бир себеби, анда RAM эстутуму жетишсиз болушу мүмкүн.RAM эстутуму компьютериңиз бир нече программаны бир учурда ачканда колдонулат. Эгер жетиштүү RAM жок болсо, анда сиздин компьютер көп программа ачылганда жай иштеп калат.

Бактыга жараша, сиздин компьютерге кошумча RAM кошууга мүмкүн. Бул үчүн сиздин компьютер кандай RAM колдоноорун билишиңиз керек. RAM сатып алганыңыздан кийин, аны орнотуу үчүн компьютериңиздин астын ачыш керек болот. Сиз үчүн бул процесс өтө татаал болсо, ал компьютерди оңдоочу жайга алып барып, адистен сурангыла.

Сиздин драйверлериңизди жаңыртуу

Компьютериңизге туташкан ар бир түзмөк: баскычтоп, принтер, же чычкан, алар иштеши үчүн драйвер деп аталган бир нерсе талап кылынат. Драйверлер компьютериңизге ал түмөктөрдү кантип пайдаланышы керектиги тууралуу айтып берет. Бул драйверлер эскирген болсо, анда алар сиздин компьютерди жай иштетет жана иштеп жаткан бул түзмөктөрдүн иштешине тоскоолдук кылат. Эгер андай болсо, алар жаңыртылышы керек.

Эгер сиз Windows компьютерин колдонуп жаткан болсоңуз, драйверлер автоматтык түрдө жаңыртылып турат. Ошентсе да, кол менен жаңыртыш керек учурлар болушу мүмкүн. Lifewire'ден бул колдонмону карап кантип жаңыртуу керек экенин үйрөнүңүз. Маc компьютеринде иштесеңиз, бардык драйверлер өз алдынча жаңыртылып турат.

Баштоо процессин башкаруу

Сиздин компьютер ишин баштоо үчүн бир топ убакыт алса, демек өтө көп программалар автоматтык түрдө иштеп атышы мүмкүн. Бактыга жараша, баштоо процессин көзөмөлдөө үчүн жолдор бар. Муну кантип аткаруу тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн, Windows компьютерлери үчүн How-To Geek'тен бул колдонмосун же Mac компьютерлери үчүн.Nektony'ден бул колдонмосун карап чыгыңыздар.

Кээ бир колдонмолор жана программаларды өчүрүп салганга чейин, бир аз изилдөө кылып, сиздин компьютердин иштөөсүнө кесепети тийбейт бекен, аны текшергиле.

Вирус жана тыңчы программаларга каршы текшерүү

Сиз компьютерди колдонгодон бери ал кокусунан кесепеттүү программаларды, вирустарды алып калышы мүмкүн. Бул көп учурда компьютериңизге зыян келтирет жана жай иштетет. Алардын алдын алуу жана алар менен күрөшүү үчүн мыкты жолу -антивирусту пайдалануу. Алардын көпчүлүгү аларды скандап, аныктап, ал эми кээ бир учурларда, аларды жок кыла алат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биздин бул сабактарды карап көрүңүз: Malware -кесепеттүү программадан оолак болуу жана Компьютериңизди коргоо .

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-defragment/content/