Компьютерде иштөө негиздери: Эски компьютердин туруктуу иштешин кантип камсыз кылса болот (Old Computer)

Lesson 16: Эски компьютердин туруктуу иштешин кантип камсыз кылса болот (Old Computer)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-startup/content/

Эски компьютердин туруктуу иштешин кантип камсыз кылса болот

Чачын ак баскан, таяк кармаган эски компьютер

Эски компьютер бузулса абдан кыйналасыз. Колдоого алынбаган операциялык тутумдар интернет коркунучтарына туруштук бере албайт, жана эски компьютердин аппараттык камсыздоосу бузулуп башташы мүмкүн. Бирок, аны коргоо жана туруктуу иштеп туруусу үчүн бир нече несрелерди жасай аласыз.

Компьютериңизди коргоңуз

Windows'тун эски версиялары, мисалы Windows XP Microsoft'тон коопсуздук боюнча жаңыртууларды албайт. Бул интернеттеги кооптуу нерселерден сактай албайт. Сиз заманбап антивирус, анти-malware жана тармактык коргоо программалары менен системаны коргой аласыз. Интернет коркунучтардан Сиздин компьютерди коргоо сабагыбыздан көбүрөөк маалымат алыңыз.

Internet Explorer'дин альтернативдүү варианттарын колдонуу аркылуу интернет коркунучтардын алдын аласыз. Chrome жана Firefox браузерлери популярдуу чечим болуп саналат.

Эгер сиз Microsoft Outlook программасын колдонуп жатсаңыз, анда Thunderbird сыяктуу электрондук почта кызматына которулсаңыз болот. . Көптөгөн интернет коркунучтар атайын Outlook почтасынын алсыз жактарына багытталган.

Сиздин Операциялык Тутумуңузду (OS) жаңыртууну карап көрөлү

Компьютериңиздин туруктуу жана коопсуз иштешине жардам берчү нерсе - бул OS жаңыртуу. Бул учурдагы коопсуздук жаңыртууларды жана колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, анда акча сарптайсыз, катуу дискиңизди форматташ керек болот жана колдонуп баштаганда жеңил эмес болушу мүмкүн. Жаңыртуунун астында буга ушунча акча кетсе, аны актайбы - ойлонуп көрүңүз. Ошондой эле сиздин компьютер жаңы OS иштетүү үчүн кубаттуулугу жетеби, аны текшериңиз.

Альтернатива катары жеңилирээк linux сыяктуу OS орнотушуңуз мүмкүн. Эгер сиз Windows менен жакындан тааныш болсоңуз Linux'ту колдонгонду үйрөнүү узакка созулушу мүмкүн, бирок анын көп артыкчылыктары бар жана эски компьютерлерде жакшы иштейт. Linux ресурстары сабагыбызды көбүрөөк маалымат алыш үчүн караңыз.

Компьютериңизди караңыз

Бир нече гана жөнөкөй кадамдар компьютериңиздин иштөө убактысын узартат, операциялык тутумуңузду туруктуу иштетет, дайындардын жок болуп кетүүсүнүн алдын алат. Жакшы адат сыяктуу, мисалы күндө тиш жуугандай же машиненин майын алмаштырып тургандай кабыл алыңыз.

Ири фалдарды таштандыга ыргытып жаткан кичи фигура

Файлдарыңардын камдык көчүрмөсүн сактаңыз.

Эски компьютерлердин аппараттык камсыздоосу иштебей калышы мүмкүн. Бул мүмкүнчүлүккө даярдануу бузулуп калган дисктин дайындарын калыбына келтирүүдөн жеңил. Сиздин файлдардын камдык көчүрмөсүн/0} сактоо дайындарыңыздын жок болуп кетүүсүнөн коргойт. Эки негизги жолдору бар: 1. тышкы дискке дайындарыңызды көчүрүү 2.онлайн камдык көчүрмөсүн сактоо.

Камдык көчүрмөнү сактап жаткан, тышкы катуу дискке туташкан компьютер

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-speeding/content/