Word 2016 Негиздери: Документтерди сактоо жана бөлүшүү (Saving Documents)

Lesson 3: Документтерди сактоо жана бөлүшүү (Saving Documents)

/en/tr_ky-word-2016/-creating-documents/content/

Документтерди сактоо жана бөлүшүү

Сиз жаңы Word документин түзгөн сайын, аны туура сактоону билишиңиз керек, анткени сиз аны кийинчерээк түзөтүшүңүз керек. Word мурдагы нускаларындай эле, файлдарды сиз колдонгон компьютерге сактай аласыз. Бирок каласаңыз Excel 2016 OneDrive аркылуу булутка документти сактоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, сиз Word'дон түздөн-түз, башкаларга документтерди экспорттоп, жана бөлүшө аласыз.

Word'до документтерди сактоо жана бөлүшүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Сактоо жана "катары сактоо"

Word файлды сактоонун эки жолун сунуш кылат: Сактоо жана Катары Сактоо. Бул параметрлер бир нече маанилүү айырмачылыктар менен бирге, ушундай окшош жолдор менен иштешет:

  • Сактоо: сиз өзгөртүүлөрдү сактоо үчүн Сактоо буйругун колдоносуз. Көпчүлүк учурда бул буйрукту колдоносуз. Файлды сактап жатканда, сиз бир гана файлдын атын коюп жана жайгашкан жерин тандайсыз. Андан кийин, жөн гана Сактоо буйругун басасыз.
  • Катары сактоо: Сиз бул буйрукту иш-китебин түзүү же көчүрмөсүн сактоо үчүн, ошо эле учурда түпнускасын сактап калуу үчүн колдоносуз. "Катары сактоо" басканда сиз файлга башка ат берип, жайгашкан жерин да башка жерге сактайсыз.

OneDrive жөнүндө

Сиз документти ачып же сактап жатсаңыз, OneDrive колдонуу мүмкүнчүлүгү бар болот, ал онлайн файл сактоо кызматы сиздин Microsoft Аккаунтуңузга кошулган болот. Бул OneDrive менен ишке ашат, ал документ жана файлдарыңызды онлайн сактоочу кызмат. Сиз OneDrive колдонгуңуз керек болсо, Word'ко Microsoft аккаунтуңуз менен кириңиз. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин OneDrive түшүнүү сабагыбызды көрүңүз.

Документти сактоо үчүн:

Сиз жаңы долбоор баштайсызбы же учурдагы файлга өзгөрүүлөрдү жасайсызбы документиңизди сактап туруу маанилүү. Эрте жана көп учурда сактоо менен ишиңиздин жоголуп кетпөөсүнүн алдын аласыз. Кийинчерээк табуу кыйын болуп калат, ошондуктан, сиз сактаган жериңизди так билип алууга аракет кылганыңыз туура болот.

  1. Тез Табуу куралдар тилкесинен Сактоо буйругун таап, чыкылдатыңыз.
    Тез Табуу Курал Тилкесиндеги Сактоо буйругун чыкылдатуу
  2. Биринчи жолу файлды сактап жатсаңыз, "Катары сактоо" менюсу экрандын арткы көрүнүшүндө пайда болот.
  3. Файлды сактаганга жерди тандашыңыз керек, жана файлдын аталашын жазыңыз. Документти компьютериңизге сактоо үчүн, Компьютерди тандап, Серептөөнү басыңыз. Ошондой эле, OneDrive'да сактоо үчүн OneDrive басыңыз.
    Браузерди чыкылдатуу
  4. Катары сактоо диалог кутучасы пайда болот. Документти сактоочу жайды тандаңыз.
  5. Документиңизге файлдын атын жазып, сактоону басыңыз.
    Катары сактоо диалог кутучасын колдонуу
  6. Документ сакталат. Документ өзгөрүүлөрдү сактап калуусу үчүн, улам-улам Сактоо буйругун басып коюп туруңуз.

Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + S кыска жолу менен сактап тура аласыз.

"Катары сактоо" колдонуп көчүрмөсүн жасоо

Эгер сиз документтин түпнускасын сактап, ошол эле учурда документтин башка нускасын сактагыңыз келсе, анда көчүрмөсүн түзө аласыз. Мисалы, сиздин Sales Report деген файлыңыз бар болсо, аны Sales Report 2 деп сактап коюп, ал файлды түзөтсөңүз болот жана каалаган учурда түпнуска файлга кайтып келүүгө мүмкүн.

Бул үчүн, сиз экрандын арткы көрүнүшүнөн "Катары сактоо" буйругун чыкылдатышыңыз керек болот. Биринчи жолу файлды сактагандай эле файла ат берип, аны кайда сактоону тандасаңыз болот.

Катары сактоо буйругун чыкылдатуу

Демейки сактоо жерин өзгөртүү үчүн:

Сиз OneDrive'ды колдонгуңуз келбесе, балким бул сизге жакпашы мүмкүн, себеби OneDrive демейки жайгашуу жери катары тандалган. Эгер Компьютер папкасын ар бир жолу издеген ыңгайсыз сезилсе, демейки сактоо жерине "компьютер папкасын" орнотсоңуз болот.

  1. Экран артындагы көрүнүшкө кирүү үчүн Файл өтмөгүн тандаңыз.
    Файл өтмөктү чыкылдатуу
  2. Параметрлерди чыкылдатыңыз
    Параметрлерди чыкылдатуу
  3. Word параметрлер диалог кутучасы пайда болот. Сактоону тандаңыз, демейки боюнча компьютерге сактоо менюсунун жанындагы кутуну белгилеп, андан кийин OK деп басыңыз. Демейки сактоо жери өзгөргөн болот.
    Демейки сактоо жерин чыкылдатуу

Авто калыбына келтирүү

Word автоматтык түрдө иш-китебиңизди сиз иштеп атканда убактылуу папкага сактайт. Эгер өзгөрүүлөрдү сактаганды унтуп калсаңыз, же Word иштебей калса, анда Авто калыбына келтирүү менен файлыңызды калыбына келтирип алсаңыз болот.

Авто калыбына келтирүүнү колдонуу үчүн:

  1. Word ачыңыз. Эгер файлдын автосакталган нускалары табылса, Документти калыбына келитрүү панели пайда болот.
  2. Жеткиликтүү файлды ачуу үчүн чыкылдатыңыз. Документ калыбына келет.
    Документти калыбына келтирүү панели

Алдын ала, Wordl, ар бир 10 мүнөт сайын өзү сактап турат. Эгер сиз документтин үстүндө 10 мүнөткө жете элек убакытта иштеп жатсаңыз анын авто сакталган нускасы болбой калышы мүмкүн.

Эгер сизге керектүү файлды көрбөй эле болсоңуз, сиз экрандын арткы көрүнүшүндөгү авто сакталган файлдардын барын серептеп көрүңүз. Жөн гана Файл өтмөгүн тандап, Нускаларын Башкарууну басып, анан Сакталбаган документтерди Калыбына келтирүүнү тандаңыз.

Бардык авто сакталган файлдарга жетүү

Документтерди эскпорттоо

Алдын ала, Word документтерди .docx файл түрүндө сакталат. Бирок, кээде, PDF же Word 97-2003 файл катары сакташ керек болуп калат. Word файлдарынан башка ар түрдүү файлдарга экспорттоо мүмкүн.

Документти PDF файл катары экспорттоо үчүн:

Иш-китебиңизди Adobe Acrobat документи (адатта, PDF деп аталат) катары экспорттоо, өзгөчө пайдалуу болушу мүмкүн, себеби Word жок бирөө менен иш-китепти бөлүшсөңүз- ал үчүн ыңгайлуу болот. Алуучулар PDF файлды көрө алышат, бирок түзөтө алышпайт.

  1. Экран артындагы көрүнүшкө кирүү үчүн файл өтмөгүнө өтөсүз. Экспорттоону чыкылдатыңыз, жана PDF / XPS түзүүнү тандаңыз
    PDF файлын экспорттоо
  2. Катары сактоо диалог кутучасы пайда болот. Сакталуучу жерди тандаңыз, файлдын атын жазып, анан публикация кылыңыз.

Эгер PDF түзөтүү керек болсо, Word PDF файлын түзөтүлүүчү документке конвертация кылып берет. Биздин PDF файлын түзөтүү сабагыбызды окуңуз.

Документти башка файл түрлөрүнө экспорттоо үчүн:

Сиз иш-китебиңизди файлдын башка түрлөрү катары сактаганды үйрөнүү пайдалуу болушу керек, мисалы Word 97-2003 катары. Сиз бөлүшүп жаткан адамдар Word эски нускасын колдонуп жатышы мүмкүн. Эгерде документиңизди жөнөкөй текст нускасы керек болсо . txt файл катары сактасаңыз болот.

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файл өтмөгүнө өтөсүз. Экспортту басып, анан "Файл Түрүн Тандоону" ачасыз.
    Файл түрүн Өзгөртүүнү чыкылдатуу
  2. Жалпы файл түрүн тандап, андан кийин "катары сактоону" чыкылдатыңыз
    экспортко башка файл түрүн тандоо
  3. "Катары сактоо" диалог кутучасы пайда болот. Документтин жайгашуу жерин тандаңыз, файлдын атын жазып, сактап коюңуз.

Ошондой эле "Катары сактоо" түрүн колдонсоңуз болот: ылдый түшкөн менюда документти файлдын көп түрү катары сактаса болот.

Катары сактоо менюсун колдонуп файл түрүн тандоо

Документтерди бөлүшүү

Word OneDrive менен бөлүшүүгө жана иш-китептери боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет. Мурун кимдир бирөө менен бөлүшкүңүз келсе, электрондук тиркеме катары жиберишиңиз керек эле. Ыңгайлуу болгону менен, ал система бир эле файлдын бир нече нускамасын жаратып, аны уюштуруу кыйын эле.

Сиз Word аркылуу бирөө менен бөлүшсөңүз, сиз чынында дал ошол файлга кирүүгө мүмкүнчүлүк бересиз. Бул сиздерге жана сиз бөлүшкөн адамдарга бир документтин үстүнөн иштегенге шарт түзөт.

Документ менен бөлүшүү үчүн, адегенде OneDrive'га сактоо керек.

Документти бөлүшүү үчүн:

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файл өтмөгүн чыкылдатып, анан Бөлүшүү менюсун чыкылдатыңыз.
    Бөлүшүүнү чыкылдатуу
  2. Бөлүшүү панели пайда болот.

Бул жерде документ менен бөлүшүү үчүн ар кандай жолдору бар.

  • Бөлүшүү параметрлери: Бул панель сиз тандаган ыкмага жараша өзгөрөт. Сиз документти кандайча бөлүшөрүңүздү көзөмөлдөө үчүн ар кандай ыкмаларды тандап аласыз.
  • Эл менен бөлүшүү: бул жерден, документти карап чыгууга же кошумча кошууга башкаларды чакыра аласыз. Биз ушул версияны колдонууну сунуштайбыз себеби сизге документти бөлүшүүдө купуялуулукту көзөмөлдөөнүн эң мыкты деңгээлин берет.
  • E-mail: Бул жерде, сиз Microsoft Outlook аркылуу түздөн-түз документти бөлүшө аласыз.
  • Онлайнда презентациялоо: бул жерден, сиз документиңизди онлайнда түз бөлүшө аласыз. Word башкалар интернет браузеринде ача алгандай кылып шилтемени пайда кылат.
  • Документтерди жарыялоо: бул жерден, Word жазмаларыңызды өзүңүздүн блогуңузга түздөн-түз кое аласыз, эгерде сиз колдоого алынган сайттарды колдонсоңуз мисалы, SharePoint Blog , WordPress, жана Blogger сыяктуу.

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. Документтин көчүрмөсүн түзүү үчүн Сактоо катарын колдонуу. Жаңы көчүрмөнү Saving Challenge Practice деп атаңыз. Муну сиздин OneDrive же компьютериңиздеги папкага сактай аласыз.
  3. Документти PDF файл катары экспорттоңуз.

/en/tr_ky-word-2016/-text-basics/content/