Word 2016 Негиздери: Электрондук почтаны бириктирүү (Mail Merge)

Lesson 29: Электрондук почтаны бириктирүү (Mail Merge)

/en/tr_ky-word-2016/-applying-styles/content/

Электрондук почтаны бириктирүү

Электрондук почтаны бириктирүү бул бир тизмеге бир нече каттарды, белгилерди, аталыш ярлыгын, жана башка көбүрөөк маалыматтарды дайындар базасына, же электрондук жадыбалга сактоого мүмкүндүк бере турган пайдалуу курал болуп саналат. Электрондук Почтаны Бириктирүү менен иштеп жатканда, сизге Word документти (сиз учурдагынын бири менен баштайсыз же жаңы бирөөнү түзө аласыз) адатта Excel иш китеби болуп эсептелген жана алуучунун тизмеси, керек болот.

Кошумча: Эгер сабак менен иштегиңиз келсе, төмөнкү мисалды жүктөп алууга болот:

Электрондук почтаны бириктирүү мүмкүнчүлүгүн колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Электрондук почтаны бириктирүүнү колдонуу үчүн:

  1. Учурдагы Word документти ачыңыз, же жаңы түзүңүз.
  2. Почта Жөнөтүү өтмөгүнөн, жайылма менюдан Электрондук Почта Бириктирүү Баштоо буйрукка чыкылдатып жана ылдый түшүү менюдан этабы менен Электрондук Почта Бириктирүүлөрдүн устатын тандаңыз.
    электрондук почта бириктирүү устатын ачуу

Электрондук почта бириктирүү панели пайда болот жана бириктирүүнү толтуруу үчүн алты негизги кадамдарды көрсөтөт. Төмөнкү мисалда каттын формасын кантип түзүү жана кабыл алуучунун тизмеси менен катты кантип бириктирүү керек экенин көрсөтөт.

1 кадам:

  • Word терезенин оң жагындагы Электрондук Почта Бириктирүүлөрдүн тапшырма панелинен, сиз түзүүнү каалаган документтин түрүн тандаңыз. Биздин мисалда, биз каттарды тандап алабыз. Анан Кийинкини басып: документти баштоону кадам 2 ге жылдырабыз.
    электрондук почта бириктирүү кадам 1 толтуруу

2-кадам:

  • Учурдагы документти Колдонууну тандап: анан Кийинки басып: кабыл алуучуларды 3- кадамга жылдырууну тандаңыз.
    электрондук почта бириктирүү 2-кадамды толтуруу

3-кадам:

Word автоматтык түрдө ар бир даректи документке жайгаштыруу үчүн, азыр сизге дарек тизмеси керек болот. Тизме учурдагы файлда болушу мүмкүн, мисалы Excel китепчеде, электрондук почта Бириктирүүлөрдүн устасынын ичинде бир жаңы дарек тизмесин терип жаза аласыз.

  1. Учурдагы тизмени Колдонууну тандаңыз , андан кийин файлды тандоо үчүн, Издөөнү чыкылдатуу.
    учурдагы файлды карап чыгуу
  2. Сиздин файлды жайгаштырып, анан Ачууну чыкылдатыңыз.
    кабыл алуучу тизмеге файл булагын ачуу
  3. Эгер дарек тизмеси Excel китепчеде бар болсо, тизмесден турган иш баракты тандап, андан кийин OK чыкылдытыңыз.
    Керектүү иш барагын тандоо
  4. Электрондук почтаны бириктирүү диалог кутусунда, кайсы алуучулар бириктирүүдө киргизилгенин көзөмөлдөө үчүн ар бир кутучаны белгилеп же белгилебей кое аласыз. Дегинкиси, бардык алуучулар тандалышы керек. Бүтүргөндөн кийин, ОК басыңыз.
     алуучуларды тандоо
  5. Кийинкини чыкылдатыңыз: 4-кадамга жылдыруу үчүн катты жазыңыз.
    электрондук почта бириктирүү 3 кадамды толтуруу

Сизде учурдагы дарек тизмеси жок болсо, сиз бир жаңы тизме баскычын чыкылдатып, жана Түзүүнү басасыз, андан кийин кол менен дарек тизмесин терип жаза аласыз.

4-кадам:

Эми сиз кат жазууга даярсыз. Аны басып чыгарганда, ал каттын ар бир нускасы негизинен бирдей эле болот; болгону алуучунун маалыматтары (мисалы, аты, атасынын аты жана дареги), ар кандай болот. Электрондук Почта Бириктирүүсү так маалыматтарды кайда кошсо болорун жакшы билиш үчүн, сизге толтургучтарды кошуу керек.

Алуучунун дайындарын киргизүү үчүн:

  1. Маалымат сиз каалаган жерде пайда болуш үчүн, документке кыстаруу чекитин жайгаштырыңыз.
    кыстаруу чекитин жайгаштыруу
  2. Толтургучтар параметрлеринин бирин тандоо. Биздин мисалда, биз Дарек блокту тандап алабыз.
    дарек блогун кошуу
  3. Сиздин тандоого жараша, диалог кутучасы ар кандай ылайыкташтыруу параметрлер менен пайда болушу мүмкүн. Керектүү параметрлерин тандап, анан ОК басыңыз.
    толтургучту ылайыкташтыруу
  4. Толтургуч сиздин документте пайда болот.
    кошулган толтургуч
  5. Каалаган башка толтургучтарды кошуңуз. Биздин мисалда, биз Саламдашуу сызык толтургучун каттын жогору жагына кошо алабыз.
    саламдашуу толтургучту киргизүү
  6. Бүтүргөндөн кийин, Кийинки баскычты чыкылдатып: каттарды алдын ала көрүү үчүн 5-кадамга жылдырыңыз.
    электрондук почта бириктирүүнүн 4 кадамды толтуруу

Кээ бир каттар үчүн, сизге жөн гана Дарек блогун жана Салам сабын кошуу керек болот. Бирок, сиз көбүрөөк толтургучтарды (мисалы, алуучунун аты-жөнү же даректери сыяктуу) дагы ,каттын мазмунуна, аны андан ары жекелештирүү үчүн кошо аласыз.

5-кадам:

  1. Алуучунун тизмесинен маалымат туура көрүнүшү үчүн каттарды алдын ала карап чыгуу керек. Сиз документтин ар бир нускасын көрүү үчүн солго жана оңго жылдыруу жебелерин колдоно аласыз.
    ар бир алуучу үчүн каттарды алдын ала көрүү
  2. Эгер баары туура болсо, Кийинкини чыкылдатып: 6 кадам жылуу үчүн бириктирүүнү толтуруңуз.
    электрондук почта бириктирүүнүн 5 кадамды толтуруу

6-кадам:

  1. Катты басып чыгаруу үчүн Басып чыгарууну чыкылдатыңыз.
    электрондук почта бириктирүү панелинде Басып чыгаруу буйругуна чыкылдатуу
  2. Диалог кутучасы пайда болот. Каттардын бардыгын басып чыгаргыңыз келеби ,чечиңиз, учурдагы документтиби (жаздырып алуу), же бир гана тандалган топтубу, андан кийин OK чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз каттардын бардыгын басып алабыз.

     кайсы каттарды басып чыгарууну тандоо

  3. Басып чыгаруу диалог кутучасы пайда болот. Басып чыгаруу орнотууларын тууралоо керек болсо аны жөнгө салыңыз, андан кийин ОК басыңыз. Каттар басылып чыгат.
    Басып чыгаруу диалог кутусунда жасалган ыкмаларды ылайыкташтыруу

Чакырык!

  1. Биздин практикалык документти ачыңыз жана практика алуучулардын тизмесин .
  2. Алуучунун тизме менен катты бириктирүү үчүн Электрондук Почтаны Бириктирүүлөрдүн устатын колдонуңуз.
  3. Документтин жогору жагына дарек блокту кыстаруу. Экинчи форматты тандаңыз: Joshua Randall Jr
  4. Каттын мазмунунун жогору жагына Салам сызыгын киргизиңиз. Бул мырза Joshua Randall, деген саламдашуу линиясын форматтоо.
  5. Каттарыңыз туура форматталганына ынануу үчүн каттарды текшериңиз. Үчүнчү кат ушул сыяктуу болуш керек:
    Электрондук Почта Бириктирүү Чакырыгы
  6. Бириктирүүнү толтуруу.