Word 2016 Негиздери: Табуу жана алмаштыруу (Find & Replace)

Lesson 6: Табуу жана алмаштыруу (Find & Replace)

/en/tr_ky-word-2016/-formatting-text/content/

Табуу жана алмаштыруу

Качан сиз узунураак документтер менен иштеп жатканыңызда, белгилүү бир сөздү же сөз айкашын жайгаштырууда убакытты пайдалануу кыйын болушу мүмкүн. Сиз документтин ичинде маалымат табуу үчүн Табуу функциясын колдонсоңуз болот, ал функция менен мазмунга Алмаштыруу функциясы менен өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Табуу жана алмаштырууну колдонуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Текстти табуу үчүн:

Биздин мисалда, биз бул документте белгилүү бир бөлүмдү табуу үчүн Табуу буйругун колдонобуз.

  1. Башкы өтмөктөн Табуу жана Тандоо буйругун чыкылдатыңыз, анан менюдан Табуу буйругун тандаңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + F баса аласыз.
  2. Багыттоо панели экрандын сол тарабында пайда болот.
  3. Тапкыңыз келген мазмунду киргизиңиз. Биздин мисалда, биз издеген сөздүн атын жазабыз.
  4. Эгер текст табылган болсо, анда ал тандалып алынат. Ошондой эле төмөндөгү жыйынтыктардын бирине бара аласыз.
  5. Бүткөндөн кийин Табуу жана Алмашытруу диалог кутусун жабыңыз. Белги жок болот.

Дагы издөө параметрлери үчүн, издөө талаасынын жанындагы жайылма жебени чыкылдатыңыз.

Текстти алмаштыруу үчүн

Кээде, сиз документиңизде абдан көп жолу ката кетиргениңизди байкайсыз (Мисалы бирөөнүн атын туура эмес жазгансыз) же бир сөз, фразаны башка менен алмаштырышыңыз керек болот. Сиз Word'дун Табуу жана Алмаштыруу функциясын колдонуп, тез кайра карап чыксаңыз болот. Биздин мисалда, биз Табуу жана Алмаштыруу функциясын колдонуп, бөлүм аттарын оңдоп чыгабыз.

  1. Башкы өтмөктөн Табуу жана Тандоо буйругун чыкылдатыңыз жана менюдан Алмаштырууну тандаңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + H баса аласыз


  2. Табуу жана Алмаштыруу диалог кутучасы пайда болот.
  3. Табуу талаасына сиз издеп жаткан текстти киргизиңиз.
  4. Алмаштыруу талаасына сиз кайсы текст менен алмаштыргыңыз келген текстти териңиз. Кийинкини Табууну чыкылдатыңыз.
  5. Эгер мазмун табылса, ал мазмун боз өң менен белгиленет
  6. Текстти карап чыгып, аны алмаштыруу керекпи, ойлонуңуз. Биздин мисалда, текст аталыштын бир бөлүгү жана алмаштырууга муктаж эмес. Биз кийинки натыйжану көрүү үчүн Кийинкин Табууну чыкылдатабыз.
  7. Эгер аны алмаштыргыңыз келсе, алмаштыруу параметрлеринин бирин тандаңыз. Эгер Алмаштырууну тандасаңыз ал бир гана жерде алмаштырат, ал эми Барын Алмаштыруу аркылуу иш-китептеги бардык ошол сөздү камтыган жерлердин бары алмаштырылат.
  8. Текст алмаштырылат.

  9. Бүткөндөн кийин, диалог кутусун жаап коюңуз.

Дагы көбүрөөк натыйжа үчүн, диалог кутудан Дагы дегенди чыкылдатыңыз. Бул жерден, сиз кошумча издөө параметрлерин табасыз.

Бардыгын алмаштырууга келгенде, ал сиз күтбөгөн жана иш жүзүндө өзгөртүүнү каалабаган айкалыштарды таап алышы мүмкүн экенин эстен чыгарбаганыбыз маанилүү. Эгерде сиз бул функцияны колдонсоңуз өзүңүзгө ишенишиңиз керек.

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. Табуу мүмкүнчүлүктү колдонуп, Caroline Gordon сөзүн табыңыз.
  3. T.S. Eliot аты-жөнү туура эмес жазылган. Elliot дегенди Eliot кылып бардык учурларын алмаштырыңыз. Бүткөндөн кийин, сиз үч алмашытруу кыласыз.
  4. Allen Tate аты да ката жазылган. Alan сөзүн Allen кылып алмаштырыңыз.. Жардам: Баарын алмаштырууну колдонууга болбойт. Болбосо, кокустан туура эмес алмаштырып аласыз.

/en/tr_ky-word-2016/-indents-tabs/content/