Windows негиздери: Колдонуучунун аккаунттарын түшүнүү (User Accounts)

Lesson 7: Колдонуучунун аккаунттарын түшүнүү (User Accounts)

/en/tr_ky-windows-basics/-settings/content/

Колдонуучуyнун аккаунттары деген эмне?

Колдонуучунун аккаунту аркылуу компьютериңизге кире аласыз. Алдын ала, сиздин компьютерде бир аккаунт болот. Аны сиз компьютерди алгач жөндөп баштаганда, система аркылуу талап кылынган жана сиз ал аккаунтту түзгөнсүз. Эгер башкалар менен компьютериңизди бөлүшкүңүз келсе, ар бир адам үчүн өзүнчө аккаунт түзүү керек болот.

Өзүнчө колдонуучу аккаунттарын эмне үчүн колдонобуз?

Бул жерде, эмне үчүн өзүнчө колдонуучу аккаунттарын колдонушум керек деген суроо туулушу мүмкүн. Пайдалануу үчүн бардыгы бир гана аккаунт аркылуу иштесе бобот беле? Эгер сиз бир нече адамдар менен компьютерди бөлүшүп жатсаңыз, мисалы үй-бүлөңүз же жумуштагылар менен, анда колдонуучу аккаунттары ар бирине файлдарды, жөндөөлөрдү сактаганга жардам берет. Бул иш аракеттер аркылуу колдонуучулар бири-бирине тоскоол боло албайт. Компьютерде иштеп баштагандан кийин, сиз колдонгуңуз келген аккаунтту тандай аласыз.

Windows 8 скриншоттору

Администратор, стандарт жана башкарылган аккаунттар

Сиз жаңы колдонуучу аккаунттарын түзүү алдында, ар кандай түрлөрүн түшүнүңүз:

  • Администратор: Администратор аккаунттары - өзгөчө аккаунттар. Алар системанын жөндөөлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү же башка адамдардын аккаунттарын башкаруу үчүн пайдаланылат. Алар компьютердеги ар бир жөндөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир компьютерде, жок эле дегенде, бир Администратор аккаунту бар, эгерде компьютердин ээси болсоңуз, ал аккаунттун сырсөзү сизде болушу керек.
  • Стандарт: Стандарттык аккаунттар сиз кадимки эле күндөлүк милдеттерди аткаруу үчүн колдонгон жөнөкөй аккаунттар. Стандарттык колдонуучу катары, сиз каалаган нерселериңиздин баарын жасай аласыз, мисалы программаны иштете аласыз же иш-тактаңызды жөндөй аласыз.
  • Үй-бүлөлүк коопсуздук менен стандарт: Бул аккаунттардын гана Ата-Энелик башкаруу элементтери болот. Сиз ар бир балаңыз үчүн стандарттык аккаунт түзө аласыз, жана Башкаруу панелиндеги үй-бүлөлүк коопсуздук орнотууларынан кээ бир сайттарга чектөөлөрдү, мөөнөттөрдү жана башкаларды орното аласыз.

Жалпысынан алганда, Администратор аккаунтуна караганда стандарт аккаунтуна кирген бир кыйла коопсузураак. Сиз Администратор катары кирип жаткан болсоңуз, анда бирөөлөр үчүн сиздин компьютерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксатсыз кирүү жеңил болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, сиз эч ким менен компьютерди бөлүшпөсөңүз дагы, стандарттык аккаунт түзүүңүз керек болушу мүмкүн. Сиз дагы деле администратор катары өзгөрүүлөрдү жасай аласыз; Бул өзгөртүүлөрдү киргизүү сиз жөн гана администратор сырсөзүңүздү жазышыңыз керек.

Колдонуучунун аккаунттарын кошуу жана башкаруу

Колдонуучунун аккаунттарын кошуу жана башкаруу тартиби Windows'тун версияларына жараша айырмаланып турат. Колдонуучунун каттоо эсептерин кошуу жана башкаруу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, Windows боюнча үйрөткүчтөрдү карап чыгыңыз:

Колдонуучунун аккаунттарынын ортосунда которулуу

Эгер сиздин компьютерде бир нече колдонуучунун аккаунту бар болсо, колдонмолорду жапкандын же чыгып кеткенден көрө колдонуучулар арасында которулуу жеңил болот. Которулууда азыркы колдонуучунун аккаунту кулпуланат, ошондуктан башка бирөө сиздин аккаунтка мүмкүнчүлүк ала албайт.

Колдонуучулардын аккаунттар арасында которулуу үчүн (Windows 8):

Керектүү колдонуучуну Старт экрандын жогорку-оң жагынан табыңыз жана тандаңыз. Кирүү үчүн колдонуучу сырсөз киргизиши керек.

Windows 8 скриншоттору

Сиз менюдан башка каалаган колдонуучуну тандоо үчүн кайрыла аласыз. Аккаунтту ачуу үчүн сырсөздү кайра киргизүүгө туура келет.

Windows 8

Windows 7 колдонуучулардын аккаунттар арасында которулуу үчүн:

Старт баскычын басып, коспьютерди өчүрүү баскычынын жанындагы жебени басып, колдонуучуну которуу менюсун тандаңыз.

Windows 7 скриншоттору

Сиз компьютерди колдонуп бүткөндөн кийин, ал жерден аккаунттан чыгып кете аласыз. Бул башка ар кандай аккаунттар менен компьютерге кирүүгө мүмкүндүк берет.

/en/tr_ky-windows-basics/-shortcuts/content/