Windows негиздери: Ар кандай программалар менен файлдарды ачуу (Opening Files)

Lesson 10: Ар кандай программалар менен файлдарды ачуу (Opening Files)

/en/tr_ky-windows-basics/windows-applications/content/

Ар кандай программалар менен файлдарды ачуу

Windows аркылуу файл ачсаңыз, ал, адатта, файлдын түрүнө жараша демейки программада ачат. Мисалы, сүрөт Windows Сүрөт көрсөткүч колдонмосунда (же Windows 8 сүрөттөр колдонмосунда) демейки боюнча ачылат. Балким сиз мындай болушун ар дайым эле каалай бербейсиз. Бул сабакта, башка программада файлды кандай ачса болот, ошондой эле демейки программаны кантип сиз каалалган программага алмаштырса болоорун үйрөтөбүз.

Сиз Windows 8 колдонуп жатсаңыз, анда файлдар иш-тактадан ачсаңыздар да Старт экранынан ачылат. Эгер иш-тактадан иштегенди жакшы көрсөңүз, иш-такта колдонмосу аркылуу файлды ачууну тандай аласыз. Мисалы, Windows 8 .jpeg сүрөттү демейки режимде Сүрөт колдонмосу аркылуу ачат, бирок анын ордуна иш-тактадан Windows Photo Viewer менен ачат.

Демейки колдонмодо файлды ачуу

Сиз биздин Файлдар менен иштөө сабагыбыздан үйрөнгөндөй, файлдын жайгашкан жерин аныктап жана аны ачуу үчүн файлды кош чыкылдатууңуз керек. Бул файлдын түрүнө жараша демейки программасында ачылат.

Windows 8 скриншоту

Башка программада файлды ачуу үчүн:

Кээде демейки программаны өзгөртпөстөн туруп файлды башка программадан ачкыңыз келет. Мисалы, сиз Microsoft Paint менен сүрөттү кичирейтүү, кесүү үчүн ачайын дедиңиз дейли.

  1. Иш-тактадан, каалаган файлды оң-чыкылдатыңыз.


    Windows 8 скриншоту Файлды оң-чыкылдатуу
  2. Ылдый түшүүчү менюдан "менен ачуу" басып, каалаган колдонмону тандаңыз. Бул мисалда, биз Paint тандап алабыз.


    Windows 8 скриншоту Колдонмо тандоо
  3. Файл тандалган программада ачылат.


    Windows 8 скриншоту Paint колдонмосу

Демейки колдонмону алмаштыруу үчүн:

Сиз кээ бир файлдардын түрлөрү үчүн демейки программаны өзгөртүүнү каалашыңыз мүмкүн, анкени файлды кош чыкылдатканыңызда алар жаңы программада ачылат. Мисалы, сиз сүрөттөр ар дайым Photos колдонмосунун ордуна Windows Photo Viewer менен ачкыңыз келиши мүмкүн.

  1. Иш-тактадан, каалаган файлды оң-чыкылдатуу менен "менен Ачуу" тандап, пайда болгон менюсунан "Демейки программаны тандоо" баскычын чыкылдатыңыз.


    Windows 8 скриншоту Демейки колдонмону тандоо
  2. Керектүү колдонмону тандаңыз. Эгер сиз каалаган программа көрүнбөй жатса, көбүрөөк варианттарды же башка колдонмолорду Серептөө баскычын басыңыз. Бул мисалда, биз файлды Windows Photo Viewer'ден жардамы менен ачкыбыз келип жатат.


    Windows 8 скриншоту Колдонмону тандоо
  3. Файл жаңы программада ачылат. Сиз бул файл түрүн кийинки жолу кош чыкылдатсаңыз, ал жаңы демейки программада ачылат.


    Windows 8 скриншоту Windows Photo Viewer

/en/tr_ky-windows-basics/-flash-drives/content/