PowerPoint 2016 Негиздери: Жадыбалдар (Tables)

Lesson 20: Жадыбалдар (Tables)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-audio/content/

Жадыбалдар

Жадыбалдар (Таблицалар) PowerPoint та маалыматты көрсөтүү үчүн колдоно ала турган дагы бир курал болуп саналат. Жадыбал бул иретке келтирилген катар саптар жана тилкелерден турган уячалардын торчосу. Жадыбалдар текст маалыматтарды жана сандык маалыматтарды камтыган, ар кандай тапшырмалар үчүн пайдалуу. Атүгүл презентацияңызды чактап жадыбалдарды ылайыкташтыра аласыз.

Кошумча: Биздин практикалык презентацияны жүктөп алыңыз .

PowerPoint ка жадыбалдарды киргизүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Жадыбалды кыстаруу үчүн:

  1. Кыстаруу өтмөгүнөн тартып, Жадыбал буйругун чыкылдатуу.
  2. Жадыбалдан керектүү санын тандоо үчүн аянттын торчосунун үстүнө чычканды кармаңыз. Биздин мисалда, биз алты катардан жана алты тилкеден (6x6) турган жадыбалды киргизе алабыз.
    Жадыбалды киргизүү
  3. Жадыбал учурда бөлүнүп алынган слайддын пайда болот. Биздин мисалда, ал слайд 3.
  4. Жадыбалдын каалаган жерине чыкылдатыңыз жана текстти кошуу үчүн терип жаза баштаңыз. Ошондой эле, жадыбал аркылуу багыттоо үчүн баскычтопту Tab баскычын же жебе баскычтарын колдоно аласыз.
    Жаңы таблицага текстти кошуу

Ошондой эле, Толтургучтан Жадыбал Киргизүү буйрукка чыкылдатуу менен жадыбалды киргизе аласыз.

Толтургучтан жадыбал киргизүү

Жадыбалдарды өзгөртүү

PowerPoint жылдыруу жана өлчөмүн өзгөртүү, ошондой эле катарларын жана тилкелерди кошуу ыкмалардан турат жана жадыбалдарды ылайыкташтырууга бир нече параметрлерди камтыйт.

Жадыбалды жылдыруу үчүн:

  • Чыкылдатып жана слайдды бир жаңы жерге жылдыруу үчүн жадыбалдын четинен тартып сүйрөңүз.
    Таблица жылдыруу

Жадыбалдын өлчөмүн өзгөртүү:

  • Жадыбал керектүү көлөмгө келгенге чейин өлчөм туткаларын сүйрөп жана чыкылдатыңыз.
    Жадыбалдын өлчөмүн өзгөртүү

Катарды же тилкени кошуу үчүн:

  1. Каалаган жериңизге катар жана тилке кошуу үчүн чектеш уячага чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, Табышмактуу деп аталган клетканы тандап аласыз.
    Уячаны тандоо
  2. Тасманын оң жагынан Калып өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  3. Саптар & Тилкелер тобун жайгаштырыңыз. Эгер сиз жаңы катарды киргизгиңиз келсе, Жогорку Киргизүүнү же Төмөнкү киргизүүнү тандаңыз. Эгер сиз жаңы тилкени киргизгиңиз келсе, Солго Киргизүү же Оңго Киргизүүнү тандаңыз.
    Катарды киргизүү
  4. Жаңы сап же тилке пайда болот.
    Жаңыдан киргизилген катар

Сапты же тилкени алып салуу үчүн:

  1. Каалаган сапты же тилкени тандаңыз. Биздин мисалда, жадыбалдын түбүндөгү бош сапты тандап алабыз.
    Бош катарды тандоо
  2. Саптар & Тилкелер топтон, Калып өтмөгүнөн тартып, Алып Салуу буйругуна чыкылдатыңыз, анан Саптарды Алып салууну же Тилкелерди Алып салууну менюдан тандаңыз.
    Катарды алып салуу
  3. Тандалган сап же тилке жок кылынат.
    алынып салынган катар

Ошондой эле Киргизүү жана Алып салуу буйруктарына жадыбалдын оң жагын басуу менен мүмкүнчүлүк ала аласыз .

Киргизүү жана Алып салуу параметрлерге оң-чыкылдатуу менен мүмкүнчүлүк алуу

Жадыбалды алып салуу үчүн:

  • Сиз алып салууну каалаган жадыбалдын четин чыкылдатыңыз, андан кийин Артка өчүрүүнү же Алып салуу ачкычын тергичтен басыңыз.

Калып өтмөгүнөн жадыбалдарды өзгөртүү

Сиз жадыбалды тандап жатканда, Дизайн жана Калып өтмөктөрү Тасманын оң жагында пайда болот. Калып өтмөгүндөгү буйруктарды колдонуу менен жадыбалга ар кандай өзгөртүүлөрдү жасай аласыз.

Бул жерде Калып өтмөгүндөгү ар кандай буйруктар.

  • Кошуу же Саптарды жана Тилкелерди алып салуу: Сиз жадыбалыңыздан эгер керек болсо, катарларды жана саптарды киргизип же алып сала аласыз.
  • Бириктирүү жана ажыратуу уячалары: Кээ бир жадыбалдар стандарттык сеткага туура келбеген калыпты талап кылат. Мындай учурларда сизге бириктирүү же бөлүү керек болот.
  • Уячанын өлчөмү: Бул жерде, сизге керек болгон катардын бийиктигин же тилкелердин жазылыгын терип жаза аласыз. Эгер, сиз дароо алардын мазмунунун негизинде уячаларды өзгөртүүгө AutoFit буйругун чыкылдата аласыз.
  • Тексттин тегиздиги: тексттин тегиздигин өзгөртүү менен, текст уячалардын ичинде кандай жайгашканын көзөмөлдөй аласыз.
  • Саптарды жана тилкелерди бөлүштүү: Сиздин Жадыбалды (таблица) тыкан жана уюшкандыкта сактоо үчүн, алардын баарын бир өлчөмдө кылып, катарларды же тилкелерди бөлүштүрүгө болот.
  • Текст багыты: текст багытын өзгөртүү үчүн, сиздин жадыбалга стилди кошууга болот. Бул тилкелерди ылайык келтирүү керек болуп калса, бош орундарды сактап калууга жардам берет.

Жадыбалдарды ылайыкташтыруу

PowerPoint сиздин жадыбалдардын көрүнүшүн жана сезилишин өзгөртүү оңой болушуна мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, сиз тез эле башка таблица стилдерин жана таблицанын чектерин ылайыкташтырууну колдоно аласыз.

Жадыбал стилин колдонуу үчүн:

  1. Жадыбалдан каалаган уячаны тандаңыз, анан Тасманын оң жагындагы Дизайн өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  2. Жадыбал стилдери тобун жайгаштырыңыз, андан кийин жеткиликтүү таблица стилдерин көрүү үчүн көбүрөөк ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
    Жадыбал стилдерин көрүү үчүн Көбүрөөк ылдый түшүү жебесин чыкылдатуу
  3. Керектүү стилиди тандаңыз.
    Жадыбал стилин тандоо
  4. Тандалган жадыбал стили пайда болот.
    Колдонулган жадыбал стили

Жадыбал стили параметрлерин өзгөртүү:

Жадыбалдын көрүнүшүн өзгөртүү боюнча ар кандай ыкмаларды күйгүзүп же өчүрө аласыз. Алты параметрлер бар: Башкы катар, Жалпы катар, Кезектелген катарлар, Биринчи тилке, Акыркы тилкеде, жана Кезектелген тилкелер.

  1. Жадыбалдан каалаган уячаны тандаңыз.
  2. Дизайн өтмөгүнөн, Жадыбал Стил Параметрлер топторунан керектүү параметрлерин текшерүү же текшербөө.
    Ар кандай Жадыбал Параметрлерин колдонуу

Бул параметрлери сиздин жадыбал стилге, таблицанын мазмун түрүнө жараша, ар кандай жолдор менен жадыбал стилиңизге таасир этиши мүмкүн. Сиз каалаган так стилин табуу үчүн бир нече жолдор менен тажрыйба керек.

Жадыбалга чектерди кошуу:

Жадыбалдын башка бөлүмдөрүн аныктоого жардам берүү үчүн чек кошууга болот. Айрым жадыбал стилдери чектерди автоматтык түрдө камтышы мүмкүн, бирок аларды кол менен кошуу же аларды орнотуу жеңил болот. Сиз жадыбалдын айрым же бардык чек салмагын, түсүн жана сап стилин көзөмөлдөй аласыз.

  1. Чек кошкуңуз келген уячаларды тандаңыз. Биздин мисалда, биз ар бир уячаны тандап алабыз.
  2. Жасалгалоо өтмөгүнөн, каалаган Сызык Стилин, Сызык Салмагын жана Калем Түсүн тандаңыз.
    Чек стили ылайыкташтыруу
  3. Чектер ылдый түшүү жебени чыкылдатып, анан керектүү чек түрүн тандаңыз.
    уячалардын чек колдонуусу
  4. Чек тандалган уячаларга кошулуп берилет.
    колдонулган чектер
  5. Чектерди алып салуу үчүн керектүү уячаларды тандаңыз, Чектер буйругун басып, жана Чек Жок тандаңыз.

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз .
  2. Акыркы слайддан, тилкелерден 5ти жана катардан3 тү жадыбалга киргизиңиз.
  3. Биринчи катарында, айдын аттарын Январдан Майга чейин жазыңыз. экинчи жана үчүнчү катарларда, сиздин тандоо боюнча арзандатылган сатуу суммасын жазыңыз (мисалы, 1329 $).
  4. Жадыбалдын стилин өзгөртүү.
  5. Жадыбалдын сол жагында тилке киргизүү.
  6. Жаңы тилкенин экинчи катарына, Түндүк Регион обл. жазыңызҮчүнчү катарына Түштүк обл. жазыңыз.
  7. Акыркы тилкени алып салуу.
  8. Слайддын көпчүлүк ордун алыш үчүн, сиздин жадыбалдын өлчөмүн өзгөртүңүз.
  9. Туурасынан жана тик багытта текстти борборлоштуруу.
  10. Бүткөндөн кийин, слайд бул (жадыбал стили жана түстөрдүн өзгөрүшү мүмкүн) сыяктуу болушу керек:
    Жадыбалдар Чакырыгы

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-charts/content/