PowerPoint 2016 Негиздери: Слайд Мастер Көрүнүшү (Slide Master View)

Lesson 27: Слайд Мастер Көрүнүшү (Slide Master View)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-themes/content/

Слайд Мастер Көрүнүшү

Сиз PowerPoint башка теманы тандаганда, ал слайддагы текстти кайра уюштурат жана фонуна фигураларды кошот. Анын себеби ар бир теманын ичинде слайд макети жана фон графикасы бар. Сиз бир макетти Слайд Мастер Көрүнүшү деген функция менен түзөтө аласыз. Слайд Мастер Көрүнүшүн колдонгонду билген соң, сиз слайд шоуңуздун барын бир нече чыкылдатуу менен ыңгайлашытыр аласыз.

Кошумча: Биздин практика презентациябызды көчүрүп алыңыз.

Слайд Мастер Көрүнүшүн колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Слайд Мастер көрүнүшү деген эмне?

Слайд Мастер көрүнүшү бул Power Point ичиндеги атайын функция, анын жардамы менен слайд жана слайд макеттерин тез өзгөртө аласыз. Ал жерден, сиз слайд мастерди түзөтө баштайсыз, ал презенациядагы ар бир слайга таасир берет. Ошондой эле, сиз жеке слайд макеттерин түзөтө аласыз, ал макеттерди колдонгон ар бир слайдды өзгөртөт.

Мисалы, сизге жаккак теманы таап алдыңыз дейли, бирок сизге слайд макеттери жакпай жатат дейли. Слайд Мастер көрүнүшүн колдонуп макеттерди өзүңүгө жаккандай кылып ыңгайлаштырып алсаңыз болот.

слайд мастер көрүнүшү

Слайд Мастер Көрүнүшүндө Слайд Мастер өтмөгү тасмада биринчи болуп көрүнөт, бирок сиз буйруктарды башка өтмөктөрдөн да таба аласыз.

Слайд Мастер Көрүнүшүн колдонуу

Эгер слайддарга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизсеңиз да же кичине эле өзгөртүү киргизсеңиз да, Слайд Мастер Көрүнүшү сизге профессионалдуу презентацияны түзгөнгө жардам берет. Сиз Слайд Мастер көрүнүшүн колдонуп презентациядагы көп нерсени өзгөртө аласыз, бирок бул жерде аны колдонуунун кээ бирлери.

  • Фонду өзгөртүү: Слайд Мастер Master мазмунун ал ошол эле учурда сиздин көчкү бардыгы үчүн билим орнотуу жеңил кылат. Мисалы, сиз суу белгисин же логотипти ар бир слайдка кошо аласыз, же темадагы фон графигин өзгөртө аласыз.
  • Толтургучтарды иретке салуу: сиз толтургучтарды ар бир слайдда иретке салып жатсаңыз, сиз Слайд Мастер Көрүнүшү менен иретке салсаңыз болот. Слайд Мастер Көрүнүшү менен бир макетти иретке салсаңыз, ал макети бар башка слайддын бары өзгөрөт.
  • Текст ылайыкташтыруу: Ар бир слайдда тексттин түсүн өзгөртүүдөн көрө Слайд Мастер Көрүнүшү менен тексттин түсүн бардык слайддарда бир эле учурда өзгөртсөңүз болот.
  • Уникалдуу слайд макетин түзүү: Эгер сиз демейки PowerPoint темаларынан башкача презентация түзгүңүз келсе, сиз Слайд Мастер Көрүнүшүн колдонуп өз макетиңизди түзө аласыз. Салттуу калыптар сиздин фон графикаларыңызды жана толтургучтарды өзүнө камтышы мүмкүн.

Кээ бир жалпы презентация өзгөрүүлөрү, мисалы арип жана тема түстөрүн өзгөртүүлөр тез Дизайн өтмөгүнөн аткарыла алат. Биздин Темаларды өзгөртүү сабагыбызды көбүрөөк билүү үчүн карап чыгыңыз.

Бардык слайддар үчүн өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн:

Эгер презентацияңыздагы слайддарда бир нерсе өзгөрткүңүз келсе, анда Слайд Мастерден өзгөртө аласыз. Биздин мисалда, биз ар бир слайдга логотип кошобуз. Эгер сиз биздин мисал менен иштейм десеңиз, бул сүрөттү оң чыкылдатып, компьютериңизге сактап алыңыз.

mongibello макаронунун логотиби
  1. Көрүү өтмөгүн тандаңыз жана Слайд Мастер Көрүнүшү буйругун чыкылдатыңыз.
    Көрүнүш өтмөгүндө Слайд Мастер Көрүнүшү буйругун тандоо
  2. Презентация Слайд Мастер Көрүнүшүнө которулат жана Слайд Мастер өтмөгү Тасмада тандалат.
  3. Сол багыттоо панелинде, өйдө-ылдый жылдырып, биринчи слайдды тандаңыз. Бул слайд мастериңиз болуп саналат.
    слайд мастерди тандоо
  4. Слайд мастериңизге каалаган өзгөртүүлөрдү киргизиңиз. Биздин мисалда, биз Mongibello логотиби сүрөтүн киргизебиз.
    слайд мастерге сүрөт кошуу
  5. Жылдырып, өлчөмүн өзгөртүп же слайд объектилерин жок кылыңыз. Биздин мисалда, биз логоптин өлчөмүн кичирейтип, аны ылдыйкы оң бурчка жылдырабыз.

    Логотипти слайд мастердин ылдыйкы оң бурчуна жылдыруу

  6. Сиз даяр болгондо Слайд Мастер Көрүнүшү буйругун чыкылдатыңыз.
    Слайд Мастер Көрүнүшүн жабуу
  7. Өзгөртүү презентациянын бардык слайддарында пайда болот.
    бир нече слайддарда пайда болгон логотип

Слайд мастерге өзгөртүү киргизсеңиз, ал ар бир слайдда кантип өзгөргөнүн кыскача карап чыгуу жакшы болот. Сиздин кээ бир слайддарыңыз туура эмес көрүнүшү мүмкүн. Кийинки бетте, биз муну оңдогонду көрсөтөбүз, ал үчүн ар бир слайд макетин ылайыкташтыруубуз керек.

Слайд макетин жекелештирүү

Сиз Слайд Мастер КӨрүнүшүн колдонуп слайд макетин өзгөртө аласыз. Кичине өзгөртүүлөрдү кылуу - жеңил, мисалы фон графикасын өзгөртүү, ошондой эле орчундуу өзгөртүүлөрдү да кылса болот, мисалы толтургучтарды кайрадан тартипке салуу же жок кылуу. Слайд мастерден айырмаланып, макеттеги өзгөрүүлөр ошол макетти колдонгон макеттерге гана колдонулат.

Учурдагы слайд макетин жекелештирүү үчүн:

Биздин мисалда биз жаңы кошкон логотип сүрөттүн артына жашынып турат. Биз логотипке орун даярдоо үчүн бул макетти жекелештиребиз.

  1. Слайд Мастер Көрүнүшүнө багыттайбыз.
    Көрүнүш өтмөгүндөгү Слайд Мастер Көрүнүшү буйругун тандоо
  2. Сол багыттоо панелинде каалаган макетти тандаңыз. Кайсы слайддар кайсы макетти колдонуп жатканын билүү үчүн курсорду слайддардын үстүнө жайгаштырыңыз.
    Белгилүү бир слайд макетин тандоо
  3. Кээ бир макеттерде, фон графикасы жашырылган болушу мүмкүн. Графиканы көрсөтүү үчүн Фон Графикасын Жашыруу кутучасын оңдоп коюңуз.
    Фон сүрөттөрүн көрсөтүү
  4. Кандайдыр бир объекттерди кошуңуз, жылдырыңыз же жок кылыңыз. Биздин мисалда, биз боз фон фигурасын жок кылабыз.
    Слайд макетинен фигураны жок кылуу
  5. Сиз толтургучтардын иреттерин өзгөрткүңүз келсе, анда сиз аларды жылдырып, кичирейтип же жок кыла аласыз. Биздин мисалда, биз текст толтургучтарды жылдырып, кара тилкени оңго жылдырабыз жана сүрөт толтургучту солго жылдырабыз.
    Слайд макетинен мазмунду кайра уюштуруу
  6. Сиз даяр болгондо, Слайд Мастер Көрүнүшү буйругун жабуу баскычын чыкылдатыңыз.
    слайд мастер көрүнүшүн жабуу
  7. Макет колдонгон бардык слайддар жаңыртылат.
    Слайд макети жаңыртылды

Ошондой эле, слайд мастердеги толтургучтарды жылдырсаңыз болот, алар көптөгөн слайд макеттердеги толтургучтарды бир учурда жылдырат. Бирок, кээ бир слайд макеттери кол менен өзгөртүлүшү керек.

Текст форматтоону өзгөртүү

Ошондой эле Слайд Мастер Көрүнүшү аркылуу текст форматтоону, арип, текст өлчөмү, түс, жасалгалоолорду жекелештире аласыз. Мисалы, сиз презентациянын ичиндеги ар бир толтургучтагы арипти өзгөрткүңүз келсе, анда слайд мастердеги аталышын өзгөртсөңүз болот.

Слайд мастерде аталыш толтургучу өзгөрдү

Ар бир толтургуч мастер стиль аталышына байланышкан. Мисалы, аталыш арипти өзгөртүүгө чейин слайддарды карап чыккыла

Мастер слайдды аталышы толтургучунун арибин өзгөртүүгө чейин

Азыр эми аталыш арипти өзгөрткөндөн кийин ошол эле слайддарды караңыз.

слайд мастер толтургучуна жаңы арип колдонулгандан кийин

Ар бир жеке толтургучту өзгөрткөндүн ордуна презентация темасынын арибин өзгөртүп койсоңуз болот. Слайд Мастер Көрүнүшү өтмөгүнөн, Ариптер буйругун тандап, каалган арипти тандаңыз.

Слайд Мастер Көрүнүшү өтмөгүнөн тема ариптерин өзгөртүү

Жаңы слайд макетин түзүү

Слайд Мастер Көрүнүшүнүн маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири -жаңы слайд долбоорун түзүү болуп саналат. Учурдагы темага кызыктуу жана өзгөчө слайд макетин кошуу үчүн жөнөкөй жолу. Сиз керек болсо бул функцияны колдонуп такыр эле жаңы теманы жасай аласыз, мисалы төмөнкүнү караңыз.

уникалдуу слайд макеттерине иштелип чыккан тема

Жаңы слайд макетин кыстаруу үчүн:

  1. Слайд Мастер Көрүнүшүнө багыттаңыз. Слайд Мастер Көрүнүшү өтмөгүнөн Макетти кыстаруу буйругун чыкылдатыңыз.
    Жаңы слайд макетин кошуу
  2. Жаңы Слайд Макети пайда болот.
    жаңы слайд макети
  3. Макет демейки боюнча толтургучтун аталышы жана төмөнкү колонтитулун камтыйт. Аталышы жана Төмөнкү колонтитулдар кутучаларын чыкылдатыңыз. Аларды өчүрүпңкүйгүзсөңүз болот.
    Мастер макет тобунун аталышы жана төмөнкү колонтитул толтургучтары иштелүүдө
  4. Сиз эми фон графикаларын, сүрөттөрү, фигураларды слайд маектине кошо аласыздар. Ошондой эле сиз колдонуудагы толтургучтарды жылдырып, оронтуп жана жок кыла аласыздар. Биздин мисалда, биз төмөнкү-оң бурчка толтургучтарды жылдырабыз. Ошондой эле текстти оң жакка түздөөгө өзгөртүп койдук.
    жаңы слайд макетин толтургучту жылдыруу
  5. Жаңы толтургучтарды кошуу үчүн, толтургуч буйругун кыстарыңыз, анан каалаган толтургучтун түрүн тандаңыз. Бул мисалда, биз Сүрөт толтургучун колдонобуз.
    сүрөт толтургучун кошуу
  6. Слайддагы толтургучту тартуу үчүн аны чыкылдатып, сүйрөңүз.
    Өзгөчө Слайд макетине жаңы толтургуч тартуу

Өзгөчө макеттин атын кайра өзгөртүү үчүн:

Сиз макетти иштеп бүткөндөн кийин, аны табуу жеңил болушу үчүн ага уникалдуу ат беришиңиз керек.

  1. Слайд Мастер Көрүнүшүнөн каалган макетти тандап, анан Атын кайра атоо буйругун чыкылдатыңыз.
    Кайра атоо буйругун басуу
  2. Диалог кутучасы пайда болот. Керектүү атты терип, Кайра атоо баскычын чыкылдатыңыз
    Өзгөчө Слайд макетин кайра атоо

Өзгөчө макетти колдонуу үчүн:

Жекелештирилген Слайд макети түзүлгөн кийин, ал макетке жаңы слайд кошуу жеңил.

  1. Эгер сиз азыр Слайд Мастер Көрүнүшүндө болсоңуз Мастер Көрүнүшүн Жабуу буйргун чыкылдатыңыз.
  2. Башкы өтмөктөн жаңы слайдды кошо аласыз. Биздин мисалда, биз Маект буйругун тандап, жана жаңы стилди 6-слайдка кошобуз.
    Өзгөчө макетти колдонуу
  3. Жекелештирилген слайд макети колдонулат.
    Жаңы слайд макети колдонулат

PowerPoint ошондой эле сиз иштеп жаткан слайд макеттерине жаңы толтургучтарды кошууга жол берет.

Жекелештирилген макеттерди башка презентацияларда колдонуу

Слайд Мастер Көрүнүшүндө слайд мастерди же слайд макеттерин өзгөрткөнүңүздө, сиз иш жүзүндө учурдагы теманын жекелештирилген нускасын түзүп жатасыз. Эгер сиз бул теманы башка презентацияларга колдонгуңуз келсе, анда аны сактоо керек.

Теманы сактоо үчүн:

Слайд Мастер Көрүнүшү өтмөгүнөн, Темалар буйругун чыкылдатып, анан жайылма менюдан Учурдагы Теманы тандаңыз.

Теманы сактоо

Слайд Мастер Көрүнүшүндү эмес болсоңуз, теманы Дизайн өтмөгүнө сактай аласыз. Темалар тобундагы жайылма жебени чыкылдатып, анан Учурдагы теманы тандоону басыңыз.

дизайн өтмөгүнөн теманы сактоо

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практика презентациябызды ачыңыз. Сиз буга чейин презентацияны жүктөп албасаңыз, анда жүктөп алыңыз, ал жерде сабактар да бар.
  2. Слайд мастерде Стиль-7 фон стилин өзгөртүңүз.
  3. Слайд мастердин сол жагындагы бийик тик бурчтукту жок кылыңыз
  4. Слайд мастер көрүнүшүн жаап, 4-слайдды тандаңыз. Сиздин слайд ушул сыяктуу болушу керек:
    Слайд Мастер Көрүнүшү. 2-чакырык
  5. Слайд Мастер Көрүнүшүн кайра ачыңыз. Коштомо макети бар сүрөттүн сол жагындагыфон фигурасынын түсүн Dark Aqua кылып өзгөртүңүз.
  6. Бүткөндөн кийин, 2-слайд ушул сыяктуу болушу керек:
    Слайд Мастер Көрүнүшү. Чакырык
  7. Кошумча: Темаңызды компьютерге сактаңыз.

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-hyperlinks/content/