Интернет коопсуздугу: Интернет коопсуздугуна киришүү (Intro)

Lesson 1: Интернет коопсуздугуна киришүү (Intro)

Интернет коопсуздугуна киришүү

Онлайнда каалаганыңызды жасоого дээрлик эч кандай чек жок. Интернет аркылуу тез арада маалымат алуу же дүйнө жүзү боюнча баарлашуу, жана дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү жасаса болот. Тилекке каршы, интернет тобокелдиктердин үйү да болуп саналат мисалы бул сыяктуу спам, зыяндуу программалар жана фишиң. Онлайнда коопсуз калгыңыз келсе, тобокелдиктерди түшүнүп жана алардан алыс болгонго үйрөнүшүңүз керек.

IBM социалдык маалымат каражаттары тарабынан жалпы онлайн коркунучтары жана алардан кантип качуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөндөгү видеону көрүңүз.

Коопсуз ой-жүгүртүүнү өздөштүрүү

Компьтерлер бизге жалган коопсуздук түшүнүгүн бериши мүмкүн. Ушунун баарынан кийин, компьютер экраны аркылуу эч ким физикалык зыян келтире албайт. Бирок онлайнда коопсуз калуу үчүн, абайлап мамиле жасоону каалайсыз. Бул жөнүндө ойлонунун бир жолу: Сиз интернетке соода борборундагыдай мамиле жасаңыз. .

Көпчүлүк адамдар соода борбору өзгөчө коркунучтуу жер экенин эсептешпейт. Сиз ал жакка соода кылууга жана досторуңуз менен жолугушууга барасыз. Бирок, көп учурда коопсуз калуу үчүн кичинекей нерселерди жасасаңыз болот жада калса алар жөнүндө ойлобосоңуз дагы. Мисалы, сиз, балким, машинеңизди бекитпей таштап кетпейсиз же чоочун адамга насыя карта номериңизди бербейсиз.

Качан болсо интернетти ошол эле ой-жүгүртүү менен колдонуңуз. Интернетти колдонуудан коркпоңуз, бирок, чыныгы жашоодо дуушар боло турган тобокелдиктердин көп экенин унутпашыбыз керек. Бул үйрөткүч аркылуу интернеттеги тобокелдиктерден, өзүңдү коркунучка калтырбай кантип даярданууну көрсөтөбүз.

Ошентип, Сиз эмнени күтүп жатысыз? Анда келгиле баштайлы!

/en/tr_ky-internet-safety/-strong-passwords/content/