Интернет коопсуздугу: Браузердин көз салуусун түшүнүү (Browser Tracking)

Lesson 7: Браузердин көз салуусун түшүнүү (Browser Tracking)

/en/tr_ky-internet-safety/-shopping/content/

Браузердин көз салуусун түшүнүү

Интернетти колдонгондо сиз кайсы cайттарга киргениңиз, кайсы шилтемени басканыңыздын баары жазылып калат. Бул маалыматтарга көз салып туруу үчүн көп сайттар кичинекей дайындарды веб браузериңизге сакташат, ал дайындарды куки (cookie) деп коюшат. Браузердеги иш-аракеттериңерге көз салуу үчүн көп браузерлер кукилерден тышкары сиздин колдонуучунун аккаунттарын да колдонушат. Браузердин мындай көз салуусу сиздин онлайн коопсуздугуңуз үчүн кооптуу коркунуч туудурбайт, бирок сиздин онлайн дайындарыңызга кандай көз салынып турат жана колдонулат - аны түшүнүүңүз маанилүү.

Эмне үчүн сайттар браузердеги аракеттерге көз салып турат?

Вебсайттын сиздин браузер аракеттериңизге көз салганынын бир нече себеби бар. Кээ бир учурларда жөн гана сиздин браузердеги иш-аракеттериңизди тез жана ыңгайлуу кылуу үчүн колдонулат. Бирок, бул дайындар сиздин серептөө адаттарыңызды жана артыкчылыктарыңызды билиш үчүн да колдонулат. Бул маалыматты жарнама берүүчүлөр көп колдонушат, анткени сизге интернетте кандай жарнама көрсөтсө болоорун аныкташат. Бул бир нече жалпы мисалда сайттардын сиздин иш-аракеттериңизге көз салуусу:

  • YouTube жана Netflix сыяктуу видео сайттары сиз көргөн видеолор тууралуу маалымат чогултуп, сизге жага турган дагы видеолорду сунуштайт.
  • Amazon жана eBayсыяктуу онлайн дүкөндөрү сиз көргөн, сатып алган нерселериңерди байкайт жана ушуга окшогон башка нерселерди сизге сунуштайт.
  • Google сыяктуу издөө системалары сиз издеген нерселерге көз салышат. Бул тийиштүү издөөлөрдү сизге сунуш кылууга жардам бере алат, бирок ал ошондой эле жарнамалык максатта колдонулушу мүмкүн. Мисалы, Google жардамы менен кофе аппарат издедиңиз дейли, келечекте башка сайттардан сизге арналган кофе аппараттарынын жарнамасын көрүшүңүз мүмкүн.

Кукилер кандай иштейт?

Кукилер сиз башка сайттарда басып кирген нерселерди, баскан шилтемелериңерди сайттарда сактай алат. Кайсы бир сайтта аккаунтуңуз жок болсо, анда бул маалымат адатта сиздин браузерде кукилерде сакталат. Мисалы, маалымат сайтына сиз баш бактыңыз, ал сайт кукилерди колдонуп, сиз окуган макалаларды эстеп калып, ага окшогон башка макалаларды сунуштай алат.

Жарнамадан алынган бул видеону көрүп, кукилер кандай иштээрин түшүнүңүз.

Кукилер үчүн тынчсызданышым керекпи?

Жалпылап айтканда, кукилер онлайн коопсуздугуңузга олуттуу коркунуч туудурбайт. Сиз кукилерди колдонуп, кесепеттүү программаны көчүрүп же каржылык маалыматты ачыкка чыгарып албайсыз. Ошентсе да, сиз тууралуу сайттарыдн маалымат топтоп жатканы жакпаса, кукилердин ишин чектеп коюуга болот.

Куки көз салуусун болтурбоо үчүн эмне кылыш керек?

Куки көз салуусун болтурбоонун бир нече ар кандай жолдору бар. Кээ бир сайттар чынында, куки көз салууну болтурбоо мүмкүнчүлүктөрүн өчүрүп коюшу мүмкүн, ага карабастан белгилүү сайттарды дагы иштетпей коет.

Кукилерди өчүрүү

Эгер сиз толугу менен кукилерди кабыл алуудан баш тарткыңыз келсе, анда сиздин браузерде Do Not Track орнотууга аракет жасаңыз. Браузерлердин көпчүлүгү жарыяланбаган мүнөздөмөлөр аркылуу өчүрүлөт, бирок, адатта, купуялык жөндөөлөрүнөн туташтырууга мүмкүн.

Google Chrome'до Do Not Track функциясын күйгүзүү.

Do Not Track программасына катышуу ыктыярдуу болуп саналат, айрым сайттар бул өтүнүчтү урматташпайт. Сиз таптакыр кукилерге жологондон качууну кааласаңыз, анда сиз онлайнга отурганыңызда жеке браузериңизди колдонуңуз. Бул сиздин браузерде ар кандай кукилердин сакталып калышынан алдын ала жардам берет.

Купуя серептөө өтмөгүн колдонуу

Do Not Track күйгүзүүнү жана жеке карап чыгуу ыкмаларын колдонуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, биздин сабакты карап чыгыңыз жеке карап чыгуу .

Аккаунтка көз салуу

Сайттарга кукилерди сактоого эч качан жол бербесеңиз да, байкоо жүргүзүүнүн карап чыгуу адаттарынын башка жолдору бар. Мисалы, сиз аккаунттарды каттоодо Facebook же Google , сыяктуу сайттарда аларга көз салып жана иш аракеттер жөнүндө маалыматтарды сактоо үчүн уруксат берип жатасыз. Маалыматты кукиде сактоонун ордуна, бул компания жана аккаунтуңуз аркылуу байланышы тарабынан сакталат.

Көп учурларда, бул маалымат Интернет аркылуу үчүнчү тараптагы жарнамачыларга берилет. Бул маалыматты колдонуп алар интернетте жекечелештирилген жарнама жиберишет. Сиз адатта бул көзөмөлдөө орнотууларды өчүрө аласыз, ал эми өчүрбөсөңүз алар демейки боюнча иштетилген болот.

Facebook жарнама жөндөөлөрүн өзгөртүү

Кызмат көрсөтүүчүлөр менен бирге маалымат көзөмөлдөө тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Facebook Купуялык саясатын жөндөө жана Google Купуялык саясатын түшүнүү сабактарыбызды карап көрүңүз.

/en/tr_ky-internet-safety/-social-media/content/