Балдар үчүн интернет коопсуздугу: Социалдык тармактарды коопсуз колдонуу (Social Networks)

Lesson 4: Социалдык тармактарды коопсуз колдонуу (Social Networks)

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-cyberbullying/content/

Социалдык тармактарды коопсуз колдонуу

Facebook Facebook

Социалдык тармакташуу сайттары болуп көрбөгөндөй популярдуу болду жана алар элдин Интернетти колдонуу жолдорун өзгөртүп жатат. Бир нече абдан популярдуу сайттар Facebook, Google+ жана Twitter болуп саналат. Бул сайттар адамдардын достору менен байланышып турууга, шилтемелерди бөлүшүүгө, иш-чараларды пландоого жана дагы башка көп нерселерди жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Көпчүлүк өспүрүмдөргө жана жаш балдар үчүн социалдык тармактар, алардын жашоосунун маанилүү бөлүгү болуп саналат, анткени алар кайда гана болбосун достору менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Социалдык тармактар жаман нерсе эмес, бирок бир аз тобокелдиктер бар экенин балдарыңыз билиши керек.

Социалдык тармактарда жаш курагына жараша чектөөлөр

Көптөгөн социалдык тармакташуу сайттары аккаунт түзүүдө жаш курагына жараша талаптары бар. Мисалы, Facebook 13 жашка чыга электерге кирүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бирок, көптөгөн балдар кошулуу үчүн, жаш курагы тууралуу калп айтышат, жана кээ бир ата-энелер уруксаат беришип, атүгүл аларга кошулууга жардам берет.

Эсиңизде болсун жаш курактык чектөөлөр баланын купуялыгын коргоо үчүн түзүлгөн. Эгер балаңыз социалдык тармактык сайттарды колдонуп жатса, ар бир сайттын эң төмөнкү жаш курагы канчада болуш керек экенин билишиңиз керек.

Facebook коопсуздугу жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Facebookдун бул сайттына барыңыз - .

Социалдык тармактар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, биздин Facebook жана Twitter кеңешмелерин окуңуз.

барактын соңу

Социалдык тармактарды коопсуз колдонууну балдарга үйрөтүү

коомдук тармагын колдонуу Социалдык тармакты колдонуу

Социалдык тармактар көптөгөн сүрөттөрдү, видеолорду, шилтемелерди жана жеке маалыматтарды бөлүшүүлөрдү камтыйт. Көптөгөн балдар жана өспүрүмдөр буларды достору менен бөлүшүп ыракат алышат, бирок, чынында, алар ойлогондон да көп адамдар менен маалымат алмашуусу мүмкүн. Мисалы, 2010-жылдын TRUSTe менен изилдөөсү өспүрүмдөрдүн 68 пайызы бейтааныш кишилердин дос болуусун кабыл алышкан жана 8 пайызы баардык дос болуу өтүнүчүн кабыл алышкан. Бул баардык "досторго" ишене берүүгө мүмкүн эмес дегенди билдирет.

Эгер балдарыңыз менен социалдык тармактар жөнүндө сүйлөшсөңүз, алардын коопсуз үчүн, аларды төмөнкү көрсөтмөлөрдү бере алат.

  • Постторуңузду купуя сактаңыз. Көпчүлүк социалдык тармактык сайттарда сиз досторуңуз менен гана бөлүшүүнү тандай аласыз. Бул жөндөөлөрдү колдонуу абдан маанилүү себеби ,сиз билбеген адамдарга сиз жөнүндө маалымат алуусун бир топ кыйындатат.
  • Купуя жөндөөлөрүңүздү тез-тез текшерип туруңуз. Facebook кээде өзүнүн купуялыктарын жана аккаунт жөндөөлөрүн кайрадан түзөт. Бул сиздин маалыматтарды, сиз каалабаган көп адамдар менен бөлүшүүгө алып келиши мүмкүн. Facebook же башка социалдык тармактык сайттар менен өзүңүздүн купуя жөндөөлөрүңүздү карап жана сиз каалагандай коюлганына ынана аласыз.
  • Бир нерсени бөлүшүүдө этият болуңуздар. Постторуңузду өзүнчө сактап жаткан күндө да, башка адамдар аны көрө албай калат деп кепилдик берилбейт. Мисалы, эгер сиз досторуңуз менен түшкөн сүрөтүңүздү бөлүшкөн болсоңуз, анда алар аны оңой эле өздөрүнүн комьпютерлерине сакташат жана башка сайтка жөнөтүп коюшат. Сиз дүйнө жүзүндөгү ар бир көргөн адамга ыңгайлуу болмоюн онлайнга бир нерсени жүктөбөшүңүз керек.
  • Достор тизмесине бейтааныш кишилерди кошпоңуз. Ошондой эле миңдеген онлайн "достор" азгырыгы болушу мүмкүн, бул сиздин сүрөттөрүңүздү жана жеке маалыматтарыңызды дүйнө жүзү менен бөлүшүү ыктымалдыгын жогорулатат.
  • Сиздин онлайн постторуңуз көп жылдарга сакталып каларын эстен чыгарбоо керек. Бул сизди оңтойсуз абалда калтырбаса да, бир нече жылдардан кийин жумуш караштырып же окууларга тапшырып жатканыңызда репутацияңызга зыян келтириши мүмкүн. Иш берүүчүлөр жана окуу жайлар талапкерлер боюнча маалымат алуу үчүн коомдук сайттарды текшеришет, ошондо сүрөтүңүз же посттуңуз алардын таасирленүүсүн төмөндөтүшү мүмкүн.
  • Жакшы netiquette колдонууңуз. Netiquette онлайн байланыштар үчүн колдонмо. Жакшы netiquette колдонуу сиз айткан нерселерди камсыз кылууга жардам берет. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биздин сайттарды окуңуз Social Media биздин сабактар Интернет коопсуздугу камкорчу.

OnGuardOnline.gov этияттык менен бөлүшүү маанилүү экенин көрсөткөн Video жасалган. Сиз балдарыңыз же өспүрүмдөр менен бирге көрүүнү кааласаңыз.

барактын соңу.

Социалдык тармактардын профилин орнотуу.

Facebook сыяктуу сайттар маалымат бөлүшүүдө бир аз контрол жасай алса да сиздин профилдин кайсы бир бөлүгү, адатта, ар бир адам үчүн апачык көрүнүп турат. Эгер балдарыңыз өздүк профилин интернетке жайгаштырса, анда алар профилдеринде өтө көп маалыматты салууда, сактык чараларын көрүүлөрү тийиш.

Бул жерде коопсуз тармактык статусун түзүү тууралуу көбүрөөк маалымат.

  • Экрандын аты: Ар бир адам социалдык вебсайттын профилиндеги потенциалдуу маалыматты кылдаттык менен түзүш керек себеби жалпы эл көрүшү мүмкүн.
  • Профилдик сүрөт: Көптөгөн сайттар профилдик сүрөттү тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул сүрөт же аватор болушу мүмкүн. Фейсбукта көпчүлүк адамдар өздөрүнүн сүрөттөрүн колдонушат. Бирок талкуу сыяктуу коомдук сайттарда аваторду колдонууну каалашыңыз мүмкүн анткени анонимдүүлүгүңүздү сактаганга мүмкүнчүлүк болот. Эсиңизде болсун сиздин профилдик сүрөттөрүңүздү башка көп адамдар көрө алышы мүмкүн. Ошондуктан сизди терс жактан көргөзбөй турган сүрөттү тандоо маанилүү.
  • Өздүк маалымат: Жеке маалыматтыңызды бөлүшүүдө этият болушуңуз керек. Эгер жеке маалыматыңызды өзүңүзгө же досторуңузга гана койгуңуз келсе анда ошону тандаңыз. Сиз эч качан туулган күнүңүздү же үй дарегиңизди жалпыга көрүнүктүү кылбашыңыз керек.
  • Байланыш маалыматтар: Сиз коомдук желеде жана маркетингде професианалдуу болмоюн, электрондук почтаңыздан башка байланыш маалыматтарды камтыгыңыз келбейт Үй телефонун же даректериңизди колдонбоңуз. Эгер тел номерин көрсөтүшүңүз керек болсо, анда уюлдук тел номерин колдонуңуз.. Ошондой эле аккаунтуңузду спам жана башаламандыктан колдогуңуз келсе өзүнчө электрондук почта дарегин ачуу, жакшы идея болушу мүмкүн.
  • Балдар жана өспүрүмдөр: профилди түзүү үчүн, текшериңиз Book Cafe Оюн Федералдык соода комиссиянын өз ара аракети.

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-filesharing-networks/content/