Балдар үчүн интернет коопсуздугу: Мобилдик түзмөк коопсуздугу (Mobile Device Safety)

Lesson 6: Мобилдик түзмөк коопсуздугу (Mobile Device Safety)

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-filesharing-networks/content/

Мобилдик түзмөк коопсуздугу

Бүгүнкү күндө көп балдардын жана өспүрүмдөрдүн мобилдик түзмөктөрү бар, мисалы телефондор, iPod дор жана планшет сыяктуу. Алар бул түзмөктөрдү ар дайым өзүлөрү менен алып жүрүшү мүмкүн, ошондуктан аларды кантип коопсуз урунууну билүү маанилүү. Балдарыңыз мобилдик түзмөктүн ар кандай түрүн колдонушса, анда алар менен коркунуч тууралуу сүйлөшүңүз керек.

Машина айдап бара жатканда мобилдик жабдууларды колдонуу

Айдап бара жатканда жазышуу
Машина айдап бара жатканда жазышуу

Эгер өспүрүм айдап бара жатканда текст кабарын кабыл алган болсо, анда ал ошол замат жооп берүүгө азгырылат. Бирок, бул өтө кооптуу жана көп учурда мыйзамсыз болуп эсептелет. Эгер өспүрүм бир эле секунд караган болсо дагы, ал олуттуу кырсыкка дуушар болушу мүмкүн. Сактануунун жолу жооп берүүнүн алдында унаа токтогонго чейин күтүш керек.

Сматфондор жазгандан сырткары көптү жасай алат. Ошондой эле алар интернетти карап чыкканга, эмейлдерди жөнөтүүнү, жана социалдык тармактарды колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Унаа айдап бара жатканда ушундай нерселерди жасоо жөн гана жазышуу аварияга кабылууга алып келиши ыктымал.

Айдоо учурунда жазышуунун зыяндуулугун билүү жөнүндө, тексти караңыз Акыркы Текст , 10 мүнөттүк документалдык көрсөтүү AT & T тарабынан түзүлгөн

Жөө басып бара жатканда да жазышуу кооптуу болушу мүмкүн себеби жакындап калган унааларды же тоскоолдуктарды байкоо кыйыныраак болот. Балдарыңыз мобилдик жабдууларды кооптуу жагдайда колдонуудан этият болуулары зарыл.

Сексуалдык боюнча

Көпчүлүк уюлдук телефондор менен сүрөттөрдү тартып алып, досторуна жөнөтүү оңой. Себеби өспүрүмдөр жана андан да жашыраак балдар бардык нерсеге кызыктар анан калса эксперименттерди жасагылары келет, алардын көбү жылаңач же сексуалдык сүрөттөрдү тартуу менен аларды жигиттерине же сүйлөшкөн кыздарына жиберишет. Бул секстинг болуп белгилүү. Секстинг олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин билүү балдарыңыз үчүн маанилүү.

Көпчүлүк учурда секстинг менен алектенген өспүрүмдөр баланын порнографиясы үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн. Эгер соттолгон болсо, өспүрүмдөр жаза мөөнөтүн түрмөдө өткөрүшөт жана сексуалдык кылмышкер катары катталган болот. Бул аларга жумуш табууга же колледжге кирүүгө кыйынчылык туудурат. Көрүнүп тургандай секстингдин кесепети балдарыңыздын жашоосуна көп жылдар бою таасир эте алат.

Көп өспүрүмдөр секстингде күнөө жок деп ишенишет же алар кармалбайбыз деп эсептешет. Бирок, сүрөттөр онлайнда же уюлдук телефондор аркылуу оңой эле таратылат ошондуктан аларды бардык адамдар көрө алышат. Балдарыңызга мунун кесепеттери канчалык олуттуу болушу тууралуу билүүлөрүн камсыздаңыз.

Thinkuknow.co.uk бул билим берүү сайты Балдарды эксплатациалоо жана Online коргоо борбору тарабынан түзүлгөн Секстингдин зыяндуулугу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, видеону көрүңүз.

барактын аягы

Геолокация

 Фейсбукка жайгашкан ордун салуу (кошуу) Facebook билдирүүдө жайгашкан ордун кошуу

Көпчүлүк мобилдик колдонмолор геокалация деп аталган мүнөздөмөнү башкалар менен жайгашкан жерди бөлүшүү үчүн колдонушат. Мисалы, фейсбукту колдонуу менен бир нерсени жазып постко койсоңуз, анда сиздин жайгашкан жериңизди постко кошуу үчүн тандай аласыз. Ошондой эле, Foursquare, Twitter жана башка колдонмолорду колдонуу менен да жасай алабыз. Балдар, өздөрүнүн досторуна кайда жүргөндөрүн айтып ыракатанышат, бул кылмышкерлер үчүн баланын орду жөнүндө маалыматты билип алууга мүмкүнчүлүк берет.

Эгер баланын жайгашкан жерин бөлүшүү ыңгайсыз болсо, анда кээ бир же баардык жайгашуу кызматынын колдонмолорун өчүрө аласыз. Кээ бир колдонмолор (мисалы, карталардын жана багыттардын колдонмолору сыяктуу) жайгашуу кызматын колдонушаарын эстен чыгарбайлы, алар сиздин жайгашкан жериңизди салышпайт жана башкалар аны көрө алышпайт.

Wi-Fi туташуу түйүнү

Мобилдик түзмөк же ноутбук менен, көбүнчө ресторандарда, дүкөндөрдө, парктарда жана башка жерлерде бекер Интернетке туташа аласыз. Бул жерлер Wi-Fi туташуу түйүнү катары белгилүү. Туташуу түйүндөрү пайдалуу болушу мүмкүн, бирок, алар үй интернет байланышына караганда коопсуздугу аз. Эгер балдарыңыз мобилдик жабдууларды колдонуп жаткан болсо, алардын Wi-Fi туташуу түйүндөрүн кантип колдонуш керек экенин билишерине ынанышыңыз керек.

Бул жерде Wi-Fi туташуу түйүндөрүн колдонуу үчүн кээ бир ыкмалар.

  • Тармакты текшерүү: Өзүңүздүң тармакка же бөлүштүрүү параметрине барыңыз жана "File жана Printer бөлүшүүнү" өчүрүңүз Сиздин файлдарга мүмкүнчүлүк алуу менен башкалардын тармакка кирүүсүнө жолтоо болот. Оперативтик системаңызга жараша ал жакта башка бөлүшүүлөр болушу мүмкүн коомдук папка бөлүшүү сыяктуу өчүрүлүшү керек.
  • Комьпютериңиздин коопсуздугу: Комьпютериңизди тармактык коргоо жана программалык камсыздоонун антивирусу иштеп турган учурда коргоңуз.
  • Автоматтык байланыштарды өчүрүү: Wi-Fi байланышын тармактык орнотууларга кол менен же автоматтык эмес режим аркылуу күйгүзүңүз. Бул сиздин комьпютерди автоматтык түрдө белги берип эгер мыйзамдуу болсо коргой алат.
  • Файл бөлүшүүнү өчүрүү: Өзүңүздүн тармакка же орнотууларды бөлүштүрүүгө барып "File жана Printer бөлүшүү" нү өчүрүңүз, башкалар сиздин файлга мүмкүнчүлүк алуудан коргонуңуз. Сиздин оперативтик системаңызга жараша башка орнотуулары болушу мүмкүн жана алар да өчүрүлгөн болушу керек,
  • Тегеректериңизден сак болуңуз: Туташуу тармагын колдонуп жатканыңызда тегерегиңиздеги кишилерден сак болуңуз. Сиздин артыңыздан көз жүгүртүп жеке маалыматтарыңызды жана иш-аракеттериңизди көрүп алуудан сак болуңуз. Коомдук жайда ноутбукту же мобилдик колдонмолоруңузду кароосуз эч качан калтырбаңыз.
  • Финансылык транзакциялардан сак болуңуз: коомдук туташуу түйүндөр аркылуу, финансылык транзакцияларды жасабаңыз мисалы банкиң же сатып алуулар сыяктуу каржы бүтүмдөрдү жүргүзүүгө болбойт.

Көбүрөөк коопсуздук үчүн биздин Мобилдик түзмөк Коопсуздук сабакты караңыз.

барактын аягы

Мобилдик түзмөктүн зыяндуулугу

Мобилдик  колдонмолор Мобилдик колдонмолор

Көп адамдар мобилдик түзмөктөрүндөгү вирустар жөнүндө ойлонушпайт, бирок мүмкүнчүлүк бар. Эгер балдарыңыздын мобилдик жабдуулары бар болсо, же сиздикин пайдаланып жатса, аларды комьпютерди колдонгонундай эле этият колдонуусун үйрөтүшүңүз керек.

Кээ бир , Norton менен Kaspersky , сыяктуу компаниялар антивирус программалык камсыздоону уюлдук телефондордо иштөөсүн сунуш кылышат, бирок изилдөө жүргүзсөң алар сиздин телефондун иштөө функцияларын жайлатат.

Зыяндуу программалардан оолак болуу үчүн сунуштар:

Балдарыңызды мобилдик түзмөктөрдө зыяндуу программалардан оолак болууга төмөнкү ыкмалар жардам бере аларына үйрөтө аласыз.

  • Мобилдик телефонду жаңыртып текшерип туруңуз. Телефон өндүрүүчүнүн сайтынан жаңыланган коопсуздук инструкциялардын жүктөмүн текшериңиз.
  • Программаларды же колдонмолорду жүктөп жатканда сак болуңуз. Программа же колдонмо зыяндуу болушу мүмкүн, ошондуктан, жүктөөдөн мурун, аны изилдөө керек.
  • Бекер сунуштарды жана бекер рингтондон качыңыз. Электрондук почта же зарыл билдирүүлөр аркылуу программалык камсыздоону жүктөп алуу сунушталса мындай рингтондо зыяндуу программалар болушу мүмкүн.
  • Эгер бир нерсе шектүү сезилсе, анда өзүңүздүн инстинкке ишениңиз.

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-five-ways/content/