Google колдонуу кеңештери: Эс алууну пландоодо Google аба каттамдарын колдонуу (Flights)

Lesson 2: Эс алууну пландоодо Google аба каттамдарын колдонуу (Flights)

/en/tr_ky-google-tips/-google-forms/content/

Эс алууну пландоодо Google аба каттамдарын колдонуу

Эгер учак билеттерин сатып алып жаткан болсоңуз, анда онлайн изилдөөлөрдү пландаштырууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Саякаттоого көп адистештирилген вебсайттар бар, бирок көбүндө адаштырган багыттоолор , жарнамалар менен башка маалыматтар кошулуп башаламан болуп калат. Булардын ордуна балким, буга чейин сизге тааныш куралды колдонууга аракет жасап көрөсүз:Google. Сиз Google ду көп колдонсоңуз да, балким сиз учактарды изилдеп жана салыштырууга боло турганын билбешиңиз ыктымал.

Google авиа билет баасын изилдөө Google аба каттамдары деп аталат . Башка ар кандай издөө куралдары сыяктуу эле, бул жерди аныктоого жана датасы боюнча учактарды издөөгө мүмкүндүк берет. Бирок Google интернет же сүрөт издөөсү сыяктуу эле, ал дагы көп куралдарды камтыйт да учактардын тизмесин кыскартып сиз издеп жаткан нерсени так таап берүүгө көмөк көрсөтөт. Мисалы, сиз жыйынтыгында учактын баасы, учуп кетүү жана келүү убактысы, конуулардын санын жана башкаларды чыпкалап аласыз. Чыпкалар таап алууга жана өзгөртүүгө жеңил болот.

Google авиа каттамдардын скриншоту

Эгер сиз, каалаган жагыңызга барууну билсеңиз, бирок так саякаттоо датаңыз жок болсо,төмөнкү Lowest Fares куралын колдонуп барууга арзандатылган күндөрдү тапсаңыз болот. Издөө куралдарынын оң жагында жайгашкан графикалык сүрөтчөнү басыңыз кийинки бир нече айдын ичинде ар бир күн үчүн арзан авиа билет графиги менен календарын көрүш үчүн.

Google авиа каттамдардын скриншоту

Google авиа каттамдары башка сайттардан көрүнбөгөн өзгөчөлүккө ээ, ал карта аркылуу издөөгө мүмкүндүк берет. Google авиа каттамдарынын башкы бетин ачканыңызда, картанын борборунан өз өлкөңүздөгү аэропорту дүйнө жүзүндөгү ар кандай шаарлар жана авиа төлөмдөрү менен көрө аласыз. Авиа каттамдын критерийлерин орнотууда жөн гана издөө куралдарын колдонсоңуз, карта автоматтык түрдө ылайыкташтырат. Мисалы, кайсы бир баа тизмегин белгилеген болсоңуз, карта сизге ошол суммага уча ала турган жерлердин баарын жаңылап көрсөтөт. Саякаттоого запас бюджет болгону эң сонун, себеби алдыдагы саякат идеаларын башкача айтканда эсепке албай калышыңыз мүмкүн.

Google авиакаттамдардын скриншоту

/en/tr_ky-google-tips/google-art-/content/