Excel 2016 Негиздери: OneDrive дискин түшүнүү

Lesson 2: OneDrive дискин түшүнүү

/en/tr_ky-excel-2016/excel-getting-started/content/

OneDrive дискин түшүнүү

Office тин көп функциялары онлайн файлдарды сактоого жана бөлүшүүгө багытталат. OneDrive Майкрасофтогу интернет сактоо мейкиндигин документтериңизди жана башка файлдарды сактоо, түзөтүү жана бөлүшүү үчүн колдоно аласыз. OneDrive ка компьютериңизден тартып, смартфон же сиз колдонгон түзмөктөрдүн ар кандай түрлөрү менен кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

OneDrive ды баштоо үчүн, эгер буга чейин сизде болбосо, акысыз Microsoft аккаунтун орнотушуңуз керек.

Эгер сизде Microsoft аккаунту жок болсо, анда сиз бул жакка барыңыз Microsoft Аккаунтун түзүү сабагы биздин Microsoft Account үйрөткүчтө .

Microsoft аккаунтуна ээ болсоңуз, анда сиз Officке кире аласыз. Жөн гана чыкылдатып Excel Терезенин жогорку оң бурчуна кириңиз.

OneDrive ды колдонуу артыкчылыктары

Сиз Microsoft аккаунтуна каталган болсоңуз, анда бул жерден сиз OneDrive менен бир нече нерселерди жасай аласыз:

  • Кайда болбоңуз файлдарыңызга мүмкүнчүлүк алуу: Сиз OneDrive ка файлдарыңызды сактап койгон болсоңуз, Интернет байланышы бар жерлерде ар кандай компьютер, планшет же смартфон аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болот. Ошондой эле, OneDrive ка жаңы документтерди түзө аласыз.
  • Файлдарыңызды архивдештирүү: OneDrive ка файлдарды сактоо, аларга кошумча коргоо катмарын берет. Эгер комьпютериңизде бир нерсе болсо да, OneDrive сиздин файлдарды коопсуз жана жеткиликтүү кылып сактайт.
  • Файлдарды бөлүшүү: OneDrive файлдарыңызды досторуңуз жана коллегаларыңыз менен бөлүшүүгө оңой болот. Сиз аларга файлдарыңызды түзөтүүгө же жөн гана окуганга кошууну тандай аласыз. Бул параметр кызматташуу үчүн зор, себеби, бир нече адам бир эле учурда бир документти өзгөртө алышат (бул кош-авторлук деп аталат).

Файлдарды сактоо жана ачуу

Сиз Microsoft аккаунтуна катталган болсоңуз, OneDrive, сиз файлдарды сактап же ачкан сайын пайда болуп турат. Сизде дагы эле файлдарыңызды компьютериңизге сактоо мүмкүнчүлүгүңүз бар. Кандай гана болбосун OneDrive ка файлдарыңызды сактоо сизге башка компьютерден отуруп алып кирүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле, досторуңуз жана коллегаларыңыз менен файлдарды бөлүшүүгө да мүмкүндүк аласыз.

Мисалы, сиз Save As ди сактоо катары басканда, сиз OneDrive же бул PC ни сактоо орду катары тандай аласыз.

/en/tr_ky-excel-2016/-creating-and-opening-workbooks/content/