Excel 2016 Негиздери: Иш-китептерди сактоо жана бөлүшүү (Saving and Sharing)

Lesson 4: Иш-китептерди сактоо жана бөлүшүү (Saving and Sharing)

/en/tr_ky-excel-2016/-creating-and-opening-workbooks/content/

Иш-китептерди сактоо жана бөлүшүү

Сиз жаңы Excel иш-китебин түзгөн сайын, аны туура сактоону билишиңиз керек, анткени сиз аны кийинчерээк түзөтүшүңүз керек. Excel мурдагы нускаларындай эле, файлдарды сиз колдонгон компьютерге сактай аласыз. Бирок мурунку нускамаларынан айырмаланып, Excel 2016 сизге OneDrive колдонуп булутка иш-китебин сактоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, сиз Excel'ден түздөн-түз, башкаларга иш-китептерди экспорттоп, жана бөлүшө аласыз.

Excel'де иш-китептерин сактоо жана бөлүшүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

OneDrive жөнүндө

Сиз иш-китепти ачып же сактап жатсаңыз, OneDrive колдонуу мүмкүнчүлүгү бар болот, ал онлайн файл сактоо кызматы сиздин Microsoft Аккаунтуңузга кошулган болот. Бул параметрди иштетүү үчүн, Office'ке кирүүңүз керек. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин OneDrive түшүнүү сабагыбызды көрүңүз.

OneDrive мүмкүнчүлүк алуу

Сактоо жана "катары сактоо"

Excel файлды сактоонун эки жолун сунуш кылат: Сактоо жана Катары Сактоо. Бул параметрлер бир нече маанилүү айырмачылыктар менен бирге, ушундай окшош жолдор менен иштешет:

  • Сактоо: сиз өзгөртүүлөрдү сактоо үчүн Сактоо буйругун колдоносуз. Көпчүлүк учурда бул буйрукту колдоносуз. Файлды сактап жатканда, сиз бир гана файлдын атын коюп жана жайгашкан жерин тандайсыз. Андан кийин, жөн гана Сактоо буйругун басасыз.
  • Катары сактоо: Сиз бул буйрукту иш-китебин түзүү же көчүрмөсүн сактоо үчүн, ошо эле учурда түпнускасын сактап калуу үчүн колдоносуз. "Катары сактоо" басканда сиз файлга башка ат берип, жайгашкан жерин да башка жерге сактайсыз.

Иш-китепти сактоо үчүн:

Сиз жаңы долбоор баштайсызбы же учурдагы файлга өзгөрүүлөрдү жасайсызбы иш-китебиңизди сактап туруу маанилүү. Эрте жана көп учурда сактоо менен ишиңиздин жоголуп кетпөөсүнүн алдын аласыз. Кийинчерээк табуу кыйын болуп калат, ошондуктан, сиз сактаган жериңизди так билип алууга аракет кылганыңыз туура болот.

  1. Тез Табуу куралдар тилкесинен Сактоо буйругун таап, чыкылдатыңыз.
    Сактоо буйругун чыкылдатуу
  2. Биринчи жолу файлды сактап жатсаңыз, "Катары сактоо" менюсу экрандын арткы көрүнүшүндө пайда болот.
  3. Файлды сактаганга жерди тандашыңыз керек, жана файлдын аталашын жазыңыз. Иш-китепти коспьютериңизге сактоо үчүн, Компьютерди тандап, Серептөөнү басыңыз. Ошондой эле, OneDrive'да сактоо үчүн OneDrive басыңыз.
    Иш-китепти компьютерде сактоо
  4. Катары сактоо диалог кутучасы пайда болот. Иш-китебин сактоочу жайды тандаңыз.
  5. Иш-китебиңизге файлдын атын жазып, сактоону басыңыз.
    Иш-китепти сактоо
  6. Иш-китеби сакталат. Иш-китеп өзгөрүүлөрдү сактап калуусу үчүн, улам-улам Сактоо буйругун басып коюп туруңуз.

Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + S кыска жолу менен сактап тура аласыз.

"Катары сактоо" колдонуп көчүрмөсүн жасоо

Эгер сиз иш-китептин түпнускасын сактап, ошол эле учурда иш-китептин башка нускасын сактагыңыз келсе, анда көчүрмөсүн түзө аласыз. Мисалы, сиздин Sales Data деген файлыңыз бар болсо, аны Sales Data 2 деп сактап коюп, ал файлды түзөтсөңүз болот жана каалаган учурда түпнуска файлга кайтып келүүгө мүмкүн.

Бул үчүн, сиз экрандын арткы көрүнүшүнөн "Катары сактоо" буйругун чыкылдатышыңыз керек болот. Биринчи жолу файлды сактагандай эле файла ат берип, аны кайда сактоону тандасаңыз болот.

Катары сактоону чыкылдатуу

Демейки сактоо жерин өзгөртүү үчүн:

Сиз OneDrive'ды колдонгуңуз келбесе, балким бул сизге жакпашы мүмкүн, себеби OneDrive демейки жайгашуу жери катары тандалган. Эгер Компьютер папкасын ар бир жолу издеген ыңгайсыз сезилсе, демейки сактоо жерине "компьютер папкасын" орнотсоңуз болот.

  1. Экран артындагы көрүнүшкө кирүү үчүн Файл өтмөгүн тандаңыз.
    Файл өтмөктү чыкылдатуу
  2. Параметрлерди чыкылдатыңыз
    Параметрлерди чыкылдатуу
  3. Excel параметрлер диалог кутучасы пайда болот. Сактоону тандаңыз, демейки боюнча компьютерге сактоо менюсунун жанындагы кутуну белгилеп, андан кийин OK деп басыңыз. Демейки сактоо жери өзгөргөн болот.
    Демейки сактоо жерин чыкылдатуу

Барак үзүлүшү

Авто калыбына келтирүү

Excel автоматтык түрдө иш-китебиңизди сиз иштеп атканда убактылуу папкага сактайт. Эгер өзгөрүүлөрдү сактаганды унтуп калсаңыз, же Excel иштебей калса, анда Авто калыбына келтирүү менен файлыңызды калыбына келтирип алсаңыз болот.

Авто калыбына келтирүүнү колдонуу үчүн:

  1. Excel ачыңыз. Эгер файлдын автосакталган нускалары табылса, Документти калына келитрүү панели пайда болот.
  2. Жеткиликтүү файлды ачуу үчүн чыкылдатыңыз. Иш-китеби калыбына келет.
    Документти калыбына келтирүү панели

Алдын ала, Excel, ар бир 10 мүнөт сайын өзү сактап турат. Эгер сиз иш-китебинин үстүндө 10 мүнөткө жете элек убакытта иштеп жатсаңыз анын авто сакталган нускасы болбой калышы мүмкүн.

Эгер сизге керектүү файлды көрбөй эле болсоңуз, сиз экрандын арткы көрүнүшүндөгү авто сакталган файлдардын барын серептеп көрүңүз. Жөн гана Файл өтмөгүн тандап, Нускаларын Башкарууну басып, анан Сакталбаган Иш-китептерин Калыбына келтирөөнө тандаңыз.

Бардык авто сакталган файлдарга жетүү

Барак үзүлүшү

Иш-китептерин экспорттоо

Алдын ала, Excel иш-китептери .xlsx файл түрүндө сакталат. Бирок, кээде, PDF же Excel 97-2003 файл катары сакташ керек болуп калат. Excel файлдарынан башка ар түрдүү файлдарга экспорттоо мүмкүн.

Иш-китебин PDF файл катары экспорттоо үчүн:

Иш-китебиңизди Adobe Acrobat документи (адатта, PDF деп аталат) катары экспорттоо, өзгөчө пайдалуу болушу мүмкүн, себеби Excel жок бирөө менен иш-китепти бөлүшсөңүз- ал үчүн ыңгайлуу болот. Алуучулар PDF файлды көрө алышат, бирок түзөтө алышпайт.

  1. Экран артындагы көрүнүшкө кирүү үчүн файл өтмөгүнө өтөсүз.
  2. Экспорттоону чыкылдатыңыз, жана PDF / XPS түзүүнү тандаңыз
    PDF файлын экспорттоо
  3. Катары сактоо диалог кутучасы пайда болот. Сакталуучу жерди тандаңыз, файлдын атын жазып, анан публикация кылыңыз.
    PDF файлын экспорттоо

Алдын ала, Excel активдүү гана иш-барагын экспорттойт. Эгер бир иш-кагаздарыңыз болсо, жана алардын барын бир PDF файлына сактайм десеңиз, параметрлерди тандап, "Катары сактоо" диалог кутучасын басыңыз. Параметрлер диалог кутучасы пайда болот. Бүтүндөй иш-китеби дегенди тандап, ОК басыңыз.

Иш-китебин толугу менен экспорттоо

Качан сиз иш-китебин PDF катары эспорттосоңуз сиз PDF бетиндеги ар бир барак кандай көрүнөөрүн текшеришиңиз керек, кадимки иш-китептерин басып чыгарган сыяктуу. Биздин Барак жайгашуусу жана басып чыгаруу сабагыбызды карап, PDF кылып сактоо үчүн эмнени билишиңиз керек экенин үйрөнүңүз.

Иш-китебин башка файл түрлөрүнө экспорттоо үчүн:

Сиз иш-китебиңизди файлдын башка түрлөрү катары сактаганды үйрөнүү пайдалуу болушу керек, мисалы Excel 97-2003 катары. Сиз бөлүшүп жаткан адамдар Excel эски нускасын колдонуп жатышы мүмкүн.Эгерде иш-китебиңиздин жөнөкөй текст нускасы керек болсо CSV файл катары сактасаңыз болот.

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файл өтмөгүнө өтөсүз.
  2. Экспортту басып, анан "Файл Түрүн Тандоону" ачасыз.
    Файл түрүн Өзгөртүүнү чыкылдатуу
  3. Жалпы файл түрүн тандап, андан кийин "катары сактоону" чыкылдатыңыз
    Башка файл түрүн тандоо
  4. "Катары сактоо" диалог кутучасы пайда болот. Иш-китебинин жайгашуу жерин тандаңыз, файлдын атын жазып, сактап коюңуз.
    Excel 97-2003 иш-китеби катары сактоо

Ошондой эле "Катары сактоо" түрүн колдонсоңуз болот: ылдый түшкөн менюда иш-китептерин файлдын көп түрү катары сактаса болот.

Катары сактоо менюсун колдонуп файл түрүн тандоо

Барактын үзүлүшү

Иш-китептерин бөлүшүү

Excel OneDrive менен бөлүшүүгө жана иш-китептери боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет. Мурун кимдир бирөө менен бөлүшкүңүз келсе, электрондук тиркеме катары жиберишиңиз керек эле. Ыңгайлуу болгону менен, ал система бир эле файлдын бир нече нускамасын жаратып, аны уюштуруу кыйын эле.

Сиз Excel аркылуу бирөө менен бөлүшсөңүз, сиз чынында дал ошол файлга кирүүгө мүмкүнчүлүк бересиз. Бул сиздерге жана сиз бөлүшкөн адамдарга бир иш-китептин үстүнөн иштегенге шарт түзөт.

Иш-китеп менен бөлүшүү үчүн, адегенде OneDrive'га сактоо керек.

Иш-китебин бөлүшүү үчүн:

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файл өтмөгүн чыкылдатып, анан Бөлүшүү менюсун чыкылдатыңыз.


    Бөлүшүүнү чыкылдатуу
  2. Бөлүшүү панели пайда болот. Сиз буга чейин андай кылган эмес болсоңуз, анда OneDrive'га документти сактоо талап кылынат. Сактагандан кийин бөлүшүү панелинде кайра келишиңиз зарыл болушу мүмкүн.
    Булутка Сактоону чыкылдатуу
  3. Бөлүшүү панелинде сиздин документ OneDrive'га сакталса, анда Адамдар менен бөлүшүү баскычын чыкылдатыңыз.
    Эл менен бөлүшүүнү чыкылдатуу
  4. Excel Жөнөкөй көрүнүшүнө кайтат жана терезенин оң жагына Бөлүшүү панелин ачат. Бул жерден, сиз документти бөлүшүү үчүн адамдарды чакыра аласыз, документти көрүүгө мүмкүнчүлүгү барлардын тизмесин көрө аласыз жана алар документти түзөтө алабы, же жөн гана көрө алабы - буларды жөндөй аласыз.
    Бөлүшүү панели

Барак үзүлүшү

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздинпрактикалык иш-китебизди ачыңыз.
  2. Катары сактоону колдонуп иш-китептин көчүрмөсүн сактап, атын Saving Practice Challenge деп атагыла. Көчүрмөсүн компьютериңизге же OneDrive ичиндеги бир папкага сактай аласыз.
  3. Иш-китепти PDF файлы катары экспорттоңуз.

/en/tr_ky-excel-2016/-cell-basics/content/