Excel 2016 Негиздери: Татаал формулаларды түзүү (More Complex Formulas)

Lesson 14: Татаал формулаларды түзүү (More Complex Formulas)

/en/tr_ky-excel-2016/-intro-to-formulas/content/

Татаал формулаларды түзүү

Сиз жөнөкөй, бир гана оператор камтыган формула менен иштесеңиз керек. Татаалыраак формулалар бир нече математикалык операторлорду камтыйт, мисалы 5+ 2 * 8. Формулада бир операциядан көп болсо, операция тартиби Excel'ге кайсы операцияны биринчи аткарыш керектигин айтат. Туура жоопторду берген формула түзүш үчүн, сиз операция тартибин түшүнүшүңүз керек.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Татаал формулалар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Операциялар тартиби

Excel бул операциялар тартибине жараша формулаларды колдонот.

  1. Кашанын ичиндеги операциялар
  2. Көрсөткүчтүү эсептөөлөр (мисалы 3 ^ 2)
  3. Көбөйтүү жана бөлүү. Кайсынысы биринчи болсо - биринчи аткарылат.
  4. Кошуу жана кемитүү. Кайсынысы биринчи болсо - биринчи аткарылат.

Бул тартипти сактап калууга мнемоника жардам берет. Ал PEMDAS, же Please Excuse My Dear Aunt Sally (Менин урматтуу Салли эжемди кечирип коюңуз).

Төмөнкү слайдшоудагы жебелерди чыкылдатып, операциялар тартиби формулаларды эсептөөдө кандай колдонулаарын үйрөнүңүз.

  • PEMDAS, 10+ (6-3) / 2 ^ 2 * 4-1

    Бул формула татаал көрүнүшү мүмкүн, бирок туура жооп алуу үчүн операциялардын тартибин кадам артынан кадам колдоно алабыз.

  • P кашаалар: 10+ (6-3) / 2 ^ 2 * 4-1

    Биринчиден, кашаанын ичиндеги операцияларды эсептөөдөн баштайбыз. Бул учурда, эсептөөчү бир гана нерсе бар: 6-3 = 3.

  • E даража көрсөткүчтөрү: 10 + 3/2 ^ 2 * 4-1

    Көрүнүп тургандай, формула эми эле жөнөкөй көрүнө баштады. Андан ары, биз даража көрсөткүчтөрү бар экенин карайбыз. Андай бар: 2 ^ 2 = 4.

  • MD көбөйтүү, кайсынысы биринчи болсо: 10 + 3/4 * 4-1

    Андан ары, биз көбөйтүү же бөлүү операциясын кылабыз, солдон оңго жылабыз. Бөлүү операциясы көбөйтүүдөн биринчи тургандыктан, ал биринчи аткарылат: 3/4 = 0.75.

  • MD көбөйтүү, кайсынысы биринчи болсо: 10 + 0,75 * 4-1

    Эми, биз калган көбөйтүү операциясын ишке ашырабыз: 0.75 * 4 = 3.

  • AS кошуу, кемитүү кайсынысы биринчи болсо: 10 + 3-1

    Андан ары, биз кошуу же кемитүү операциясын солдон оңго аткарабыз. Кошуу биринчи аткарылат: 10 + 3 = 13.

  • AS кошуу, кемитүү кайсынысы биринчи болсо: 13-1

    Аягында, бизде кемитүү операциясы бар: 13-1 = 12.

  • Жооп: 13-1 = 12

    Эми бизде жооп бар: 12. Сиз Excel'ге бул формуланы салсаңыз так ушундай натыйжа аласыз.

  • GCFLearnFree.org

Татаал формулаларды түзүү

Төмөндөгү мисалда, биз Excel мындан да татаал формулада операция тартибин кантип жөндөөрүн көрсөтөбүз. Мында, биз кейтеринг кызматы үчүн дүмүрчөктөгү сатуу салыктын баасын эсептейбиз. Бул үчүн биз формулабызды С6 уячасына мындай деп жазабыз= (D3 + D4 + D5) 0.075 Бул формула суммаларды чыгарат, анан ал сумманы 7,5% сатуу салыгына көбөйтөт (0.075 деп жазылган)

татаал формула түзүү

Алгач кашаанын ичиндеги операция аткарылат: (45,80 + 68,70 + 159,60) = 274,10. Андан кийин ал маанин сатуу салыгына көбөйтөт: 274,10 * 0.075. Натыйжада сатуу салыгы $ 20.56 экенин көрөбүз.

Формула натыйжасы

Формула түзүп жатканда операциялардын тартибин сактоо айрыкча маанилүү. Болбосо, Excel так эсептеп бере албайт. Биздин мисалда, кашаалар жок болсо, көбөйтүү биринчи аткарылмак жана натыйжа туура эмес болмок. Кашаалар кайсы операция биринчи аткарылыш керектигин аныктоого жардам берет.

кашаасы жок формула

Операция тартибин колдонуп татаал формула түзүү үчүн:

Төмөндө көрсөтүлгөндөй, биз татаал формула түзөбүз, ал кейтеринг үчүн дүмүрчөктүн суммасын эсептейт. Формула ар бир меню маанисин биринчи эсептеп, анан бул маанилерди кошот.

  1. Формуланы камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз C5 уячасын тандап алабыз.
    уячаны тандоо
  2. Формулаңызды киргизиңиз. Биздин мисалда, биз = B3 * C3 + B4 * C4 деп теребиз. Бул формула операция тартибин аткарат, биринчи көбөйтүү операциясы болот: 2,79 * 35 = 97.65 жана 2,29 * 20 = 45.80. Андан кийин, сумманы чыгаруу үчүн бул маанилерди кошот: 97.65 + 45.80.
    татаал формула түзүү
  3. Эки сыйра формулаңызды текшериңиз, анан Enter басыңыз. Формула эсептеп жана натыйжасын көрсөтөт. Биздин мисалда, суммасы $ 143.45 экенин көрсөтүп турат.
    Формула натыйжасы

Окуу жеңил болуш үчүн эсептөөлөргө кашааны кошсоңуз болот. Кошуудан көбөйтүү операциясы биринси аткарылышына ишенүү үчүн көбөйтүү операциясын кашаага алсак да болот. Бул өзүбүздү текшерүү үчүн.

кашаасы жок формула

Excel формулаңызда ката бар экенин ар дайым айтпайт, ошондуктан өзүңүз текшерип туруңуз. Муну билиш үчүн, сиз Excel Фомулалары үйрөткүчүбүздөгү Формулаңыздарды кош текшериңиз сабагыбызды ачыңыз.

Өзүңүздү текшериңиз!

Бул маселе менен иштөө үчүн сизде бул мисалдагыдай башка эсеп-дүмүрчөк керек. Эсеп-дүмүрчөктө сатуу салыгы,суммасы ж.б нерселер болушу керек.

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китептин төмөнкү-сол жагындагы чакырыкты чыкылдатыңыз.
  3. D7-уячада салыкты санаган формула жазыңыз. Сатуу салыгы 7,5% болот.
  4. D8-уячада буйрутманын суммасын тапкан формула түзүңүз. Башка сөз менен айтканда, бул формула D3:D7 уячаларын кошуусу керек
  5. D9-уячада 10% арзандатуу кийин жалпы сумманы эсептеген формула керек. Эгер, пайздарды чыгаруу боюнча жардам керек болсо, анда Арзандатуулар жана сатуулар сабагыбызды караңыз.
  6. Бүткөндөн кийин, сиздин электрондук жадыбал ушул сыяктуу болушу керек:
    Татаал формулалар чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-cell-references/content/