Excel 2016 Негиздери: Тилкелерди, Саптарды жана Уячаларды өзгөртүү (Modifying Columns, Rows, and Cells)

Lesson 6: Тилкелерди, Саптарды жана Уячаларды өзгөртүү (Modifying Columns, Rows, and Cells)

/en/tr_ky-excel-2016/-cell-basics/content/

Тилкелерди, Саптарды жана Уячаларды өзгөртүү

Демейки режимде, жаңы иш-китебинин ар бир сап жана тилкесинин бийиктиги жана туурасы биридей болот. Excel, тилкенин туурасын, саптын бийиктигин, текстти ташууну, уячалардын биригүүсүн көп жол менен өзгөртө алат.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Тилкелер, саптар жана уячаларды өзгөртүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Тилкенин туурасын өзгөртүү үчүн:

Төмөндө биздин мисалда, C тилкеси бардык мазмунду көрсөтүү үчүн абдан тар. Биз бардык С тилкесинин туурасын өзгөртүп, мазмун ал жерге баткандай кылсак болот.

  1. Курсор эки жебе болуп калганча курсорду тилке чегине кармаңыз.
    Тилке сызыгынын үстүнө курсорду жайгаштыруу
  2. Тилкенин туурасын азайтуу же көбөйтүү үчүн чычканды сүйрөңүз.
    Тилкелердин туурасын жогорулатуу
  3. Чычканды бошоткула. Тилкенин туурасы өзгөрөт.
    Көлөмү өзгөргөн тилке

Эгерде тилкенин туурасы ичке болупжатса сан дайындары менен уяча торчо белгилерин көрсөтөт (######). Дайындар көрүнүп турсун үчүн жөн гана тилкенин туурасын кеңейтип коюңуз.

Тилкенин туурасын автоматтык түрдө тууралоо үчүн:

AutoFit функциясы менен тилкенин туурасын автоматтык түрдө ичиндеги мазмун батканай тууралап койсо болот.

  1. Курсор эки жебе болуп калганча курсорду тилке чегине кармаңыз.
    Тилкелердин туурасын авто тууралоо
  2. Чычканды кош чыкылдатыңыз. Тилкенин туурасы мазмун баткандай болуп өзгөрөт.
    Тилкелердин туурасын авто тууралоо

Ошондой эле, бир эле учурда бир нече тилкелердин туурасын АвтоТууралоо кылсаңыз болот. Жөн гана сиз авто тууралагыңыз келген тилкелерди тандап, анан Тилке Туурасын АвтоТууралоо буйругун Башкы өтмөк - Формат аркылуу тандаңыз. Бул ыкма дагы сап бийиктиги үчүн колдонулушу мүмкүн.

Бир нече тилкелер үчүн туурасын авто тууралоо

Сап бийиктигин өзгөртүү үчүн:

  1. Курсор эки жебе болуп калганча курсорду саптын үстүнө жайгаштырыңыз.
    Сап сызыктын үстүнө курсорду жайгаштыруу
  2. Сап бийиктигин чоңойтуп, азайтуу үчүн чычканды чыкылдатып, сүйрөңүз.
    Сап бийиктигин кичирейтүү
  3. Чычканды бошоткула. Тандалган саптын бийиктиги өзгөрөт.
    жаңы сап бийиктиги

Бардык саптарды же тилкелерди өзгөртүү үчүн:

Сап менен тилкелердин ар бирин жекече чоңойткондон көрө, сиз бир эле учурда ар бир сап жана тилкенин узун жана туурасын өзгөртө аласыз. Бул ыкма сиздин барагыңыздагы ар бир сап жана тилкеге бирдиктүү өлчөмүн коюуга мүмкүндүк берет. Биздин мисалда, бирдиктүү сап бийиктигин орнотобуз.

  1. Иш-китептеги ар бир уячаны тандаоо үчүн "Барын тандоо" баскычын басыңыз.
    иш-китепте бардык уячаларды тандоо
  2. Курсор эки жебе болуп калгыча курсорду саптын үстүнө жайгаштыргыла.
  3. Сап бийиктигин өзгөртүү үчүн чычканды сүйрөңүз, анан сизге жаккан соң чычканды бошотуңуз. Сап бийиктиги бүт иш-китебинде өзгөрөт.
    жаңы, бирдиктүү сап бийиктиги

Кошуу, жок кылуу, жылдыруу жана жашынтуу

Бир аз иш-китеби менен иштеген соң сиз жаңы тилке же сапты кошкуңуз келет, кээ бир сап же тилкени жок кылып, аларды башка жакка жылдырып, же керек болсо жашырып салгыңыз келет болушу керек.

Саптарды кошуу үчүн:

  1. Сиз жаңы сап пайда болуусун каалаган жерди табыңыз. Бул мисалда, биз жаңы сап 4 жана 5-саптын ортосуна пайда болушун каалап жатабыз, ошондуктан биз 5-сапты тандайбыз.
    5-сапты тандоо
  2. Башкы өтмөктөн кыстаруу баскычын басабыз.
    Кыстаруу буйругун чыкылдатуу
  3. Тандалган саптан жогору жаңы сап пайда болот.
    кайрадан киргизилген сап

Жаңы сап, тилке, же уячаларды кыстарганда сиз боёк щетка сүрөтчөсүн көрөсүз. Бул баскыч аркылуу Excel бул уячаларды кантип форматтаарын тандай аласыз. Алдын ала, Excel жогорудагы уячанын форматын алып, бул уячага да ошондой формат берет. Көбүрөөк параметрлерге жетүү үчүн, курсорду сүрөтчөгө алып келип, ылдый караган жебени чыкылдатыңыз.

көбүрөөк форматтарды кыстарууну тандоо

Тилкелерди кыстаруу үчүн:

  1. Сиз жаңы тилке коюлчу жерди тандаңыз. Мисалы, жаңы тилкени D жана E тилкелеринин ортосуна кыстаргыңыз келсе, E. тилкесин тандаңыз.
    E тилкесин тандоо
  2. Башкы өтмөктөн Кыстаруу буйругун чыкылдатыңыз.
    Кыстаруу буйругун чыкылдатуу
  3. Тандалган тилкенин сол жагында жаңы тилке пайда болот.
    кайрадан киргизилген тилке

Саптар менен тилкелерди кыстарып жатканда сапты же тилкени толугу менен тандаганыңызга ынаныңыз. Эгер сиз болгону тилке же саптагы уячаны тандасаңыз, кыстаруу буйругу жаңы уячаны кыстарат.

Сап же тилкени жок кылуу үчүн:

Ал мындан ары кереи жок сап же тилкени жок кылуу абдан жеңил. Биздин мисалда, сапты жок кылабыз, бирок ушундай жол менен эле тилкени да жок кыла аласыз.

  1. Сиз жок кылууну каалаган сапты тандаңыз. Биздин мисалда, 9 сапты тандап алабыз.
    9-сапты тандоо
  2. Башкы өтмөктөн Delete буйругун басабыз.
    Буйрукту өчүрүүнү чыкылдатуу
  3. Тандалган сап жок кылынат, жана анын жанындагы саптар жылышат. Биздин мисалда, 10-сап өйдө жылып, 9-сап болуп калды.
    жок кылгандан кийинки жылган саптар

Сап же тилкени жок кылуу менен ичиндеги мазмунду жок кылган айырмачылыктарды билген маанилүү. Сиз жөн гана ичиндеги мазмунду жок кылгыңыз келсе, анда чычкандын оң баскычын басып, Мазмунду Тазалоо буйругун аткарыңыз.

Жок кылуунун ордуна мазмуну жок кылуу

Сап же тилкени жылдырыш үчүн:

Кээде сиз сап же тилкени жылдыргыңыз келет. Биздин мисалда биз тилкени жылдырабыз, бирок сиз сапты деле ушундай жылдырсаңыз болот.

  1. Сиз жылдыргыңыз келген тилкени тандаңыз.
    жылдырууга тилке тандап алуу
  2. Башкы өтмөктөн кесүү буйругун чыкылдатыңыз, же баскычтоптон Ctrl + X басыңыз.
    Кесүү буйругун тандоо
  3. Сиз тилкени койчу жерди тандаңыз. Мисалы, Е жана F тилкелердин ортосуна тилкени койгуңуз келсе, анда F тилкесин тандаңыз.
    Кесилген уячаларга тилкени тандоо
  4. Башкы өтмөктөн кыстаруу буйругун чыкылдатыңыз жана Кесилген Уячаларды Кыстаруу менюсун басыңыз.
    Кесилген уячаларды кыстаруу
  5. Тилке тандалган жерге кыстарылат, жана жанындагы тилкелер жылышат.
    Жаңы жайгашкан жерине тилкени жылдыруу

Ошондой эле сиз Кесүү жана Кыстаруу буйруктарына мүмкүндүк аласыз, ал үчүн чычкандын оң жагын басуу керек жана ылдый түшкөн менюдан каалган буйруктарды тандоо керек.

оң-чыкылдатуу менюдан буйруктарга мүмкүнчүлүк алуу

Сап же тилкени жашыруу жана жашыруудан чыгаруу.

Кээде, сиз кээ бир сап жана тилкелерди иш-китептин структурасына тийишпей жашырып койгуңуз келет. Бул үчүн, Excel, сизге керектүү саптар менен тилкелерди жашырууга мүмкүнчүлүк берет. Биздин мисалда, биз бир нече тилкени жашырабыз, бирок ушундай эле саптарды да катса болот.

  1. Сиз жашыргыңыз келген тилкелерди тандаңыз, чычкандын оң жагын басып, Жашыруу (Hide) менюсун басыңыз. Биздин мисалда, биз C, D, жана E тилкелерин жашырабыз.
    Тилкелерди жашыруу буйругун тандоо
  2. Тилкелер жашырылат. Жашыл тилке сызыктары жашырыган тилкелердин жайгашкан жерин көрсөтүп турат.
    жашырылган тилкелер
  3. Тилкелерди жашыруудан чыгаруу үчүн, жашыруун тилкенин эки тарабындагы тилкелерди тандаңыз. Биздин мисалда, биз B жана F тилкелерин тандап алабыз. Биздин мисалда биз B жана F тилкелерин тандайбыз. Чычыкандын оң жагын басып, жашыруудан чыгаруу менюсун тандайбыз (Unhide)
    жашырылган тилкелерге жаңы тилкелерди тандоо
  4. Жашыруун тилкелер пайда болот.
    Жашырылбаган тилкелер

Текстти ороо жана уячаларды бириктирүү.

Эгер бир даана уячанын ичине текст батпай жатса жана ал тилкени кеңейтпей, ал уячанын ичине батырам десеңиз - текстти ороп коюңуз. Текстти ороо аркылуу автоматтык түрдө саптын бийиктигин өзгөртсө болот. Уячаларды бириктирүү менен ичиндеги мазмундун бары бир чоң уячага жайгашып калат.

Уячанын ичиндеги текстти ороо үчүн:

  1. Сиз орогуңуз келген уячаларды тандаңыз. Бул мисалда, биз C тилкесиндеги бардык уячаларды тандайбыз.
  2. Башкы өтмөктөн Текстти ороону чыкылдатыңыз.
    Башкы өтмөктө текстти ороо буйругун чыкылдатуу
  3. Тандалган уячалардагы текст оролуп калат.
    С тилкедеги оролгон текст

Текстти Ороо буйругун басыңыз жа кайра калыбына келтириңиз.

Бириктирүү & Борбор буйругу менен уячаларды бириктирүү үчүн:

  1. Сиз бириктиргиңиз келген уяча диапазонун тандаңыз. Биздин мисалда, биз A1: F1 тандайбыз
  2. Башкы өтмөктө Бириктирүү & борбор буйругун чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз A1: F1 уяча диапазонун тандап алабыз.
    Бириктирүүгө уячаларды тандоо
  3. Тандалган уячалар биригет жана текст борборлошурулат.
    кайрадан бириктирилген уячалар

Көбүрөөк бириктирүү параметрлерине жетүү үчүн:

Эгерде Бириктирүү & Борбору буйругунун жанындагы ылдый түшкөн жебени чыкылдатсаңыз, Бириктирүү менюсу пайда болот.

башка бириккен уячалар

Бул жерден, сиз булары тандай аласыз:

  • Бириктирүү & Борборлоштуруу: тандалган уячаларды бир уячага бириктирип, текстти борборлошурат.
  • Бонча бириктирүү: ар бир сапты өзүнчө сактап ири тандалган уячаларды бириктирет.
  • Уячаларды бириктирүү: тандалган уячаларды бир уячага бириктирет, бирок текстти борборлошурбайт.
  • Уячаларды бириктирүүдөн чыгаруу: тандалган уячаларды бириктирүүдөн чыгарат.

Бул мүмкүнчүлүктү колдонуп жатканда этият болушуңуз керек. Эгерде сиз дайындарды камтыган бир нече уячаларды бириктирген болсоңуз, Excel жогорку-сол уячанын гана мазмунун сактайт жана башка нерселердин баарын жок кылат.

Тандап алуу боюнча борборлоштуруу:

Бириктирүү fаркылуу дайындарыңызды уюштуруу пайдалуу болушу мүмкүн, бирок, ошол эле учурда кийин көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Мисалы, аны жылдыруу, көчүрүү жана ордуна коюу кыйын болушу мүмкүн. Бириктирүүгө жакшы альтернатива катары Тандалган Уячалар бою Борборлоштуруу болушу мүмкүн, ал уячаларды бириктирбей эле ошондой натыйжа алууга болот.

  1. Керектүү уячалар аралыгын тандаңыз. Биздин мисалда, биз A1: F1 тандап алабыз. Эскертүү: Сиз буга чейин бул уячаларды бириктирген болсоңуз, 2-кадамга өтөөрдөн мурда аларды бириктирүүдөн чыгарыш керек.
  2. Башкы өтмөктөн Alignment тобунун төмөнкү-оң бурчундагы кичинекей жебени чыкылдатыңыз.
    Alignment тобунун жебесин чыкылдатуу
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Горизонталдуу жайылма менюну табыңыз, Тандалган уячалар боюнча борборлоштурууну тандаңыз, анан OK басыңыз.
    Тандалган уячалар боюнча борборлошурууну тандоо
  4. Мазмун тандалган уячалар бою борборлоштурулат. Көрүнүп тургандай, ошондой эле найтыжа берет, бирок A1: F1 ичиндеги бардык уячаларды сактап калат.
    тандоо боюнча борборлошутурулган текст

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китептин бардык тилкелерин авто тууралаңыз.
  3. Сап бийиктигин 3 баштап 14 чейин 22,5 (30 пиксел) өзгөртүңүз.
  4. 10-сапты жок кылуу.
  5. C тилкесинин сол жагындагы тилкени кыстарыңыз.Secondary Contact деп C2 уячага жазыңыз.
  6. C2 уячасы дагы эле тандалганын текшерип, Текстти Ороону тандаңыз.
  7. A1: F1 уячаларын бириктирип, борборлоштуруңуз.
  8. Даректи жана Телефон тилкелерин жашырыңыз.
  9. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:
    чакырыктарды өзгөртүү

/en/tr_ky-excel-2016/-formatting-cells/content/