Excel 2016 Негиздери: Дайындарды чыпкалоо (Filtering Data)

Lesson 20: Дайындарды чыпкалоо (Filtering Data)

/en/tr_ky-excel-2016/-sorting-data/content/

Дайындарды чыпкалоо

Эгер иш барагыңыз көп мазмунду камтыса, анда маалыматты тез таап алуу кыйын болушу мүмкүн. Чыпкалар сизге керек маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал сиздин иш барагыңыздагы дайындарды тарытууну колдонууга мүмүкүндүк берет.

Кошумча: Биздин практикалык иш китеп жүктөп алыңыз.

Excel де дайындарды чыпкалоо жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Дайындарды чыпкалоо үчүн:

Биздин мисалда, каттоодон чыгуу мүмкүнчүлүгү бар ноутбуктар менен проекторлорду көрсөтүүдө жабдыктар таржымал иш барактары үчүн чыпканы колдоно алабыз.

  1. Чыпкалоо туура иштеши үчүн, сиздин иш баракча башкы катарды камтышы керек, аны ар бир тилкени аныктоо үчүн пайдаланылат. Биздин мисалда, иш баракчалар ар түрдүү тилкелер башкы уячалар тарабынан аныкталып уюштурулган 1: ID #, түрү, техникалык толук маалымат ж.б.у.с..
    Электрондук жадыбалдагы башкы катар(сап)
  2. Дайындар өтмөгүн тандаңыз, андан кийин Чыпкалоо буйругун чыкылдатуу.
    Дайындар өтмөгүндөгү Чыпка баскычы
  3. Ылдый түшүү жебе ар бир катар үчүн башкы уяча пайда болот.
  4. Сиз чыпкалоону каалаган тилке үчүн жайылма жебени чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз жабдуулардын айрым түрлөрүн көрүү үчүн B тилкесин чыпкалап алат.
    Башкы катардагы Ылдый түшүү жебелер
  5. Чыпкалоо меню пайда болот.
  6. Тез арада бардык дайындарды тандоодон чыгаруу үчүн Бардык Тандоо дон кийинки кутуну белгилебеңиз.
    Иреттөө жана чыпкалоо үчүн ылдый түшүү менюсу
  7. Сиз дайындарды чыпкалоону кааласаңыз кийинки кутучаларды текшерип, андан кийин OK чыкылдатыңыз. Бул мисалда, биз жабдуулардын түрлөрүн көрүү үчүн ноутбук жана проектор текшеребиз.
    Чыпка категорияларды тандоо
  8. Убактылуу жашырылган мазмун критерийге дал келбейт, дайындар чыпкаланып берилет. Биздин мисалда, бир гана, ноутбук жана планшеттер көрүнөт.
    Иш барагы чыпкаланып жатат

Чыпкалоо параметрлери, Башкы бет өтмөгү менен Иреттөө & Чыпкалоо буйругуна кирүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

 Башкы бет өтмөгүндөгү Чыпка менюсу

Бир нече чыпкалоолорду колдонуу үчүн:

Чыпкалар жыйындысы деп бир нече чыпкалоолор натыйжаларыңызды тарытууда жардам берүү үчүн колдонсок болот дегенди түшүндүрөт. Бул мисалда, биз буга чейин текшерилген ноутбук менен проекторлорду көрсөтүү үчүн биздин иш баракча чыпкаланат, жана мындан ары ылдый карай ичкерткибиз келет, Август айында текшерилген ноутбуктар жана проекторлорду көргөзүү.

  1. Сиз чыпкалоону каалаган тилке үчүн жайылма жебени чыкылдатыңыз. Бул мисалда, биз датасы боюнча маалыматты көрүү үчүн, тилке D ге чыпканы кошобуз.
    Баш аты катарындагы Ылдый түшүү жебелери
  2. Чыпка менюсу пайда болот.
  3. Сиз чыпкалоону каалаган дайындарга жараша кутучаларды белгилеңиз же белгилебей эле коюуңуз, андан кийин OK чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз аяк оона айынан сырткары баарын белгилебейбиз.
    Иреттөө жана чыпкалоо үчүн ылдый түшүү менюсу
  4. Жаңы чыпкасы колдонулат. Биздин мисалда, баш оона айында чыгып текшерилген гана ноутбук жана планшеттерди көрсөтүү үчүн иш барагы чыпкаланат.
    Иш барагында азыр эки чыпка бар

Чыпканы тазалоо үчүн:

Чыпканы колдонгондон кийин, иш барагынан ар кандай жолдор менен мазмунду чыпкалоо үчүн сиз алып салгыңыз же тазалагыңыз келет.

  1. Сиз тазалагыңыз келген чыпка боюнча жайылма жебени чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, тилке Д. боюнча чыпканы тазалап алабыз
    Чыпка боюнча түрүлмө баскычы бул тилкеде колдонулат
  2. Чыпка менюсу пайда болот.
  3. Чыпка менюсунан [тилкенин Аты] Чыпканы тазалоону тандаңыз. Биздин мисалда, биз " Текшерилип Чыкты" Тазалоо чыпкасын тандап алабыз.
    Чыпканы Тазалоо меню параметри
  4. Чыпка тилкелерден тазаланат. Мурда жашырылган дайындар көрсөтүлөт.
    Чыпка тазаланат

Сиздин иш баракчадан бардык чыпкаларды алып салуу үчүн, Дайындар өтмөгүнөн Чыпка буйругун чыкылдатуу.

Дайындар өтмөгүндөгү Чыпка баскычы

Өркүндөтүлгөн чыпкалоо

Эгер белгилүү бир нерсеге чыпка керек болсо, негизги чыпкалоо сизге жетиштүү ыкмаларды бере албайт. Бактыга жараша, Excel өркүндөтүлгөн көп чыпкалоо куралдарды камтыйт, анын ичинде издөө, тексттер, датасы жана номер чыпкалоо, сиздин натыйжаларды ичкертип, керектүү нерселерди таап берүүгө жардам берет .

Издөө менен чыпкалоо үчүн:

Excel так сөз айкашы, номери, датасы жана көбүрөөк башка камтылган дайындарды издөөгө мүмкүндүк берет. Биздин мисалда, Саринин гана бренд продукциялары биздин жабдуу таржымалыбызда экенинкөрсөтүүгө Бул мүмкүнчүлүктү колдонобуз.

  1. Дайындар өтмөктү тандаңыз, андан кийин Чыпка буйругун чыкылдатыңыз. Ылдый түшүү жебе ар бир катар үчүн башкы уячада пайда болот. Эскертүү: Сиз буга чейин иш барагыңызга чыпкаларды кошкон болсоңуз, анда бул кадамды өткөзүп жибере аласыз.
  2. Сиз чыпкалоону каалаган катар үчүн, жайылма жебени чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз катар C. чыпкалап алабыз
    Баш катарда ылдый түшүү жебелер
  3. Чыпка менюсу пайда болот. Издөө кутучасына издөө аталышын киргизүү. Издөө жыйынтыктары, терип жазып жатканда Текст Чыпкалары талаасынын төмөн жагында автоматтык түрдө пайда болот. Биздин мисалда, биз Саринин бренд жабдууларын табуу үчүн сари деп терип жазып алабыз. Бүтүргөндөн кийин, ОК басыңыз.
    Издөө чыпкасын колдонуу
  4. Иш барагы сиздин издөө сөзүңүзгө жараша, чыпкаланып берилет. Биздин мисалда, иш барагы Саринин гана бренд жабдууларын көрсөтүү үчүн чыпкаланды.
    Издөө чыпкасы иш барагы үчүн колдонулат

Жакшыртылган текст чыпкаларды колдонуу үчүн:

Жакшыртылган текст чыпкалары өзгөчө маалыматтарды, уячалар сыяктуу символдордон турган сандарды же белгилүү сөз же сан алынып салынган дайындарды көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Биздин мисалда, сөз ноутбук камтыган кандайдыр бир нерсени алып салгыбыз келет.

  1. Дайындар өтмөктү тандаңыз, андан кийин Чыпка буйругун чыкылдатыңыз. Ылдый түшүү жебеси ар бир катар үчүн башкы уячада пайда болот. Эскертүү: Сиз буга чейин иш барагыңызга чыпкаларды кошкон болсоңуз, анда бул кадамды өткөзүп жибере аласыз.
  2. Сиз чыпкалоону каалаган катар үчүн, жайылма жебени чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз катар C. чыпкалап алабыз
    Баш катарда Ылдый түшүү жебелери
  3. Чыпка менюсу пайда болот. Текст Чыпкалар үстүнө курсорду алып келип, андан кийин ылдый түшмө менюсундагы каалаган текст чыпкасын тандаңыз. Биздин мисалда, белгилүү бир текст камтылган эмес дайындар көрүнүшүнөн Камтылган Эмес ти тандап алабыз.
    Ылдый түшүү менюсунан ылайыкташкан чыпканы кошуу
  4. Ылайыкташкан АвтоЧыпка диалог кутучасы пайда болот. Чыпканын оң жагындагы каалаган текстти киргизип, анан OK чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, бул сөздү камтыган ар кандай нерселерди алып салып, ноутбук деп терип жаза алабыз.
    Ылайыкташкан чыпка дмалог кутучасы
  5. Дайындар, тандалган текст чыпка тарабынан чыпкаланып берилет. Биздин мисалда, иш баракта ноутбук деген сөз камтылбаганын көрсөтөт.
    Ылайыкташкан чыпка  иш барагында колдонулат

Өркүндөтүлгөн номер чыпкаларын колдонуу үчүн:

Жакшыртылган номер чыпкалары, дайындарды номерлөөнү ар кандай жолдор менен башкарууга мүмкүндүк берет. Бул мисалда, биз ID номерлердин аралыгы боюнча жабдуулардын айрым түрлөрүн гана көрсөтө алабыз.

  1. Тасмадагы дайындар өтмөгүн тандап, андан кийин Чыпка буйругун чыкылдатыңыз. Ылдый түшүү жебеси ар бир катар үчүн башкы уячада пайда болот. Эскертүү: Сиз буга чейин иш барагыңызга чыпкаларды кошкон болсоңуз, анда бул кадамды өткөзүп жибере аласыз.
  2. Сиз чыпкалоону каалаган катар үчүн жайылма жебени чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз ID номерлерин белгилүү гана аралыкта көрүү үчүн тилке A чыпкалап алабыз.
    Баш катарда Ылдый түшүү жебелери
  3. Чыпка менюсу пайда болот. Номер Чыпкаларынын үстүнө курсорду алып келип, андан кийин ылдый түшүү менюсунан керектүү номер чыпкасын тандаңыз. Биздин мисалда, биз белгилүү бир номер аралыгынын ортосунда ID номерлерди көрүүгө Ортосунда (Between)тандай алабыз.
    Ылдый түшүү менюсуна чыпка номерин кошуу
  4. Ыңгайлашкан АвтоЧыпка диалог кутучасы пайда болот. Ар бир чыпканын оң жагындагы каалаган номерди киргизип, анан OK чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз 3000-6000 аралыгында ID номерлерди көрсөтө турган ID номери көбүрөөк же 3000 барабар, бирок же 6000 барабар же азыраак чыпкалоо үчүн келет.
    Чыпка номер диалог кутучасы
  5. Тандалган номер чыпка тарабынан дайындар чыпкаланып берилет. Биздин мисалда,3000 жана 6000 ортосунда ID номери менен эле даана көрүнүп турат.
    Чыпка номер иш  барагына колдонулат

Жакшыртылган дата чыпкаларын колдонуу үчүн:

Илгерилетилген дата чыпкаларын белгилүү бир убакыт аралыгында, мисалы өткөн жылы, кийинки чейрек катары же эки датанын ортосундагы маалыматты көрүү үчүн да колдонсо болот. Бул мисалда, биз 15-июль менен 15- август арасындагы текшерилип жаткан гана жабдууларды көрүү үчүн илгерилетилген дата чыпкаларды колдонобуз.

  1. Дайындар өтмөктү тандаңыз, андан кийин Чыпка буйругун чыкылдатыңыз. Ылдый түшүү жебеси ар бир тилке үчүн башкы уяча пайда болот. Эскертүү: Сиз буга чейин иш барагыңызга чыпкаларды кошкон болсоңуз, анда бул кадамды өткөзүп жибере аласыз.
  2. Сиз чыпкалоону каалаган катар үчүн, жайылма жебени чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз белгилүү бир даталар аралыгын көрүү үчүн тилке Д чыпкалап алабыз.
    Ылдый түшүү жебелери баш катарда
  3. Чыпка менюсу пайда болот. Дата Чыпкалардын үстүнө курсорду алып келип, андан кийин ылдый түшүү менюсундагы керектүү дата чыпкасын тандаңыз. Бул мисалда, биз 15-июль менен 15- август арасындагы текшерилип жаткан гана жабдууларды көрүү үчүн илгерилетилген дата чыпкаларды колдонобуз.
    Ылдый түшүү менюсуна дата чыпкасын кошуу
  4. Ылайыкташкан АвтоЧыпка диалог кутучасы пайда болот. Ар бир чыпканын оң жагындагы каалаган датага (ларга) киргизип, анан OK чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз 15-июлдан кийин же барабар даталар үчүн чыпкалагыбыз келет, 2015, жана бул даталар аралыгындагы бир катар өзгөрүүлөр болот 15-2015, же ага барабар болгон.
    Дата чыпка диалог кутучасы
  5. Иш барагы тандалган күн чыпка тарабынан чыпкаланып берилет. Биздин мисалда, биз кайсы элементтер 15 июлдан 15-август арасында текшерилгенин көрө алабыз.
    Дата чыпкасы иш барагына колдонулат

Чакырык!

  1. Биздин практикалык ишти ачыңыз.
  2. Иш китептин төмөнкү-сол жагындагы Чакырыкты чыкылдатыңыз.
  3. Электрониканы жана Куралдарды көрсөтүү үчүн чыпканы колдонуңуз.
  4. Сансей деген сөздөн турган көрүнүш элементтерин чыпкалоо үчүн Издөө функцияларын колдонуш керек. Муну жасагандан кийин, сизде алты жазуу көрсөтүү болушу керек.
  5. Элементтерди сүрөттөө чыпкасын тазалоо
  6. Бир катар чыпканы колдонуп, насыя суммасын көбүрөөк же 100 $ барабар көргөзүү.
  7. Мөөнөтү 2016-жылга гана бар элементтерди көрсөтүш үчүн, чыпкалоо.
  8. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:

    Чыпкалоо Чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-tables/content/