Excel 2016 Негиздери: Айлантуу Жадыбалдар менен көбүрөөк иш жасоо (Doing More with PivotTables)

Lesson 25: Айлантуу Жадыбалдар менен көбүрөөк иш жасоо (Doing More with PivotTables)

/en/tr_ky-excel-2016/-intro-to-pivottables/content/

Айлантуу Жадыбалдар менен көбүрөөк иш жасоо.

Мурунку сабактан билгенибиздей, Айлантуу Жадыбалын тааныштыруу үчүн , Айлантуу Жадыбалын маалыматтардын дээрлик бардык түрүн талдап жана корутундулап чыгууга колдонсок болот. Айлантуу Жадыбалын башкарууга жана дайындарыңызды түшүнүүгө жардам берүү үчүн, Excel үч кошумча куралдарды сунуштайт: чыпкалоолор, кескичтер жана Айлантуу Диаграммалары.

Кошумча: Биздин практикалык ишкитепти жүктөп алыңыз.

Айлантуу Жадыбалдарын жакшыртуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөндөгү видеону көрүңүз.

Чыпкалар

Кээде дайындардын айрым бөлүмүнө басым жасашыңыз мүмкүн. Чыпкалар сизге керектүү маалыматты гана көрө ала тургандай кылып, Айлантуу Жадыбалда маалыматтарды тарытып(кичирейтип) колдонууга мүмкүндүк берет.

Чыпка кошуу үчүн:

Төмөндө көрсөтүлгөндөй, биз жеке сатуунун ар бир регионго кандай таасир берип жатканын аныктоо үчүн белгилүү бир сатуучуларды чыпкалап алабыз.

  1. Чыпкалар аймакка талаа тизмесинен талааны сүйрөйбүз. Бул мисалда, биз, Сатуучунун талаасын колдонобуз.
    талааны сүйрөө
  2. Чыпка Айлантуу Жадыбалдын жогору жагында пайда болот. Ылдый түшүү жебени чыкылдатып, андан кийин Бир нече Элементтерди Тандоонун жанындагы кийинки кутучаны текшериңиз..
     бир нече элементтерди ылайыкташтыруу
  3. Сиз кутучадан кийинки , Айлантуу Жадыбалга кошкуңуз келбеген бардык элементти белгилебеңиз. Биздин мисалда, биз бир нече Сатуучулар үчүн кутучаларды бошотуп, андан кийин OK чыкылдатабыз.
    белгилебөө / тандалбаган элементтер
  4. Айлантуу Жадыбалы өзгөртүүлөрдү чагылдырууну жөнгө салат.
    чыпкаланган Айлантуу Жадыбалы

Кескичтер

Кескичтер Айлантуу Жадыбалында дайындарды чыпкалоону жеңилдетет. Кескичтер негизинен эле чыпкалар болуп саналат, бирок дайындарды ыкчам айлантууга мүмкүндүк берүү менен, пайдаланууга тезирээк жана жеңилирээк болот. Эгер сиз Айлантуу Жадыбалын тез-тез чыпкаласаңыз, анда чыпкалардын ордуна кескичтерди колдонгуңуз келет.

Кескичтерди кошуу үчүн:

  1. Айлантуу Жадыбалдан ар кандай уячаны тандаңыз.
  2. Талдоо өтмөгүнөн тартып, Кескич Кыстаруу буйрукту чыкылдатуу.
    кескич буйрук киргизүү
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Керектүү талаадан кийинки кутуну текшерүү. Биздин мисалда, биз, сатуучуну тандап алабыз, андан кийин OK чыкылдатабыз.
    талаа диалог кутусу
  4. Айлантуу Жадыбалдан кийин кескич пайда болот. Ар бир тандалган элемент көк менен белгиленет. Төмөндө көрсөтүлгөндөй, кескич бардык сегиз сатуучулардын турат, бирок алардын ичинен бешөө гана азыркы учурда тандалып алынат.
    кескич жана айлантуу жадыбалы
  5. Чыпкалар сыяктуу эле, бир гана тандалып алынган элементтер Айлантуу Жадыбалда колдонулат. Сиз элементти тандасаңыз да же тандабасаңыз да, Айлантуу Жадыбалы заматта өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Айлантуу Жадыбалы кандай таасир этерин көрүү үчүн ар кандай элементтерди тандоого аракет кылып көрүңүз. Курамдуу элементтерди бир эле учурда тандоо үчүн баскычтопту Ctrl баскычын басып, күтүңүз.
    Айлантуу жадыбалын ыңгайлаштыруу

Ошондой эле баардык элементтерди бир учурда тандоо үчүн кескичтин жогорку оң бурчундагы Чыпка сүрөт белгини баса аласыз.

Айлантуу Диаграммалары

Айлантуу диаграммалары кадимки эле диаграммаларга окшош, болгону алар дайындарды Айлантуу Жадыбалдан көрсөтөт. Кадимки диаграммалар сыяктуу, сиз мыкты маалыматтарды тааныштыруу үчүн диаграмма түрүн, жайгашуусун жана стилин тандап аласыз.

Айлантуу Диаграмманы түзүү үчүн:

Төмөндөгү мисалда, биздин Айлантуу Жадыбал ар бир региондун сатуу көрсөткүчтөрүнүн бир бөлүгүн көрсөтүүдө. Биз көбүрөөк так маалымат көрүү үчүн Айлантуу Диаграммасын колдонобуз.

  1. Сиздин Айлантуу Жадыбалдан ар кандай уячаны тандаңыз.
  2. Кыстаруу өтмөгүнөн тартып, Айлантуу Диаграмма буйрукка чыкылдатуу.
    айлантуудиаграмма буйругу
  3. Кыстаруу Диаграмма диалог кутучасы пайда болот. Керектүү диаграмма түрүн жана түзүлүшүн тандап, андан кийин OK чыкылдатыңыз.
    диаграмма диалог кутусу
  4. Айлантуу Диаграммасы пайда болот.
    айлантуужадыбалы, кескич,жана айлантуудиаграммасы

Сиздин Айлантуу Диаграммадан маалыматтарды тарытуу үчүн чыпкаларды же кескичтерди колдонуп көргүлө. Маалыматтардын ар түрдүү топтомун көрүү үчүн, Айлантуу Жадыбалдан тилкелерди же катарларды өзгөртүңүз. Төмөндөгү мисалда, биз ар бир сатуучу үчүн ай сайын сатууну көрүү үчүн Айлантуу Жадыбалды өзгөртүп койдук.

такталган айлантуудиаграммасы

Чакырык!

  1. Биздин практикалык ишкитепти ачыңыз.
  2. Саптар аймакта, Аймакты алып салып жана сатуучу менен алмаштырылсын.
  3. Айлантуу Диаграммасын Кыстаруу жана, Сызык түрүн белгилөө тандаңыз.
  4. Региондор үчүн кескичти кыстаруу.
  5. Түштүк жана Чыгыш региондорду көрсөтүү үчүн кескичти колдонуу.
  6. Тилкелерди топтош үчүн Айлантуу Диаграмма түрүн өзгөртүү.
  7. Айлантуу Диаграмма Талаалары панелинин оң жагына, Legend (Series) аймакка айды кошуу. Эскертүү: Сиз ошондой эле Айлантуу Жадыбалды басып жана Тилкелер аймака айды кошууга болот; натыйжасы ушундай болот.
  8. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китеп ушул сыяктуу болушу керек:

    Көбүрөөк АйлантууЖадыбалы

/en/tr_ky-excel-2016/-whatif-analysis/content/