Excel 2016 Негиздери: Орфографияны текшерүү (Checking Spelling)

Lesson 11: Орфографияны текшерүү (Checking Spelling)

/en/tr_ky-excel-2016/-find-replace/content/

Орфографияны текшерүү

Иш-китебин бөлүшөөрдөн мурда анда орфографиялык каталар жок экенин билгиңиз келет болушу керек. Бактыга жараша, Excel'де Орфографияны текшерүү куралы бар.

Сиз Microsoft Word'до Орфографияны текшерүү функциясын колдонуп жүрсөңүз, Excel'деги Орфографиялык текшерүү куралы пайдалуу, бирок анчалык кубаттуу эмес экенин билиңиз. Мисалы, ал грамматикалык каталарды жана сиз терип жатканда орфографиялык каталарды текшербейт.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Орфографияны текшерүүнү колдонуу үчүн:

  1. Карап чыгуу өтмөгүнөн Орфографиялык текшерүү буйругун чыкылдатыңыз.
    Орфографиялык текшерүү буйругун тандоо
  2. Орфографиялык текшерүү диалог кутучасы пайда болот. Сиздин барактагы ар бир ката үчүн Офрографияны Текшерүү сунуштарды берет. Сунушту тандаңыз, жана катаны оңдош үчүн Өзгөртүүнүн чыкылдатыңыз.
    Катаны оңдоо үчүн өзгөртүүнү чыкылдатуу
  3. Бардык каталарды карап чыккандан кийин бир диалог кутучасы пайда болот. Текшерүүнү жабуу үчүн ОК басыңыз.
    Орфографиялык текшерүүнү жабуу үчүн ОК чыкылдатуу

Эгер керектүү сунуштар болбосо, кол менен туураласаңыз болот.

Орфографиялык "каталарды" этибар албоо

Орфографиялык текшерүү ар дайым туура боло бербейт. Кээ бир сөздөр туура жазылып турса да ката кылып белгилеши мүмкүн. Бул көп учурда адам ысымдары менен болот, анткени алардын көбү сөздүктөрдө эмес. Төмөнкү үч ыкмалардын бирин колдонуп каталарды оңдобой койсоңуз болот.

  • Бир жолу этибарга албоо: Бул сөздү өзгөртпөстөн өткөрүп жиберет.
  • Барын этибарга албоо: Бул сөздү өзгөртпйөт жана бардык каталарды өткөрүп жиберет.
  • Кошуу: Ката деп табылган сөздү сөздүккө кошот жана кийин ал эч качан ката катары белгиленбейт. Бул параметрди тандаганга чейин бул сөз туура жазылганын текшериңиз.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китеп өтмөгүнүн төмөнкү-сол жагындагы Чакырык иш-барагын чыкылдатыңыз.
  3. Орфографиялык Текшерүүнү иштетип, каталарды табыңыз.
  4. Coffe жана Medum сөздөрүн сунушталган терминдер менен оңдоңуз.
  5. Amanecer үчүн сунуштоолорду этибарга албаңыз.
  6. Бүткөндөн кийин, сиздин иш-китеп ушул сыяктуу болушу керек:
    Орфографиялык текшерүү Чакырыгы
  7. Бонус кадам! Орфограияны текшерүү таппаган бир ката бар. Таба аласызбы? Жардам: Бул сүрөттөөлөрдө бар.

/en/tr_ky-excel-2016/-page-layout-and-printing/content/