Excel 2016 Негиздери: Салыштырмалуу жана абсолюттук уяча шилтемелери (Cell References)

Lesson 15: Салыштырмалуу жана абсолюттук уяча шилтемелери (Cell References)

/en/tr_ky-excel-2016/-more-complex-formulas/content/

Салыштырмалуу жана абсолюттук уяча шилтемелери

Уяча шилтемелеринин эки түрү бар: салыштырмалуу жана абсолюттук. Башка уячаларга салыштырмалуу жана абсолюттук шилтемелери толтурулганда же көчүрүлгөндө башкача аракет кылышат. Салыштырма шилтемелер формула башка уячага көчүрүлгөндө өзгөрүлөт. Экинчи жагынан абсолюттук шилтемелер кайда көчпөсүн - туруктуу бойдон калышат.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Уяча шилтемелери тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Салыштырмалуу шилтемелер

Алдын ала, ар бир уяча шилтемелери салыштырмалуу шилтемелер болуп саналат. Бир нече уяча аркылуу көчүрүлгөндө, алар сап жана тилкелерге салыштырмалуу абалына жараша өзгөрөт. Мисалы сиз = A1 + B1 1 формуласын 1-саптан 2-сапка көчүрсөңүз, формула = A2 + B2 болуп калат. Эгер бир нече эсептөөлөрдү кайталооңуз керек болсо салыштырмалуу шилтемелери өзгөчө ыңгайлуу.

Салыштырмалуу шилтемелерди колдонуп формуланы түзүү жана көчүрүү үчүн:

Төмөнкү мисалда, биз формула түзөлү деп жатабыз, ал формула ар бир нерсенин баасын санына көбөйтөт. Ар бир сапка жаңы формула түзгөндөн көрө, биз D2-уячасына жалгыз формула түзө алабыз жана аны башка саптарга көчүрөбүз. Формула ар бир нерсе үчүн жалпы сумманы туура эсептеш үчүн салыштырмалык шилемени колдонобуз.

  1. Формула камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз D4 уячасын тандап алабыз.
    Уячаны тандоо
  2. Керектүү маанини эсептөө үчүн формуланы киргизиңиз. Биздин мисалда, биз = B4 * C4 деп теребиз.
    Формула киргизүү
  3. Баскычтоптон Enter басыңыз. Формула эсептелет, жана натыйжа уячадан көрсөтүлөт.
  4. Керектүү уячанын төмөнкү-оң бурчунда толтуруу туткасын тапкыла. Биздин мисалда, биз D4 уячасын таап, толтуруу тутканы колдонобуз.
    Толтуруу туткасын табуу
  5. Толтургуңуз келген уячанын үстүнө толтуруу туткасын сүйрөп келиңиз. Биздин мисалда, биз D5: D13 уячаларын тандайбыз.
    Толтуруу туткасын сүйрөө
  6. Чычканды бошоткула. Салыштырмалуу шилтемелери бар тандалган уячаларга формула көчүрүлөт жана ар бир уячада натыйжаны көрсөтөт.
    Формула натыйжасы

Сиз формулалардын тактыгын текшерүү үчүн толтурулган уячаларды кош чыкылдатсаңыз болот. Салыштырмалуу шилтеме уячалары саптарына жар бир уячага жараша ар кандай болушу керек.

Формула текшерилүүдө

Абсолюттук шилтемелер

Башка уячаларга көчүрүлгөндө уяча шилтемелери өзгөрбөөсүн каалаган учурлар болушу мүмкүн. Салыштырмалуу шилтемелерден айырмаланып абсолюттук шилтемелер көчүрүлгөнө же толтурулганда өзгөрбөйт. Сиз тилкени де сапты туруктуу кармоо үчүн абсолюттук шилтемени колдоно аласыз.

Абсолюттук шилтеме формулада доллар белгиси ($) менен дайындалат. Бул тилке жана сап шитемесине же экөөнө тең таасирин берет.

$A$2 тилкеси жана сабы көчүрүлгөндө өзгөрбөйт. A$2 саьы өзгөрүлбөйт, $A2 тилкеси өзгөрүлбөйт.

Сиз жалпысынан $ A $ 2 форматын колдонуп, абсолюттук шилтемени камтыган формулаларды түзөсүз. Башка эки формат азыраак колдонулат.

Формуланы жазууда, сиз F4 баскычын басыпабсолюттуктан салыштырмалуу уяча шилтемелерине өтүп кете аласыз. Бул абсолюттук шилтемелерди коюнун жеңил жолу.

Абсолюттук шилтемелерди колдонуп формуланы көчүрүү жана түзүү.

Төмөнкү мисалда, биз, E2 уячасын колдонобуз (ал 7,5% салык наркын камтыйт) жана ал D тилкесинде ар бир нерсе үчүн сатуу салыгын эсептейт. Салык наркына болгон шилтеме туруктуу болшу үчүн, биз $ E $ 2 уячасын абсодюттук шилтеме кылышыбыз керек.

  1. Формуланы камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз D4 уячасын тандап алабыз.
    Уячаны тандоо
  2. Керектүү маанини эсептөө үчүн формуланы киргиңиңиз. Биздин мисалда, биз = (B4 * C4) * $E$2 деп теребиз, ошондо $E$2 абсолюттук шилтеме болуп калат.
    Формуланы киргизүү
  3. Баскычтоптон Enter басыңыз. Формула эсептейт жана наыйжа уячада пайда болот.
  4. Каалаган уячанын төмөнкү-оң бурчундагы толтуруу туткасын тапкыла. Биздин мисалда, биз D4 уячасы үчүн толтуруу туткасын табабыз.
    Толтуруу туткасын табуу
  5. Сиз толтурууну каалаган уячанын үстүнөн толтуруу туткасын сүйрөңүз. (Биздин мисалда D5:D13 уячалары).
    Толтуруу туткасын сүйрөө
  6. Чычканды бошоткула. Формула тандалган абсолюттук шилтемеси бар уячаларга көчүрүлөт, жана ар бир уяча үчүн маанилер эсептелет.
    Формула натыйжасы

Тактык үчүн толтурулган уячаларды кош чыкылдатып формулаларын текшерип көрсөңүз болот. Абсолюттук шилтемелер ар бир уяча үчүн окшош болушу керек, ал эми калган шилтемелер уячанын сабына карата салыштырмалуу болууга тийиш.

Формула текшерилүүдө

Сиз качан бир нече уячаны абсолюттук шилтеме кылган сайын доллар белгисин ($) кошконду унтпаңыз. Доллар белгилери төмөннкү мисалда коюлбай калган. Бул Excel үчүн аны салыштырмалуу шилтеме катары көрсөтүүгө аргасыз кылды жана башка уячага көчүрүлгөндө туура эмес натыйжа көрсөттү.

Туура эмес көчүрүлгөн формула

Бир нече иш-барагы менен уяча шилтемелерин колдонуу

Excel аркылуу иш-барактагы каалаган уячага шилтеме берсе болот. Бул үчүн, сиз жөн гана уяча шилтемеси жана (!) белгиси бар иш-барак аталышы менен баштасаңыз болот. Мисалы, сиз A1 уячасына Sheet1 баракчасына шилтеме берейин десеңиз, анын уяча шилтемеси Sheet1 A1 болмок!

Эгер иш-барагыңызда бош орун болсо, сиз анын ордуна (' ') бир тырнакча белгилерин коё аласыз. Мисалы, сиз July Budget баракчасындагы A1 уячасына шилтеме бергиңиз келсе, мунун уяча шилтемеси 'July Budget'!A1 болмок!

Иш барагы аркылуу уячаларга шилтеме берүү үчүн:

Төмөнкү мисалда биз эсептелген эки иш-барактын маанилерин эсептеген уячага шилтеме кылабыз. Формуланы карйа жазбай же дайындарды кайра көчүрбөй ошол эле маанини колдонгонго шарт түзөт.

  1. Сиз шилтеме бергиңиз келген уячаны табыңыз. Биздин мисалда, биз E14 уячасына шилтеме бергибиз келет.
    Уячаны табуу
  2. Керектүү иш-барагына багыттаңыз. Биздин мисалда, биз Catering Invoice иш-барагын тандайбыз.
    Иш-барагын тандоо
  3. Маани чыгуучу уячаны таап, тандаңыз. Биздин мисалда, биз B4 уячасын тандап алабыз.
    Уячаны тандоо
  4. Барабар (=) белгисин, (!) белгисинен кийинки барак атын, жана уяча дарегин териңиз. Биздин мисалда, биз='Menu Order'!E14 деп теребиз.
    Формула киргизүү
  5. Баскычтоптон Enter деп басыңыз. Шилтемеленген ууячанын мааниси пайда болот Азыр эми, E14 уячанын мааниси Menu Order иш-барагынан өзгөрсө, бул автоматтык түрдө Catering Invoice барагында жаңыртылат.
    Формула натыйжасы

Эгер иш-барагыңыздын атын кийинчерээк өзгөртсөңөр, уяча шилтемеси автоматтык түрдө жаңыртылат.

Эгер туура эмес иш-барак атын киргизсеңер #REF! ката белгиси уячада пайда болот. Төмөннкү мисалда биз иш-барактын атын туура эмес жаздык. Түзөтүү үчүн, этибарга албоо, же катаны иликтөө үчүн уячанын ичиндеги Ката баскычын чыкылдатыңыз жана менюдан вариант тандаңыз.

Ката жоюу

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китептин төмөнкү-сол жагындагы Paper Goods өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  3. D4 уячасында B4 нерсе баасын C4-санына жана E2 салык наркына көбөйтүү үчүн формула киргизиңиз. Абсолюттук уяча шилтемесин салык наркына колдонуңуз, анкени ар бир уяча үчүн бирдей болот.
  4. Толтуруу туткасын колдонуп D5: D12 уячалары үчүн түзүлгөн формуланы көчүрүңүз.
  5. E2 уячасындагы салык наркын 6,5% чейин өзгөртүңүз. Бардык уячалар жаңыртылганын байкаңыз. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:
    Paper Goods өтмөгү
  6. Catering Invoice өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  7. C5 уячасындагы маанини жок кылңыз жана кагаз буюмдардын жалпы суммасы шилтемеси менен алмаштырыңыз. Жардам: E13 уячадагы кагаз буюмдарынын баасы.
  8. Кошумча: Жогорудагы кадамдарды колдонуп, салык наркын эсептегиле. E14 уячадагы жалпы сумма жаңыртылышы керек. Андан кийин, C4 уячада азыр эле эсептеген жалпы суммага уяча шилтемесин түзүңүз. Эскертүү: Эгер сабак учурунда иш-китебибиздин үстүндө иштеген болсоңуз, бул кадамды балким аягын чыгаргансыз.
  9. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:
    Catering Invoice өтмөгү

/en/tr_ky-excel-2016/-functions/content/