Компьютер негиздери: Жаңы программаны үйрөнүү (New Program)

Lesson 21: Жаңы программаны үйрөнүү (New Program)

/en/tr_ky-computer-basics/-builtin-help/content/

Жаңы программаны үйрөнүү

Сиз компьютерлерди жакшы билген досуңузду чакырып, жаңы программада бир нерсе жасаганга жардам сурашыңыз мүмкүн. Досуңуз олсо бул программаны колдонуп көрбөгөнүн, бирок аракет кылып жардам берээрин айтат. Эки мүнөттөн кийин, ал эмне кылыш керек экендигин аныктайт.

Ал кандайча ушундай кылды? Эгер сизушундай ситуацияга кабыл болсоңуз, бул сыйкырдай болуп сезилиши мүмкүн. Ал эми сиздин досуңуз компьютерлер, компьютер программалары тууралуу билимине, тажрыйбасына таянышы мүмкүн. Бул сабакта, сиз да ошондой болушунңуз үчүн эмне кылуу керектигин көрсөтөбүз.

Сиз өзүңүз ойлонгонго караганда көбүрөөк билесиз!

Жаңы компьютер программасын колдоно баштоо оордой туюлат, бирок сиз өзүңүз ойлонгондон да көп билээриңизди эскертип кеткибиз келет. Сиздин астыңыздагы экран дагы такыр тааныш көрүнбөй жатса дагы, сиз компьютериңиз жана башка программалар тууралуу билимиңиз мындан ары эмне кылууну түшүнүүгө жардам берет. Сиз жаңы программаны көбүрөөк убакыт колдонсоңуз, сизге ал жакшы таанымал болуп калат.

Сиз колдонгон программалар менен окшоштугун издеңиз

Сиз жаңы программаны ачууда башка программалар менен окшоштуктарын караңыз. Сиз, балким аны байкабай элесиз, бирок көпчүлүк программалардын жалпы функциялары окшош, жана бир программаны жакшы колдонгонду үйрөнсөңүз, демек башка жаңы программаларды да колдонгонду билесиз. Мисалы, көптөгөн баскычтоп кыска жолдору бардык программаларда бмрде ийштейт.

Көп программалардын Файл жана Түзөтүү менюлары бар, жана алар бардык программада бир жерде гана турат: экраныңыздын жогору жагында же жайылма меню же тасма түрүндө. Файл жана түзөтүү менюлары бардык программаларда окшош иш-милдеттерди аткарышат. Ошондуктан төмөнкү сүрөттөй, мисалы Басып чыгаруу функциясы Microsoft Word'до файлдын ичинде болсо, Google Drive'да да Файл менюсунун ичинде болот.

Google Drive скриншоту

Эгер Mac'тан жеке компьютерге же тескерисинче которулуп жатсаңыз, баскычтоп кыска жолдору да көбүнчө окшош болот. Жөн гана ЖК Ctrl баскычын Mac'тын Command баскычы менен алмаштырып коюңуз. Мисалы, кесүү функциясы ЖКда Ctrl + X , ал эми Mac'та Command + X болот.

Жашыруун такталарды, панелдерди караңыз

Сиз жаңы программадагы таанымал функцияларды таптыңыз дейли, бирок кээ бирлерин таппай жатасыз. Багынбаңыз! Эгер кайсы бир функция болушу керек десеңиз, анда, балким, сиздики туура. Сиз жөн гана аны ачууңуз керек болушу мүмкүн. Көптөгөн программалардын куралдары, панелдери, такталары жашырылаг болот, алар демекйи режимде жаңы программада жашыруун болот. Эгер кайсы функцияны таба албай жатсаңыз, төмөнкү Firefox веб бразуериндей View жана Window менюларын караңыз.

View менюcунун скриншоту

Эгер көйгөйлөр болуп жаткан болсо

Сиз колдонуп жаткан программанын тааныш эмес элементтери көп болсо, же чиз түшүнбөгөн функциялары бар болсо, капа болбоңуз. Бары бир программаны колдонгонду үйрөнүү үчүчн жөнөкөй нерселер бар.

Жардам мүмкүнчүлүгүн колдонуңуз

Программаны иштеп чыгуучулар колдонуучулардын суроолорду узатаарын билишет, ошондуктан үйрөткүчтөрдү, жардам маалыматтарды программага камтышат. Адатта, экрандын жогору жагынан Жардам менюсун (кээде бир суроо белгиси сүрөтчөсү менен көрсөтүлгөн) басуу менен ача аласыз. Ал жерден сиз кантип программаны колдонууну, бузулгандарды аныктап, оңдогонду жана көп берүлүүчү суроолорго жооп ала аласыз. Кээ бир жардам менюларында колдонуучулар онлайн жардам форумдарга шилтемелерди беришет, ал жакта бири-биринин суроолоруна жооп жаза алышат. Бир нерселер сиз үчүн анык болбосо, башкаларга да түшүнүксүз болушу мүмкүн, жардам форумда маалымат болушу керек.

Word жардам менюсунун скриншоту

Google'да издеңиз!

Сиз программанын жардам менюсунда жооп таппасаңыз, жооптуGoogle аркылуу издеп көрүңүз. Балким, программаны пайдалануу боюнча башка колдонуучулардын үйрөткүчтөрүн таба аласыз. Сиз ошондой эле YouTube аркылуу сиз колдонуп жаткан программа боюнча видео үйрөткүчтөрдү издесеңиз болот.

Google'да издөө скриншоту

Google менен натыйжалуу издөө үчүн эмне кылуу керектигин билүү үчүн, биздин Google Издөө кеңештери сабагыбызды караңыз.

/en/tr_ky-computer-basics/-bringing-files/content/