Компьютер негиздери: Булут деген эмне? (Cloud)

Lesson 15: Булут деген эмне? (Cloud)

/en/tr_ky-computer-basics/-getting-started-internet/content/

Булут деген эмне?

Сиз булут, булут компьютинг, же булут сактагычы сыяктуу терминдерди элдин колдонуп жүргөнүн уксаңыз керек. Чынында, булут деген эмне?

Жөнөкөй сөз менен айтканда, булут-бул интернет. Тактап айтканда, ал интернет аркылуу алыстан таба алган нерселердин баары болот. Бир нерсе булутта десек, ал сиздин компьютердин катуу дискинде эмес, интернет серверлеринде сакталган дегенди түшүндүрөт.

Булут жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Булутту эмне үчүн колдонушубуз керек?

Булутту колдонуунун негизги себептеринин бири - алар ыңгайлуу жана ишенимдүү болуп саналат. Мисалы, сиз Gmail же Yahoo! сыяктуу интернетте негизделген электрондук почта кызматын колдонуп көрсөңүз, демек сиз булут менен иштегенсиз. Сиздин бардык электрондук каттарыңыз компьютериңиздин катуу дискинде эмес, интернеттеги серверлерде жайгашкан. Бул интернет байланышы менен каалаган компьютерден почтага кире алат дегенди билдирет. Компьютериңизде бир көйгөй жаралса да, электрондук каттарыңызды калыбына келтире аласыз дегенди билдирет.

Gmail

Булутту колдонуу үчүн бир нече себепти карап көрөлү.

  • Файл сактагыч: Сиз булутта ар түрлүү файлдарды сактай аласыз, мисалы файлдар жана электрондук почта. Бул нерселериңизге компьютериңизден гана эмес, каалаган интернети бар компьютер же мобилдик түзмөктөрүңүздөн кире аласыз. Dropbox жана Google Drive булутта негизделген эң таанымал сактоо кызматтары.
  • Файл менен бөлүшүү: булут аркылуу файлдарды көп киши менен бир учурда бөлүшүү абдан жеңил. Мисалы, сиз Flickr же iCloud Сүрөттөр сыяктуу булутта негизделген сүрөт кызматтарына бир нече сүрөттөрдү жүктөп, андан соң тез достор жана үй-бүлө менен бөлүшө аласыз.
  • Дайындардын камсыз көчүрмөсүн сактоо: Ошондой эле документ терди сактоо үчүн булутту колдоно аласыз. Mozy жана Carbonite сыяктуу колдонмолору сиздин дайындарды автоматтык түрдө булутка сактайт. Бул жол менен, сиздин компьютер уурдалып кетсе, жоголсо же сынып калган болсо да сиз бул файлдарды булуттан калыбына келтирип аласыздар.
Mozy аркылуу документтин камдык көчүрмөсүн сактоо

Интернет программалары деген эмне?

Буга чейин биз иш-такта программалары тууралуу, алардын аткарган тапшырмалары тууралуу сүйлөшкөнбүз. Бирок, ошондой эле, интернет, же веб программалары да бар, алар булутта иштеп, сиздин компьютерге аларды орнотуунун кажети жок. Интернетте өтө популярдуу сайттардын көбү, чынында, веб колдонмолору. Сиз аны билбей туруп веб колдонмосунда иштеген чыгаарсыз! Кээ бир таанымал веб колдонмолорун карап көрөлү.

  • Facebook : Facebook сизге онлайн профиль түзүп, досторуңуз менен байланышууга шарт түзөт. Профилдер жана маектер каалаган убакта жаңыртылып турат, жана Facebook веб программаны колдонуп, маалматты жаңыртып турат.
    Facebook
  • Pixlr: Pixlr сиздин браузер аркылуу иштеген сүрөт түзөтүүчү программа. Adobe Photoshop сыяктуу, анын көптөгөн өнүккөн функциялары бар, мисалы түс коррекциясы жана сүрөттү тунук кылуу.
    Pixlr Editor
  • Google Документтер : Google Документтер сиздин браузерде иштөөчү кеүсе программасы. Microsoft Office программаларына окшоп, документтерди, жадыбалдарды, презентацияларды түзүү үчүн колдоно алабыз. Ал эми файлдар булутта сакталган соң, аны башкалар менен бөлүшүү жеңил болот.
Google Документтер

/en/tr_ky-computer-basics/-clean-computer/content/