Компьютер негиздери: Компьютериңизди таза кармоо (Clean Computer)

Lesson 16: Компьютериңизди таза кармоо (Clean Computer)

/en/tr_ky-computer-basics/-cloud/content/

Компьютериңизди таза кармоо

Чаң жөн эле жагымсыз эмес. Ал компьютериңиздин тетиктерине зыян келтирип, ал эмес компьютериңизди бузуп коюшу мүмкүн. Компьютериңизди дайыма тазалап туруу - анын жакшы иштешине шарт түзөт жана кымбат баалуу тетиктерди алуудан сактайт.

Компьютериңизди таза кармоо тууралуу бул видеодон көрүңүз.

Баскычтопту тазалоо

Чаң, тамак-аш, суюктук жана башка нерселер баскычтоп баскычтарынын астында чогулуп калышы мүмкүн, ал системанын туура иштешине тоскоолдук кылат. Төмөнкү негизги тазалоо ыкмалары баскычтобуңузду таза кармоого жардам берет.

  1. Баскычтопту USB'ден же PS / 2 портунан сууруңуз. Эгер баскычтоп PS / 2 портунда болсо, анда алгач компьютерди өчүрүп туруп, анан сууруңуз.
  2. Баскычтопту коңторуп, акырын силкип коюңуз, кир жана чаңкете баштайт.
  3. Баскычтардын ортосун тазалоо үчүн компресстелген аба ортосундагы таза кысылган аба колдонуңуз.
  4. кысылган аба менен баскыстопту тазалоо
  5. Спирт менен пахта кездемесин же кагаз сүлгүнү нымдап, баскычтардын үстүн тазалаңыз. Алкоголь же башка суюктукту бакычтарга түз куйбаңыз.
  6. Баскычтопту компьютерге ал кургагандан кийин кошуңуз. Эгер PS / 2 портуна туташтырып жатсаңыз, компьютерди күйгүзө электе кошушуңуз керек.

Суюктук менен иш алып баруу

Суюктукту кокустан баскычтопко куюп алсаңыз, компьютерди тез өчүрүп, баскычтопту сууруп салыңыз. Андан кийин баскычтопту тескери коңторуп салгыла, ал кургасын.

Суюктук жабышчаак болуп батташып жатса, аны суу менен тазалашыңыз керек болот. Андан соң баскычтопту тескерисине коңторуп, кайра туташтырганга чейин эки күн күтүү керек. Баскычтоп дароо эле иштеп калбайт, бирок жогорудагы ыкма, балким, мыкты чечим болуп калат.

Мындай жагдайдын алдын алуу үчүн, ичимдиктерди компьютер турган аймактан алыс кармоону сунуштайбыз.

Чычканды тазалоо

Чычкандын эки негизги түрү бар: оптикалык жана механикалык. Ар бири жалпысынан бирдей жол менен тазаланат, болгону механикалык чычкан көбүрөөк жумушту талап кылат.

  • Оптикалык чычкандын ичин тазалоонун кереги жок, алардын тегеренип турган тетиктери жок, бирок көбүнчө жарык чыккан тешигине убакыт өткөн сайын чаң чогулат. Мунун айынан курсор туура иштебей, чычкан талаптагыдай иштебей калат.
    оптикалык чычкан
  • Механикалык чычкандар чаңды жакшы чогултушат, анткени анын тегеренген тетиги чычкандын ичинде да сыртында да тегеренет. Ал чаңга толсо чычканды жылдыруу кыйынга турат. Эгер чычкан курсору жакшы кыймылдабай жатса, балким чычканды тазалаш керек болот.
    механикалык чычкан

Төмөнкү негизги тазалоо ыкмалары чычканды таза сактоого жардам берет:

  1. Чычканды USB же PS / 2 портунан сууруп алыңыз. Эгер чычкан PS / 2 портунда сайылып турган болсо, алгач компьютерди өчүрүп, анан сууруп алсаңыз болот.
  2. Спирт менен пахта кездемесин нымдап, чычканды сүртүп чыгыңыз.
  3. Эгер механикалык чычкан болсо, анын тегеренген шарын чыгарып алып, тазалаңыз. Алгач аны бекитип турган щакекчени чыгарыш керек. Андан кийин спирт менен нымдалган пахта кездемеси менен чычкандын ичин дана шарын тазалоо керек.
    чычкандын шарын тазалоо
  4. Тетиктердин бары жакшы кургаш керек, андан соң гана аларды туташтырууга болот. Эгер PS / 2 портуна туташтырып жатсаңыз,анда компьютерди күйгүзө электе туташтырыңыз.

Сиз чычканды тез тазалагыңыз келсе, анда таза кагаз коюуп, анын үстүнөн чычканды ары-бери жылдырып, тазалаңыз. Бир аз чаң жана башка кирлер кагазга түшүп калышы керек.

Мониторду тазалоо

Чаң, кир, манжа издери компьютер мониторуңузду кир кылып, ал аркылуу бир нерсе окуш оор болуп калат. Бирок, ал экранды зарыл учурда тазалоо - жеңил болот. Мониторлорду тазалоочу жабдыктар бар, аларды сатып алса болот, бирок эгерде алар башка монитор түрү үчүн жасалган болсо -сиздин мониторго зыян келтириши мүмкүн. Мисалы, айнек экрандарына арналган монитор тазалагычы айнек эмес LCD экрандарында иштебей калышы мүмкүн. Коопсуз ыкма катары суу менен нымдалган жумшак таза чүпөрөк колдонууну айтышат.

Мониторду тазалоо үчүн айнек тазалагычты колдонууга болбойт. Көптөгөн экрандар айнек тазалагыстан зыян чегет.

  1. Компьютерди өчүрүңүз.
  2. Мониторду токтон сууруп салыңыз. Сиз ноутбук колдонуп жаткан болсоңуз, аны сууруп салыңыз.
  3. Экранды таза суу менен нымдалган жумшак таза кездеме менен тазалаңыз.
    Кездеме менен ноутбук экранын тазалоо

Экранга түздөн-түз эч кандай суюктуктарды чачпаңыз. Суюктук мониторго кирип, ички компоненттерине зыян тийгизиши мүмкүн.

Башка компьютер беттерин тазалоо үчүн сунуштар

Мезгил-мезгили менен сиз компьютериңиздин кутусун, монитордун артын, жактарын тазалап турушуңуз керек, анткени чаң, кир болуп калат. Аларды тазалап жатканда сиз колдоно турган бир нече ыкмалары бар.

  • Чаң- бул компьютериңиздин негизги душманы. Компьютер кутусун таза кармоо үчүн анти-статикалык чүпөрөк колдонуңуз. Эмерек тазалоочу же күчтүү эриткичтерди колдонууга болбойт.
  • Компьютердин сыртын тазалоо
  • Компресстелген аба менен тешиктерде чогулан кир, чаңдарды үйлөтүп салыңыз.
  • Негизинен аммиакты сууга же айнек тазалоочу каражатка кошуп, компьютер бетин коопсуз тазаласа болот. Эритинди кача жумшак болсо, ошончо жакшы.
  • Монитордун артын, капталдарын коопсуз тазалоо каражаты, сүлгү кагаздар жана анти-статикалык чүпөрөетөр менен тазалаңыз. (монитордун экранын эмес)

Аны салкын кармаңыз

Компьютериңиздин айланасындагы абаны чектебеңиз. Компьютер ысыйт, жана аны катуу ысып кетпешине фендер жардам берет, алар салкындатып турат. Компьютериңиздин тегерегине документтерди, китептерди, жана башка нерселерди койбоңуз.

Көптөгөн иш-такта компьютерлеринине атайын жасалган столдор бар. Ушундай эмерегиңиз бар болсо, компьютер кутусун туура коюңуз. Ал эмеректин эшиги бар болсо, аны аба жакшы кирип туруусу үчүн ачып койгонуңуз оң.

/en/tr_ky-computer-basics/-protecting/content/