Компьютер негиздери: Компьютердин баскычтары жана порттору (Buttons and Ports)

Lesson 4: Компьютердин баскычтары жана порттору (Buttons and Ports)

/en/tr_ky-computer-basics/-basic-parts/content/

Киришүү

Компьютер каптын алды-артын карап канча баскыч жана порттор бар экенин караңыз. Эми монитордо канча бар экенин караңыз. Мүмкүн сиз онго жакын же андан көптү санадыңыз.

Ар бир компьютер өзгөчө, андыктан баскычтар, порттор, чанакттар ар түрдүү. Бирок, көбүнчө такта компьютеринде жайгашкан баскычтар жана портторду окшош кезиктире аласыңар. Бул порттор кантип иштээрин билсеңиз, принтер, клавиатура же чычканды компьютерге кошуу кыйынчылык жаратпайт.

Такта компьютеринде баскычтар, порттор, чанактар кандай иштээрин билгиңиз келсе, төмөндөгү видеону көрүңүз.

Компьютер кабынын бети

Компьютердин кабынын бетин үйрөнүү үчүн төмөндөгү баскычты басыңыз.

түзөтүү хоспоттор түзөтүү хоспоттор /content/570ea870e0a910146005e5cd_04_13_2016/desktop_front_of_case_bg.jpg

Компьютер кабынын арты

Компьютер кабынын арты ар түрдүү атайын түзмөктөрдүн кошулуусуна ыңгайлаштырылган. Жайгаштыруучу орду компьютерге жараша ар түрдүү болушу мүмкүн, көпчүлүк компаниялардын атайын өздөрүнүн бириктиргичтери бар. Кээбир порттор атайын бир түскө боелгон, башка түзмөктөрдү жеңил туташтыруу үчүн.

Компьютер кабынын артын үйрөнүү үчүн төмөндөгү интерактивди басыңыз.

түзөтүү хоспоттор түзөтүү хоспоттор түзөтүү хоспоттор түзөтүү хоспоттор

Портторун башка түрлөрү

Порттордун ар түрлөрү болот, мисалы FireWire, Thunderbolt жана HDMI. Эгерде компьтерде сиз тааныбаган порттор болсо, сиз колдонмодон көбүрөөк маалымат ала аласыңар.

Эми сиз аракет кылыңыз! Төмөндө оюнга кабелдер менен байланышып, машыгуу кылыңыз.

Компьютер менен бирге колдонулган жабдыктар

Компьютердин негизи компьютер капты, мониторду, баскычты, чычканды камтыйт. Бирок силер ар башка түзмөктөрдү, атайын бөлүнгөн портторго туташтырсаңар болот. Бул түмөктөр жабдыктар деп аталат. Көп кездешүүчү жабдыктарды карап көрөлү.

  • Принтер: Экранда пайда болгон документ, сүрөттөрдү жана башка экрандагы нерселерди кагазга басып чыгарат. Принтердин көп түрлөрү болот. Мисалы лазердүү, түстүү жана фото принтерлер болот. Ошондой эле баардыгы-бир принтерлер да бар, алар басып чыгаруудан тышкары, сканерлеп жана докуменнтерди көчүрөт.
Canon принтери
  • Сканерлер: сүрөттү же документти көчүрүп (компьютер окууга мүмкүн болгудай) санарип сүрөт иретинде компьютерге жүктөйт. Көп сканерлер баардыгы -бир принтерде орнотулган, кааласаңыз сканерди өзүнчө (кол сканери) сатып алсаңыз болот.
  • Колонка/ Үнкулак: Спикерлер жана үнкулакчалар сытка чыгаруучу түзмөктөр болуп эсептелинет алар маалыматты компьютерден колдонуучуга жиберет. Мисалы үн жана музыка угууга мүмкүнчүлүк берет. Компьютердин моделине жараша, алар аудио портуна же USB портуна туташтырылышы мүмкүн. Айрым мониторлор динамикти өз ичинде камтыйт.
    компьютер колонкасы
  • Микрофондор: Микрофон бул туташтырлуучу, же колдонуучудан маалыматты алуучу түзмөк. Сиз микрофонду үндү же башка бирөө менен сүйлөшкөнүңүздү жаздырганга тутуштырсаңыз болот. Көптөгөн ноутбуктар микрофонду камтыйт.
  • Желе камералары: желе камерасы, видеолорду жана сүрөттөрдү тартууга камтылган түзмөк. Ал ошондой эле интернет аркылуу видеону учурда көрсөтө алат, ал видеочат, видео конференцияларды башка бирөөлөр менен өткөрүүгө өбөлгө түзөт. Көптөгөн камералар да ушул себептен микрофону менен болот.


    желекамера
  • Оюн жөнгө салуучу жана джойстиктер: Оюн башкармагы атайын оюндарды башкарууга колдонулат. Оюнду башкаруунун көп түрлөрү бар, анан ичинде джойстик, ошондой эле компьютер чычканын, клавиатураны колдоно аласыз.
  • Санарип камералар: Санарип камералар, санарип форматында сүрөттөрдү жана видеолорду тартат. Камераны компьютердин USB портуна туташтырып, сиз сүрөт файлдарын компьютерге өткөзө аласыз.
  • Уюлдук телефон, МР3 плеер, планшет компьютери, жана башка түзмөктөр: качан гана электрондук түзмөк сатып алардын астында мисалы уюлдук телефон же MP3 плеер, USB кабели менен чогуу берилеби текшериңиз. Эгер, берилсе, анда сиз компьютериңизге жеңил эле туташтыра аласыз.

/en/tr_ky-computer-basics/-inside/content/