Компьютер негиздери: Компьютериңизде камтылган жардамды кантип колдонуу керек (Built-In Help)

Lesson 20: Компьютериңизде камтылган жардамды кантип колдонуу керек (Built-In Help)

/en/tr_ky-computer-basics/-troubleshooting/content/

Компьютериңизде камтылган жардамды кантип колдонуу керек

Ар бир адам, кээде жардамга муктаж. Бактыга жараша, компьютер программасы менен жардам керек болсо, аны табуу жеңил. Көп программалардын жардам функциясы бар, аларды колдонгонду үйрөнүү зор таасир бериши мүмкүн. Сиз издеген бардык нерсени таба албашыңыз мүмкүн, бирок компьютериңизде камтылган жардамдан баштоо- туура болот.

Ар кандай программалар ар кандай жолдор менен жардам мүмкүнчүлүктөрүн камтышат. Кээ бир программаларда жардамды программага камтышат, ал эми калгандары иштеп чыгуучулардын колдоочу сайтына шилтеме беришет. Бирок алардын бары бирдей нерсени эске алып жасалган: программанын функцияларын үйрөнүүңүз жана өз алдынча көйгөйлөрдү чечүүңүз үчүн.

Камтылган жардамды кантип табуу керек

Көпчүлүк программалардын камтылган жардамын табуу үчүн эки жолу бар. Мисалы, Adobe Photoshop Elements программасынын көп варианттары бар жардам менюсу бар. Кээ бир варианттары Adobe'дун интернеттеги колдоо баракчасын ачат, ал эми калгандары жардамды программанын ичинен ачат.

Photoshop Жардам менюсу

Башка программаларда, адатта, терезенин жогорку оң бурчунда жардам баскычы бар. Мисалы, Microsoft Office 2013 Жардам менюсу бар. Ал суроо-белгиси болуп турат, аны басса Жардам менюсу ачылат.

Excel жардам баскычы

Жардам файлдарынын функциялары

Жардам файлдары ар кандай жол менен уюштурулат, мисалы мазмун, көп берилүүчү cуроолор жана дайындар базасы катары.

Office 2013 Жардам экранын ачсаңыз, издөө кутусу чыгат. Издөө системасы сыяктуу эле, сиз издөө тилкесине ачкыч сөздөрдү тересиз жана сизге тиешелүү жыйынтыктарды аласыз.

Excel Жардам кутучасы

Mozilla колдоо бетинде категориялардын калың тизмесиндеги мазмун чыгат. Бул гипершилтемелерди чыкылдатсаңыз атайын жардам макалалары жана темалар кенен айтылып берилет. Жогорку оң бурчта да издөө тилкеси бар.

Firefox жардам бети

Камтылган жардам пайдалуу болушу мүмкүн болсо да, ал ар дайым сиз каалаган маалыматка ээ эмес. Эгер сиз издеп жаткан нерсе табылбаса, же табылган нерсенин маанисин түшүнүнбүй жатсаңыз, сиз билген бирөөдөн сурап, Google издөө кылып же программа кызматкерлеринен сурашыңыз керек. Бул бир аз көбүрөөк убакытты жана күч-аракет талап кылышы мүмкүн, бирок өз алдынча көйгөйлөрдү чечүү - абдан баалуу көндүм, жана канча практика көп болсо, ошончо тажрыйбалуу болуп каласыз.

/en/tr_ky-computer-basics/-new-program/content/