Графикалык дизайн негиздери: Сүрөттөр (Images)

Lesson 4: Сүрөттөр (Images)

/en/tr_ky-beginning-graphic-design/-layout-composition/content/

Сүрөттөрдүн күчү

Сүрөттөр дизайнда бир кубаттуу күч боло алат. Темасы кандай гана болбосун, биз аларды табигый түрдө тартканбыз. Татынакай, жогорку сапаттуу сүрөттөрдөн баштап кылдаттык менен иштелген сүрөттөр, адатта, биздин көзгө биринчи урунат.

PowerPoint слайд - кайырмак менен балык

Бирок, сүрөттөр жасалгалоо үчүн гана эмес. Дизайнда алар көрүүчүнүн көңүлүн бурган илмектер. Ынанымдуу көргөзмөлөр көрөрмандар менен байланыш түзүүгө жардам берет, ошондой эле, алар бир сөздү да окуй электе күчтүү таасир калтырат.

Сүрөттөр жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн видеону көрүңүз.

Сүрөттөрдү табуу

Ишиңизде сүрөттөрдү колдонуу үчүн сүрөтчү болуунун зарылдыгы жок. Анын баары бир аз чыгармачылык жана эркин ой жүгүртүүнү каалоо болуп саналат. Туура ресурстар менен, сүрөттөрдү өз-өзүнчө коюуга үйрөнө аласыз. Биринчиден:дээрлик долбоордун ар бир түрү боюнча жогорку сапаттагы сүрөттөрдү табуу.

Коммерциялык-сүрөт тор

Коммерциялык сүрөттөрдү колдонуу

Балким, сиз камера же кээ бир дизайн менен иштөө тажрыйбаңыз мыкты. Эгер болбосо, кабатыр болбоңуз. Сансыз онлайн булактарда ушул максатта сүрөттөрдү сунуштайт.

Коммерциялык-сүрөт сайты

Чынында, көпчүлүк адамдар (анын ичинде професионалдар да) акысыз же арзан баадагы сүрөттөргө ишенишет. Коммерциялык сүрөттөр сизге өзгөчө бир нерсе керек болгондо сонун болот, бир кичинекей ит ит аякта сыяктуу же сизде убакыт жок же өзүңүз түзгөнгө ресурстар жок.

чөйчөктөгү күчүктүн сүрөтү

Таасирдүү комерциялык сүрөттөрдү тандоо

Көпчүлүк коммерциялык-сүрөт сайттар сунуштарын карап чыкканга же издөөгө мүмкүндүк берет. Сиздин долбоорго тиешелүү, бирок, кандайдыр бир жол менен өзгөчө резултаттарды издеңиз.

Коммерциялык-издөө натыйжалары

Бул мисалда, саякат деген сөздү изилдеп чыктык. Төмөндөгү сүрөт эң жакшы тандоо боло алат, себеби ал чебердик менен түшүнүк берет анткени жеке сезимге ээ.

саякат баштыгы менен кыз

Көрүүчүлөрдөй эле, биз табигый ишенимдүү тартылган сүрөттөрдү жана бир окуяны айтып жаткан сыяктуу сүрөттөр тартылып жатышат. Мыкты сүрөттөр кандайдыр бир деңгээлде аяктабай калат. Алар долбоорго стилин түзүп бирок чечмелөөгө орун калтырышат.

Сүрөт жана көркөм мисалдар

Кээ бир комерциялык сүрөттөрдүн сүрөттөлүшү натыйжалуу болуш үчүн жалпыланат. Мисалы, канча жолу төмөнкү сүрөттөр сыяктуу нерсе менен бизнес сунуштоону көрдүңүз эле?

эскирип кеткен биргелешкен графикасы

Бир кыйла заманбап професионалдык дизайын үчүн контекстти жетишпеген же мааниси боюнча так эмес дизайындарды колдонуудан алыс болуңуз. Анын ордуна, образдуу ишиңиз менен байланышкан сүрөттөрдү издеңиз, чебер ,кылдат жол менен.

бирге иштеген кызматташууда

Сүрөт колдонуу укуктары

Дээрлик ар бир коммерциялык сүрөттүн лицензиясы бар, аны кантип пайдаланууга боло турганы жөнүндө. Кээ бирөөлөрү өтө айкөлдүк менен ордуна бир аз алышат, же эч нерсе сурабайт. Башкаларында көп чектөө коюлган жана ага баш ийбесе олуттуу мыйзам чегинде жоопко тартышы мүмкүн.

Комерциялык сүрөттү колдонуунун алдында, билишиңиз керек, аны менен байланышкан лицензияны (эгер так түшүндүргөн эмес болсо, кээ бир изилдөөлөрдү жасашыңыз керек) түшүнүү керек. Эгер лицензия сүрөттүн бир катар тизмесинде жок болсо, коммерциялык сүрөт камсыздоочунун саясатын же көп берүү суроолорунан эки сыйра текшериңиз.

Жалпы пайдалануу укугу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, биздин сабактарды караңыз сүрөттөрдүн атайын маалыматтарына барыңыз. Сүрөттөр боюнча атайын маалымат алуу үчүн StockPhotoRights.com .

Сапатын маанилүүлүгү

Албетте, бул жөн гана мазмуну тууралуу эмес. Сүрөттөрдүн техникалык жактары да дизайынга чоң таасир этиши мүмкүн . Сиз тандаган сурөт абсолюттук түрдө кынтыксыз болсо да, анда ал эч кандай мааниге ээ эмес болот. Эгер ал бүдөмүк же пикселдик эффект болсо, анда ал туура эмес таасир бериши мүмкүн.

Пикселденген маркетинг катчысы

Жогорку сапаттагы сүрөттөрдү курч, ачык-айкын жана акысыз бурмалоого боло тургандарды издеңиз. Негизинен чоңураагы ошончолук жакшы болот себеби аны менен көбүрөөк иштейсиз. Чоң, жогорку чечим сүрөт- кесилиши мүмкүн же көлөмүн азайтылат, долбоордун муктаждыгына жараша.

сүрөттү кичирейтүү

Тилекке каршы, ал башка жол менен иштебейт. Эгер сиз кичинекей сүрөттү чоңойтсоңуз, же баштапкы өлчөмүнө караганда чоңураак кылсаңыз, анда сапатында байкаларлык жоготуу болот. Сүрөт төмөндө көрсөтүлгөндөй эле, бүдөмүк / же бурмаланган болуп калат.

сүрөттү чоңойтуу

Растер жана вектор

Кичинекей сүрөттөрдү чоңойтууда сапатын жоготуусунун бир себеби бар. Себеби алар миңдеп кээде миллиондоп кичинекей пикселдер менен жасалат. Сүрөттүн бул түрү боюнча сөз растер болуп саналат.

пикселдин илюстрациясы

Качан растер сүрөттүн баштапкы же кичирээк өлчөмүн кароодо пикселдер көрүнбөйт. Аларды көрүү өтө эле кичинекей болот. Сиз масштабды өзгөртүүдө же сүрөттү чоңойтууда, алар даана көрүнүп калат.

 пиксел боюнча масштабды өзгөртүү

Вектор графикалары растерден бир топ эле башкача. Алар менен сапатын жоготпостон, аларды ар кандай өлчөмдө, чоң же кичине кылып жасай аласыз. Төмөндө көрсөтүлгөндөй, сүрөт чоңойтулган, эч кандай pixelation жок эле.

вектор илюстрациясы

Себеби пикселдерге караганда векторлор татаал нерселерден жасалган. Алар геометриянын өзгөчө түрүн колдонгонун көрсөтөт. Вектор графикаларды професионалдык дизайн орнотуулардан тышкары табууга мүмкүн эмес, бирок ал бар экенин билип алган жакшы.

вектор упайлары

Сүрөттөрдүн чыгарылышы

Бир нече коммерциялык сүрөттөр идеалдуу, техникалык жактан жогорку сапатта болсо дагы. Балким, сүрөт туура эмес көлөмдө же түстөр бир аз ишти талап кылышы мүмкүн. Бактыга жараша, ал тургай, негизги программалар, жөнөкөй орнотууларды жасоого жол берет. Кийинчерээк бул параметрлерди бекемдөөнү же сүрөттү жакшыртууну издеңиз.

Сүрөт PowerPoint үчүн түзөтүлдү

Сүрөт чыгарылышы менен жакыныраак таанышуу үчүн, биздин сүрөттү түзөтүү 101 кеңешмени окуңуз.

Кесүү

Кесүү көптөгөн ар кандай жагдайларда, сүрөттүн өлчөмүн өзгөртүүдө, форма, же сүрөткө фокус жасоодо пайдалуу.

илюстрацияны кесүү

Сиздин графика туура эмес өлчөмдө болсо, же эгер бир нерсени кесип салуудан турса анда бул мүнөздөмөнү колдонгонго аракет жасаңыз., .

кишини кесип салуу

Өлчөмдү өзгөртүү

Сүрөттүн өлчөмүн өзгөртүү долбоорду ишке ашыруу үчүн толук татыктуу экенин камсыз кылат. Сүрөттүн сапатына таасир этпей туруп анын алгачкы өлчөмүнөн чоңураак жасай албашыңызды унутпашыңыз керек.

өзгөртүү илюстрациясы

Эгер сиз иштеп жаткан сүрөт жетиштүү чоң эмес болсо, анда дагы башка бир нерсени тандап алган жакшы. Сүрөттүн өлчөмү менен иштөө үчүн бир чыгармачылык жолду таап алыңыз. Төмөндөгү мисалда, портретти чоңойтуунун ордуна, арткы пландагы фонду коштук.

өзгөчө сүрөт менен

Башка ылайыктоолор

Косметикалык өзгөрүүлөр белгилүү сүрөттүн сапатын жакшыртууга, анын ичинде ачык түстүүлүгүн, контрасттын толтурулушу жана түстүү бир сүрөттөлүштөрдү.

Сүрөттү биринин артынан бирин ылайыктоо

Эгер сүйүктүү программаңыз чыпкаларды же дайындамаларды сунуштаса, бир аз убакыт жана күч менен сүрөттү кескин түрдө өзгөртө аласыз.

Сүрөт чыпкасын колдонуу

Баарын бир жерге бириктирүү

Сүрөттөрдү, графикаларды жана башка көргөзмөлөрдү ишиңизге кошуу, аны андан да кызыктуу кылуунун бирден бир жолу. Ал тургай, жөнөкөй фондогу сүрөт сиздин дизайынды өзгөчө бир нерсеге айланта алат.

сүрөттөр жана графикалар китепчеси

Сүрөттөлүштө сапат жөнүндө эмнени үйрөнгөнүңүздү, техникалык жана консептуалдык жактан, жана ишиңиз оң себептерден улам чыгып жатканы эсиңизде болсун.

сапаттуу барагы менен брошюранын мукабасы

Сүрөттөрдүн негиздерин үйрөнүү сизге жакты деп ишенебиз!

/en/tr_ky-beginning-graphic-design/-fundamentals/content/