Компьютерде иштөө негиздери: Программаны кантип жаңыртса болот? (Update)

Lesson 10: Программаны кантип жаңыртса болот? (Update)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/wifi-/content/

Программаны кантип жаңыртса болот?

Интернет коопсуздугу үчүн программаңызды жаңыртып туруу өтө маанилүү болуп саналат. Көпчүлүк программалар жаңыртууларды автоматтык түрдө аткарышат, бирок сиз жаңыртууларды текшерүүнү жана бул процессти кантип баштаарды билишиңиз керек. Программаларды жаңыртып турууну билүү - компьютериңиздин туруктуу жана коопсуз иштешине жана жаңы функцияларды билип турууңузга жардам берет. Бул сизди күчтүү колдонуучу, керектүү маалымат ээси болууга жардам берет.

Сиз Интернет коопсуздугу жөнүндө көбүрөөк бул жерден биле аласыз.

Операциялык тутумуңузду жаңыртуу

Операциялык тутумузду жаңыртып туруу - өзүңүздү вирустардан, malware жана башка Интернет коопсуздугунун коркунучтарынан коргонуп турууга жардам берет.

Windows

Windows'ту жаңыртуу үчүн, адегенде Башкаруу панелин ачыңыз. Сиз Башкаруу панелинин кайда экенин билген эмес болсоңуз, анда бул Windows негиздериндеги сабакты карап көрүңүз. Башкаруу панелиндеги издөө тилкесине "жаңыртуу" деп жазыңыз. Windows Жаңыртуунун астынан "жаңыртууларды табуу" баскычын басыңыз.

Windows жаңыртууларынын астында, "жаңыртууларды" текшерүү баскычын чакылдатуу

Жаңыртууларды издөө үчүн Windows үчүн бир аз убакыт талап кылынышы мүмкүн. Издөө бүткөн соң кандайдыр бир жаңыртуулар жеткиликтүү болсо система сизди ал жаңыртууларды орнотууга сунуштайт

Жаңыртууларды орнотуу баскычын басуу

Ал бардык жаңыртууларды орнотуу үчүн бир аз убакыт талап кылынышы мүмкүн. Эми компьютериңиз бүткүчө башка иштериңизди кыла берсеңиз болот. Ал бүткөндөн кийин, Windows, балким, компьютерди өчүрүп-күйгүзүүнү сунуштайт. Мындан сырткары бир нерсе жасашыңыңыз керек болсо Windows сизге айтат, андай болбосо сиз программаны жаңырттыңыз!

Mac OS X

Mac OS X жаңыртуу үчүн, App дүкөнүн ачып, жогору жагындагы жаңыртуулар баскычын чакылдатыңыз. OS X жаңыртуулары жеткиликтүү болгон жаңыртуулар тизмесинин башында болот. Экрандын оң жагында, айрым колдонмолорду же жеткиликтүү бардык колдономолорду жаңыртуу үчүн баскычтар бар.

Mac App Дүкөнүнүн жаңыртуу бети

OS X жана колдонмолор үчүн Apple компаниясынын жаңыртууларды кантип текшерүү керек деген сонун колдоо бети бар .

Колдонмолорду жаңыртуу

Көп колдонмолор үчүн үзгүлтүксүз жаңыртуулар коопсуздук тутумун жаңыртууга караганда жаңы функцияларды жана туруктуулукту камсыздайт. Бирок, интернет-серепчилер жана антивирус программалары үчүн коопсуздук жаңыртуулары операциялык тутум жаңыртуулары сыяктуу маанилүү болуп саналат.

Сиз ачканда OS X жана Windows'тогу көп колдонмолор жаңыртууларды автоматтык түрдө текшерет. Колдонмо Apple дүкөнүнөн же башка бөлүштүрүү сайты аркылуу орнотулган болсо, ал жаңыртуулар тууралуу эскертүү берет. Өз алдынча программалар үчүн алардын Менюсун изилдеп көрүңүз жана жаңыртууну орнотууну үйрөнүңүз.

Мисалы, Avast! Акысыз Антивирусунда, Жөндөөлөр экранында Жаңыртуу баракчасы бар.

Avast вирус аныктамаларын жаңыртуу!

Бирок, Firefox браузеринде, "Жардам" менюсунда "Firefox жөнүндө" экраны жаңыртууларды текшерет.

Firefox жөнүндө баскычын басуу

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-background/content/