Компьютерде иштөө негиздери: Түзмөктү кантип өчүрүп-күйгүзүш керек (Power Cycle)

Lesson 14: Түзмөктү кантип өчүрүп-күйгүзүш керек (Power Cycle)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-printer/content/

Түзмөктү кантип өчүрүп-күйгүзүш керек

Эгер үйдө компьютериңиз бар болсо андан башка жок дегенде андан өзүнчө иштеген түзмөгүңүз болсо керек. Бул модем, зымсыз роутер, же принтер болушу мүмкүн. Бул түзмөктөр мезгил-мезгили менен иштебей калышы мүмкүн, жана эмне үчүн иштебей калганы дароо түшүнүктүү болбойт.

Бир нерсе иштебей калды деп чечүүдөн мурда сиз ал түзмөктү өчүрүп жана күйгүзүп көрүңүз. Ушинтиш үчүн ал түзмөктү өчүрүп, кайра күйгүзүп көрүү керек. Бул түзмөктү баштапкы абалга келтирет, көптөгөн жөнөкөй көйгөйлөрдү чечсе болот.

Каалаган түзмөктү өчүрүп-күйгүзүү кадамдары:

  1. Түзмөктү өчүрүү жана түзмөктү токтон сууруу.
    түзмөктү токтон сууруу
  2. Жок дегенде 30 секунд күтүңүз
    сааттын артка саноо таймери
  3. Түмөктү токко сайып, аны күйгүзүңүз. Түзмөктү өчүрүп-күйгүзүү үчүн ушул эле керек. Эми туура иштеп башташы керек. Эске салчу нерсе: эгерде интернет түзмөгүн, мисалы модемди өчүрүп-күйгүзүп жатсаңыз, жок дегнде бир мүнөт убакыт керек.
    Түзмөктү кайра күйгүзүү

Дагы бир эскертүү: эгерде бирге иштеген түзмөктөрдү өчүрүп-күйгүзүп жатсаңыз, аларды бир учурда өчүрүп-күйгүзүүңүз керек.

Өчүрүп-күйгүзүү менен ири көйгөйлөрдү чечүүгө болбойт. Бирок, туура иштебей жаткан түзмөктү алгач ушундай ыкма менен аракет кылып көрүңүз. Өчүрүп-күйгүзүү менен көйгөй чечилбесе анда башка бузулууларды аныктоонун жардамы менен аракет кылыңыз. Биздин негизги бузулууларды аныктап оңдоо ыкмаларын карап көрүңүз.

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-startup/content/